// //

Карантин сактабасак, коронавирус заматта жайылат, Түштүк Кореянын мисалы

2020.03.23, 18:14
2783

2020-жылдын 23-мартында берилген маалыматка ылайык, Түштүк Кореяда 9000 миң киши коронавирус жуктурушкан. А бирок мындан аз болушу керек болчу.

Февраль айынын соңунда он күндүн ичинде кырдаал кескин өзгөрүп, ооруга туш болгондордун саны 100 эсе көбөйгөн.

Бир заматта 3000 киши ооркунага жаткырылган.

Эмне болду эле анчалык, деп кызыксаңыз керек?

Түштүк Кореяда вирусту биринчилерден болуп 35 жаштагы келин жугузган. Ал 20-январда Кытайдын Ухан шаарынан мекенине кайтып келген экен. Дароо изоляцияга алынып, кийинки төрт жуманын ичинде Түштүк Кореянын бийлиги вирусту бекем көзөмөлдөп турган. Жугузгандардын саны 30 кишиден ашкан эмес.

Бирок 31 бейтаптын пайда болушу менен кырдаал кескин өзгөргөн.  Ал вирусту кандайча жугузганы белгисиз, бирок диагноз аныкталганга чейин ал Сеулдан Тэгу деген кичинекей шаарчага барган. 6-февралда чакан жол кырсыгына туш болуп, ооруканага барып көрүнгөн.

Бир жуманын ичинде эки ирет (9- жана 16-февралда) чиркөөгө барып, базар күнү өткөрүлө турган сыйынуу иш чарасына катышкан.

15-февралда дене табы көтөрүлөт, дарыгердин тестти тапшырып коюу сунушунан баш тартып, жергиликтүү кафеге курбусу менен барат. 17-февралда анын абалы өтө начарлап кеткенине байланыштуу, тест тапшырууга аргасыз болот. Эртеси күнү диагноз такталат.

Бир нече күндүн ичинде Кореянын Ооруларды көзөмөлдөө жана аныктоо борбору 9300 бейтапка коронавирус жукканын билдиришет. Алардын бардыгы жогруда айтылган аял менен контакта болушкан. Чиркөөдө болгон сыйынуу иш чарасында, ооруканада, отелде жана кафеде.

Мындай окуя бирөө гана эмес. Көпчүлүк жүргөн жерлерге барып, башкаларга жугузган учурлар дүйнө жүзү боюнча көп ирет кайталанып жатат.

Вирус адамдар жык толгон жана узак убакытка чейин бири-бирине жакын турган жерлерде тез тарайт. Бир эле адам бир контакт учурунда кеминде 2 адамга жугузат. Ошентип адамда-адамга өтүп жүрө берет.

Орто эсеп менен бир киши 1600 кишиге ооруну таратышы мүмкүн!

Ошондуктан карантинди өз шарты менен сактап үйдө болгула!

Маалымат бул жерден алынды.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт