// //

Коронавирус оорулуунун заңы аркылуу жугабы? Көп берилген 7 суроого жооп

2020.03.24, 13:07
2471

COVID-19 коронавирусу тууралуу көп берилген суроолордун айрымдарына жооптор. 

1. Оорулуу адамдын заңы аркылуу COVID-19 коронавирусун жуктуруп алышым мүмкүнбү?

Оорулуу адамдын заңы аркылуу COVID-19 коронавирусун жуктуруп алуу тобокелдиги аз. Алдын-ала жүргузүлгөн изилдөөлөрдүн маалыматтарына караганда, коронавирус жуктуруп алган адамдын заңында вирус кездешүүсү мүмкүн, бирок баары бир бул жол аркылуу жуктуруу механизми башкы ролду ойнобойт. Демек, оорулуу адамдын заңы аркылуу жукпайт экен деп, бул тобокелдикти четке түртүп койгон дагы болбойт. Бул нерсе ар дайым дааратканага баргандан кийин колду тазалап жууп тууруу керек экенин тастыктайт. 

2. Мурдумду бат-баттан туздун эритмеси менен чайкап турсам короновирус жукпайбы?

Жок. Мурунду бат-баттан туздун эритмеси менен чайкап туруу коронавирустан коргойт деген илимий далил жок. 

3. Денемди хлор же спирт менен сүртүп турсам болобу?

Жок. Денени бул заттар менен сүртүү организмге кирип кеткен вирустарды өлтүрбөйт, кийимдерге жана көз сыяктуу былжырлуу чел кабыктарга зыян келтириши мүмкүн. Спирт жана хлор сыяктуу заттар нерселердин бетин дезинфекциялоодо эффективдүү каражат, болгону атайын эрежелерди сактоо керек. 

4. Электр кол кургаткыч коронавирусту өлтүрөбү?

Жок. Бул прибор COVID-19 коронавирусун өлтүрбөйт. 

5. Күн ысыганда эпидемия жоголот деген чынбы?

Коронавирус респиратордук оору болуп саналат. Күндүн жылышы менен оорунун төмөндөшү (жоголуп кетиши эмес) мүмкүн, бирок күзүндө кайра кайтып келиши күтүлүүдө. Коронавирус ысык же нымдуу климаттык шарттарга карабастан, бардык аймактарда жуга берет. 

6. Витамин, алкоголь, сарымсак, оозду сода менен чайкоо, оксолин мазы жардам береби?

Коронавирустан витамин, алкоголь, сарымсак, оозду сода менен чайкоо, оксолин мазы жардам берет деген илимий далилдер жок. Булар вирустан коргонуу каражаты болуп бере албайт.

7. Маскалар жардам береби?

Маскалар оорубайсыз деген кепилдик бербейт. Масканы чөйрөгө түрдүү биологиялык заттарды таркаткан оорулуу, жөтөлгөн, чүчкүргөн адам тагыныш керек. Себеби бул заттар оорулуу адамдан төрт метрге чейин ыргыйт. 

Эгер маска сатып ала турган болсңуз, анда эсиңизде болсун:

  • Үч кат бир жолу колдонулуучу хирургиялык маскалар вирустан коргойт. 
  • N-95 же N-99 респиратордук маскалар милдеттүү эмес.

Маалымат бул жерден алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт