// //

Коронавирустан сактанууда эң пайдалуу кеңеш – жеке карантин

2020.03.19, 13:39
2122

Эппидемия жүрүп жатканда, эң туура чечим - бул өзүндү өзүң изоляциялоо, башкача айтканда үйдө отуруу. Бул эреже учурда Кыргызстан үчүн да актуалдуу.

Карантин – бул эпидемиялык ооруга туш болгон же оорулуулар менен контакт болгон адамдардын коомдон убакытлуу изоляцияга алынышы.

Бүгүнкү күндө республика боюнча кандай болбосун массалык иш чараларга тыюу салынды. Башкы өлкөлөргө чыгууга да уруксат берилбейт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ооруксунуунун бир аз белгилерин байкасаңар эле үйдө калууну сунуштап жатат. Бул рекомендация дени сак адамдарга да тиешелүү. Себеби жеке карантин вирустун элге тарашына тоскоолдук кылган эң жөнөкөй жана эффективдүү ыкма болуп саналат. Өзүңүздү эле эмес, жалпы коомго кам көрүп жаткан болосуз.

Эгер бул эрежени тоотпой, мурункудай жашоону уланта берсек, жумушка, кафеге барып, массалык иш чараларга катышсак, анда биздин өлкөдө COVID-19 вирусун жугузган адамдардын саны болуп көрбөгөндөй көп болот.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, коронавирусту жугузгандан кийин алгачкы белгилер орто эсеп менен 5-6 күндө байкала баштайт. Мындайда адам билбестен эле башкалар менен жолугушуп, сүйлөшүп жүрө берет. Вирусту жугузуп жатканын аңдабайт.

Учурда кишилерде коронавируска каршы иммунитети жок. Ошондуктан ооруган адам менен болгон кенедей контакт дагы вирусту жугузуп алууга шарт түзөт.

Өзүңдү өзүң изоляция кылуунун максаты эмне?

Тайвандагы COVID-19дун тарап кетүүсүнө анализ жүргүзүлүп, мындай жыйынтыкка келишкен. Коронавирустун күчөп кетүүсүн алдын алуунун негизги жолу - бул инфекцияга туш болуудан максималдуу түрдө коргонуу. Жалпы карантин Кытайда жана Италиядагыдай вирустун ашыкча тез тарап кетүүсүнөн коомду сактайт.

Эгер өкмөт, саламаттыкты сактоо уюму берген тиешелүү рекомендацияларга көңүл бурбасак, анда биздин саламаттыкты сактоо системасы ооруга туруштук бере албайт. Аталган илдеттен каза болгондордун саны көбөйөт.

Экономикасы жана медицинасы күчтү делген мамлекеттер да ооруга туш болгон адамдардын бардыгына орун бөлүп, тейлөөгө жетишкен эмес. Мисалы Германия 28 миң орун интенсивдүү терапия үчүн дарядаган. Анын ичинен 23 миңи өпкөнү жасалма вентиляциялоо аппаратына кошулган. Учурда ал орундардын бардыгы бош эмес.

Кыргызстанда коронавирус күчөй турган болсо, биздин медицина бардыгын тейлеп жетише албагандыгы турган иш. Өзүңдү өзүң изоляциялоонун негизги максаты, вирустун жайылып кетүүсүн алдын алуу. Мындайда медиктер оору жугузган адамдарды кабыл алып, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүп, бейтаптардын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Түшүнүктүү болушу үчүн мисал келтирели:

Ошондуктан өкмөт мамлекетти толугу менен карантинге өтүүсү боюнча жарыя кыла элек болсо деле, колдон келишинче үйдө болгон оң. Алдын ала азык-түлүк камдап алууну унутпаңыз.

Үйдө болгонуңарда, кадимки физикалык көнүгүүлөрдү жасап, көбүрөөк суюктук ичип туруңуз. Өзүңүздү жаман сезсеңиз, дарыгерди үйгө чакыртыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Маалымат kaktus.media сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
24.03.2020, 01:20

Саламатсызбы, менин куйөмдуку кошулгандан кийин бир жолу бутурот, кайра кылгысы келет бирок турушу кыйын ошол эмнеден болот жооп берип койунуз сураныч коптон бери ушул суроону бере албайбыз озу дагя тартынып врачтарга барбайт,?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт