// //

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

2019.11.28, 15:39
12360

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул мырзанын катында тойдогу ысырапкорчулук тууралуу айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

"Тойго деп эки жылкы, бир уй, алты кой сойду"

Төгүлүп жаткан шорпону көрүп, башымды чайкап өтүп кеттим. Көчө иттери жыргады го, аттиң!

Кошунам быйыл жалгыз уулун үйлөдү. Жакшы турушат. Той реcторанда өттү. Кошуналардын көбү ар кайсы шылтоону айтып барышкан жок. Анан кантсин бечаралар, кошумчасы эле жүз доллардан жогору болуп жатса. Баргандары ооздору ачылып келди. Укмуш болду дегенден башка сөзгө жарашкан жок.

Жакшылык –жамандыктар үчүн беш жүз сомдон ражабыз бар. Тойдон кийин кешик ооз тийгиле деп үйүнө чакырды. Ресторанга барбагандар тамагын ичип келдик.

Тойго деп эки жылкы, бир уй, алты кой сойду. Кошуналар барып жардам бергенбиз. Чоң жиликтер эле баркталбаса, майда-чүйдөсү биз алып кеткенден кийин да, жерде тепселенип жатты. Иттери да жакшынакай эле жиликтерди жеп жүрдү. Кошунабыздын ушунча ысырап кылып жатканын көрүп бир учур эсиме түштү.  

Экөөбүз базарлап жүрүп жолугуп калганбыз. Мени үйгө ала кетмей болду. Жол чырактан токтоп калдык. Колуна ымыркай көтөргөн бир селсаяк аял келип акча сурады. Жанымдагы тыйындарды санап жатсам, кошунам күтүп турбай машинасын айдап кетти.

- Жоке, токтой турсаң болмок.

- Берип эмне кыласың, эртең эле кайра сурайт, булар оңолбойт.

- Жок дегенде бүгүн курсагы ток болот эле дейм да.

- Койчу ай, “Мать Тереза” болуп кетсең да.

Тойдогу видеолорун карасам жүз долларды жөн эле бийлеп жаткандарга кыстарып жатыптыр. 

Жумуштан келаткам. Кошунам уулу менен чоң казандагы шорпону шалп эттире көчөдөгү бактын түбүнө төгүп салды. Ал казан жок эле дегенде 125 литрлик.

- Иштериң жакшыбы Жоке.

- Жакшы.

- Көчөгө шорподон көл жасап жатасыңбы?

- Ха,ха,ха. Ачып баштаптыр. Иттер ичип коет.

Кошунамды жамандайын деген ниетим жок. Той берели. Бул кыска өмүрдө жакындар менен жолугушуп, көңүл ачып да туруу керек. Болгону ысырапкорчулукка жол бербесек кантет. Кандай ойлойсуңар?

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем "биздин каныбыз" деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт