// //

Репродуктивдик тармактагы суроолорго жооптор

2018.06.08, 17:43
20781

                                           

Bilesinbi.kg долбооруна ар тараптуу суроолор келип төшөт. Көпчүлүгү ден-соолукка анын ичинен интимдик жашоого, гинекологиялык, урологиялык ооруларга байланыштуу.

Суроолорго уролог Нурбек Монолов жооп берет:

  • Жашым 19 да. Заара чыгарганда жыныстык мүчөмдүн учу ооруп жатат. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?

Урматтуу окурман, гигиенанын туура эмес сакталышынан улам заара чыгаруучу түтүккө инфекция кирип кетиши мүмкүн. Инфекция жыныстык кошулууда сактануу болбосо дагы жугат. Заара бөлүп чыгаруудагы ооруларды дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт. Дарылоодо врач сунуш кылган режим жана диетанын мааниси чоң. Ошондой эле туубаса оорунун белгиси болушу дагы ыктымал. Ооруну күчөтпөй же өнөкөт түрүнө өткөрбөй дарыланууну сунуш кылам.

  • Эркектердин жыныстык мүчөсүнөн кан чыгышы мүмкүнбү? Эмне себептен чыгат, зыяны кандай?

Кандын чыгышы толук мүмкүн. Себептери абдан көп. Мисалы: ооруну жаратуучу микробдордун кирип кетиши, аномалия, жаракат алуу жана рак илдети. Мындай учурга көз жумуп коюуга болбойт.

  • Эркектик мүчөмдө варикоз бар. Май дарыларын (мазь) сүйкөп жок кылса болобу?

Варикоздон операция жолу менен гана арылууга болот. Май дарыларын сүйкөгөндө жардамын бербейт.

  • Жашым 23тө. Жыныстык катнаш учурунда уруктугум бат эле түшүп калат. Эмне кылышым керек же кандай дары ичсем болот?

Бул жерден мындай дары ич деп сунуштай албайбыз. Ар бир адамдын оорусуна ар башка себептер болот, себебин табып алып анан дарыланууну баштайт. Андыктан сиз урологго текшерилип ошол жерден консультация алганыңыз жакшы болот.

Суроолорго Уролог-андролог, сексолог Мирлан Айбашов жооп берет:

  • 27 жаштамын. Полюция деген нерседен кантип арылса болот? Ал эмне себептен пайда болот жана бардык эле эркектерде болобу? Күндө эле ич кийим алмаштыра берип тажап кеттим.

Урматтуу окурман, сиз жыныстык катнашта болосузбу жана бир жумада канча жолу барасыз маалымат бере кетсеңиз жакшы болоор эле. Эгерде бат-баттан жыныстык катнашта болсоңуз, плюция нервге байланыштуу болот. Дагы бир себеби - урук көбүкчөлөрүнүн жана урук безинин сезгенүү оорусунан болушу мүмкүн. Биринчи урологго барып анализ тапшырасыз, эгерде жыйынтыктары жакшы чыкса анда психоневрологго кайрылууңуз керек.

  • Жумушума байланыштуу аялым менен көпкө кошулбай жүрө берсем зыяны жокпу?

Сиз кандай жумушта иштейсиз? Канча жаштасыз? Толук маалымат берсеңиз жакшы болмок. Негизинен эркек киши 28 жашка чейин жумасына 5-8 жолу, 28 жаштан өткөндөн кийин 3-5 жолу жыныстык катнашка барып турушу зарыл. Жыныстык катнаш менен жашап турган жакшы, простата безинде кан айланып турат. Эгерде жыныстык катнаштан баш тартып койсо, кийин тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Кан айланбай туруп калып, простатитти пайда кылат, сезгенүү жаралат. Сезгенүү пайда болсо, алсыздыкка алып келет, уруктар азаят.

  • Менде варикоцел бар экен. Эмне кылсам болот?

Варикоцел-эркек жумурткаларынын кан тамырларынын кеңейип кетиши. 14 жаштан башталат. Жумурткалар венасы бөйрөк веналарынан келип түшөт. Бөйрөк венасында катуу кан басым болгондо, клапанга болгон агым бузулуп, жумурткада кандар калып калат. Натыйжада кан айлануулар бузулуп, жумуртка температурасы көтөрүлүп, тукумсуздукка, гипоплазия сыяктуу дарттарга алып келиши мүмкүн. Себептери абдан көп, бөйрөккө суук тийгенде, кисталар, шишиктер пайда болгондо жаралат. Варикоцелдин үч баскычы болот. Биринчисинде сыртынан караганда оору байкалбайт. Экинчисинде эрекция учурунда гана билинет. Ал эми үчүнчүсүндө болсо жөн учурда дагы, эрекция учурунда дагы билинет. Айрым учурларда кан туруп калгандай болуп уюп ыңгайсыздык жаратат. Негизинен белгисиз болуп өтөт. Варикоцелден операция жолу менен гана арылууга болот. Убагында дарылабаса тукумсуздукка алып келет.

  • 21 жаштамын. Бел суумду мастурбация аркылуу кылып келем. Азыр жыныстык катнашка барууга каалом жок. Эмне кылсам болот?

Өзүн-өзү канаттандыруу же болбосо мастурбацияны узак убакытка чейин кылуу онанизим оорусуна алып келет. Жаштайынан кылып көнүп калган балдарга кийин бул адатттан чыгуусу кыйын жана зыян. Нервге терс таасирин берип, уруктук жаткан простоторея сыяктуу ооруларга чалдыгып, простатит, импонтенция болуп калуу ыктымалы жогору. Кийин үйлөнгөндө, жыныстык катнаштан кумар ала албай, бекинип алып көнгөн адатын кыла берет. Андыктан сиз бул адатты таштаңыз жана сөзсүз урологго кайрылыңыз.

Суроолорго дарыгер-уролог Нурлан Эгетаев жооп берет:

  • Сенек (застойный) простатитти толугу менен айыктырса болобу?

Эгерде өтүшүп кете элек болсо, айыктырса болот. Простатит аз кыймылдуу жашоо образынан пайда болот. Андыктан, көп кыймылдап, муздактан абайлап, туура тамактаныңыз. Бир дарылангандан кийин баарын унутуп койбой, профилактика үчүн жылына бир-эки жолу текшерүүдөн өтүп туруңуз.

  • Оң бөйрөгүм өнөкөт оорусу менен жабыркайт. Кийин балалуу боло аламбы?

Сиз өнөкөт пиелонефрит тууралуу айтып жатсаңыз керек. Ооруса жана оорубаса дагы жылына анализ тапшырып, текшертип туруңуз. Туура тамактанып, дарыгердин айткандардын аткарсаңыз, балалуу болууга эч кандай терс таасирин тийгизбейт.

  • Стафилококк жыныстык канташ аркылуу жугушу мүмкүнбү?

Стафилококк микробдору адамдын ар кайсы жеринде болот. Алсак, ооз көңдөйүндө, ичегисинде, терисинде жана башка дегендей. Бул жерде өздүк гигиенаны сактоо керек. Болбосо заара бөлүп чыгаруу органдарына кирип кетип, сезгенүүнү пайда кылат.

  • Төшөктө алсызмын. Интернеттен буга жардам берчү ар кандай дарылар бар экен. Ошолорду ичсем болобу?

Сиздин дартты "эректилдик дисфункция" деп айтабыз. Эркектин жыныстык катнаштагы алсыздыгы. Биринчиден дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтүңүз. Интернеттеги дарылар классикалык варианттар менен берилет. Жүз пайыз кепилдиги жок, бирөөнө таасир берсе, айрымдарына бербейт. Өз алдынча физикалык көнүүгүүлөрдү жасап, көп кыймылдап, муздак жерге олтурбай, оор көтөрүүдөн алыс болуңуз. Убагында уктап, эс алыңыз.

  • Жыныстык мүчөмдөгү герпести кантип кетирсем болот?

Жыныстык мүчөңүздөгү герпести дарыгерге текшертиңиз. Кан анализин тапшырып, чыккан жыйынтыгына жараша дарыланасыз. Дарылануу узакка созулат, бир курстан айыкпайсыз.

  • Жыныстык мүчөм муздап калууда. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?

Бул простатит оорусунун белгилери. Сиз өтүшүп кете электе, тезинен дарыгерге кайрылыңыз. Текшерүүдөн кийин дарылоо курсунан өтөсүз.

  • 21 жаштамын. Канча жашымда үйлөнсөм болот? Үй-бүлө курганга чейин жыныстык катнашка бара берсем болобу?

Мусулманчылыкта үйлөнгөнгө чейинки жыныстык катнашка тыюу салынат. Бул туура, бир жагынан ар кандай жыныстык жактан жугуштуу оорулардан сактайт, экинчиден ийгиликсиз сексуалдык тажрыйбадан улам пайда болгон психологиялык бузулууну алдын алат. Жигиттерге үйлөнүү үчүн оптималдуу курак 23 жаштан жогору.

  • Жыныс мүчөм кичинекей. Балалуу боло аламбы?

Жыныс мүчөнүн өлчөмү балалуу болууга эч кандай таасирин тийгизбейт. Сиз мүчөңүздүн өлчөмү канча сантиметр экенин жазбаптырсыз. Эгерде 5-6 см болсо “микро пенис” деп диагноз коюлуп, дарыланат. Андан жогору болсо норма. Тукумсуздукка гипаспадия, аномалдык кемчиликтер таасир берет.

  • Уруктугумдун өңү өзгөрө баштады. Эмне кылышым керек?

Сиз урологго кайрылып, спермограммага жана жыныстык жактан жугуучу ооруларга анализ тапшырыңыз. Чыккан жыйынтыгына жараша дарыланасыз. Өз алдынча эч нерсе кылбаңыз.

  • Спорт менен көп машыгам. Жыныс мүчөмө терс таасирин тийгизбейби?

Жыныстык мүчөнү жабырката турган түрү болбосо, зыяны жок. Допинг, протеиндерди азыраак колдонуңуз. Болбосо организимде зат алмашуулар бузулуп, жыныс алсыздыгына алып келет.

  • 21 жашка чыккан жигит, жыныстык катнашта болгон эмес болсо, ден-соолугуна зыян эмеспи? Айтайын дегеним, акыркы күндөрү чыдабай жүрөм, жыныстык катнашка барууга көңүлүм бар. Бирок, күнөөлүү болгум келбейт, өзүмдү араң токтотуп коём. Үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнашка барсам болобу?

Урматтуу мырза, мусулманчылыкта үйлөнгөнгө чейинки жыныстык катнашка тыюу салынат. Бул туура, бир жагынан ар кандай жыныстык жактан жугуштуу оорулардан сактайт, экинчиден ийгиликсиз сексуалдык тажрыйбадан улам пайда болгон психологиялык бузулууну алдын алат. Кандай болгон күндө, дагы чечим өз колуңузда.

Суроолорго акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова жооп берет:

  • Гинекологго канча жаштан баштап текшериле берүүгө болот?

Кайсы жаштан болсо да туура болот. Кызды кырк күндөн кийин эле гинекологго текшерүүгө алып келип туруу зарыл. Азыркы убакта гинекологиялык оорулар жашарууда. 10 жыл мурда балдар гинекологунун кереги жок болсо, азыр ар бир медициналык борборлордо атайын штаттар бар. Менструация келгенден баштап сөзсүз гинекологго бир жылда бир жолу профилактикалык короодон өтүп туруу зарыл. Себеби жаш өспүрүм кыздарда төмөнкү оорулар көп катталууда: вульвовагинит, цистит, молочница, аменорея, менстуальный циклдын ооруп келуусу, бузулуусу. Текшерүүдөн өтүүгө апаңар менен барсаңар болот.

  • Мен азыр Москвадамын. 27 жумалык боюмда бар. Бул жактан мамлекеттик бейтапканага каттоого турдум. Кыргызстанга барып келишим керек болууда. Билишим боюнча учакка 24 жумага чейин гана боюнда барлар түшүүгө уруксат экен. Ичим чоң деле эмес, бош кийим кийсем билинбей калат. Учакка олтура берсем балага зыян эмеспи?

Урматтуу айым, учакка түшүүдө кош бойлууларга белгилүү бир жумага чейин гана болот деп чек койгондугун себебин билишиңиз керек. Алардын бири асмандан төрөп коюу коркунучу жогору болгондугунда. Эгер кокустан толгооңуз келип, төрөп баштасаңыз ал жерде жардам берүүгө шарттар жок, кыйналып каласыз. Балага дагы терс таасирин берет. Андыктан, жумушуңуз зарыл болбосо эч жакка учпай эле туруңуз. Ошол жактан төрөп, анан түшүңүз. Сиз учам деген күндө дагы, сизди учактан алып таштоого алардын укугу бар, бул мыйзамда көрсөтүлгөн.

  • 23 жаштамын. Аял киши качан турмушка чыкса туура болот? Азыркы убакта окуп жатам. Ажырашуулар көп болгондуктан, бир аз чочулап жатам.

Азыркы учурда үй-бүлө курууга 20-30 жашка чейин курак жакшы убакыт. Кайсы жашта чыгууну өзүңүз чечесиз. Эгерде билим алам, жумуш табам анан үй-бүлө курам десеңиз дагы бул сиздин жеке тандооңуз. Ата-эне жакшы жигит табылса, ошого чыгып алсын, бузулуп кетпесин деп жакшы тилектерди калап, кабатыр болот. Ооба, бул туура. Бирок ата-эне кызынын эртеңки күндө сөзсүз түрдө бактылуу жашап кете алаарына эч качан кепилдик бере албайт. Дүңгүрөгөн тойдон кийин деле ажырашып кетип жаткандары канча. Андыктан баары өз колуңузда, 23 жаш бул кеч эмес. Сизге жакшы адамга жолугуп, бактылуу болушуңузду каалайм!

  • Турмушка чыкканыма 3,5 ай болду. Врачка көрүнсөм жумурткалар кистасы деди. Өлчөмү чоңоюп кеткендиктен (6 болуп калыптыр) операция жасоо керек дейт. Башка дарыгер, операция кылбай эле дарыласа болоорун айтты. Кимисине ишеништи билбей калдым. Кистаны алдырсам балалуу боло аламынбы? Дарылап жок кылса болобу?

Урматтуу суроо берүүчү, сизге толук маалымат берүү үчүн, биринчи кистанын кайсы түрү экенин аныктоо керек. Кистанын дагы түрлөрү болот, кээ бирлерин операция кылуу керек болсо, айрымдарын антибиотиктердин жардамы менен дарыласа жакшы болуп кетет. Ошондуктан түрүнө жараша дарылоо жүргүзүлөт. Сиз өлчөмүнөн башка эч нерсе жазбаптырсыз. Убагында дарылап косоңуз, жакшы болуп кетесиз. Сизге кошумча бир канча суроолорум бар эле:

  1. Этек кириңиз акыркы жолу качан келди эле?
  2. УЗИге качан, этек кириңиз бүткөндөбү, ортосундабы же келээр алдында өттүңүз эле?
  3. Ичиңиз ооруйбу же оорубайбы?
  • 22 жаштамын. 15 жашымда велосипед көп тебээр элем. Бир жолу этек кирим келип жатканда узак, таштак жолдо тебүүгө мажбур болдум. Велосипедден түшкөндөн кийин жыныстык мүчөм бир аз ооруган. Ошондо кыздыгым түшүп калган жокпу деп, сарсанаа болгом. Учурда ата-энемдин жүзүн жер каратып албайын деп, турмушка чыкпай жүрөм. Сураныч, жооп берип коесуздарбы, кыздыгым түшүп калышы мүмкүнбү? Эч ким менен жыныстык катнашта болгон эмесмин.

Кызым, сен кыздык жөнүндө коркпой эле кой. Кыз деп кимди айтат билесиңби, жыныстык катнашта болбогон, өзүн жакшы алып жүргөн кызды айтат. Велосипедден жыгылып, жаракат болгон болсо, анда ал кокустук деп эсептелет. Өзүң айткандай эч ким менен болгон эмес экенсиң. Демек, кудай алдында сен тазасың. Сен кыздык жөнүндө толук маалымат алашың керек. Мисалы үчүн ал эмне, кайсы жерде жайгашкан, канткенде кан чыгат деген суроолорун билишиң зарыл. Сен турмушка чыгаар алдында же азыр деле гинекологго келип көрүнүп кетсең болот. Чындыгында сен кызсың, эч качан кабатыр болуп, ойлонбой эле кой. Кудай алдында таза болуп турсаң, ата-энеңдин жүзүн эмнеге жер каратышың керек. Бизде кан чыккан белги бул башка суроо. Кан кыздардын баарында эле чыга бербейт. Бул кыздык белгинин өлчөмүнө жараша болот. Кээ бир кыдардыкы туубаса чоң болот, кээ бирөөлөрүндө алган жаракаттан улам кан чыкпай калат. Андыктан сен гинекологго кайрылып, текшертип билип алсаң болот.

  • Менин боюмда болот, бирок 4-5 жумалык болгондо кан кетип түшүп калат. Бул эмнеден болот? Кантип баланы толук көтөрүп төрөп алам? Азыркы учурда дагы кан кетип жатат, абалым оор.

Азыркы учурда кан келип жаткан болсо тез убакытта гинекелогго көрүнүңүз. Себеп дегенде кичинекей убакта бойдон түшсө кан абдан көп кетип калышы толук мүмкүн. Сиз ооруканага кайрылып кылдат текшерилишиңиз керек, аз убакытта бойдон түшүү генден болушу ыктымал. Батыраак жолдошуңуз менен биргеликте ооруканга баргыла. Бойдон түшө берүүнүн бирден бир себеби ичтеги баланы чоңойтпой коюучу инфекциядан болушу ыктымал. Текшерилгенден кийин дарыланып бир нече ай сактанып анан балалуу болууга план коюуңуздар.

  • Сүйлөшкөн кызым экөөбүз 14 жаштабыз. Жыныстык катнашка барсак болобу?

Кымбаттуум, 14 жашта жыныстык катнашка барууга болбойт. Силер өспүрүм курактасыңар. Азыртадан жыныстык катнашка бара баштасаңар бир топ кыйынчылыктарга учурайсыңар. Биринчиден, азыр көп нерсени түшүнө элексинер, экинчиден маалыматты жакшы билсеңер дагы, кокустан кыздын боюнда болуп калса анын баланы көтөрүп, төрөй турган мүмкүнчүлүгү жок. Экөөң тең ата-энеңерге экономикалык жаткан көз карандысыңар. Түшүнүп турам, чоң жашоо менен жашагыңар келип жатат. Бирок бул нерсе силер үчүн азырынча абдан коркунучтуу. Жетелешип, бири-бириңерге жакшы мамиле кылып, келечекке максат коюп, ал жөнүндө кыялданып жүрсөңөр болду. Кыз-жигит болгондо, милдеттүү түрдө жыныстык катнашка баруу керек деген нерсе жок.

  • Мен биринчи баламды былтыр, 22-майда кесарево жолу менен жети айлык кылып төрөгөм. Себеби бөйрөгүмдө кан басымы болгон. Андан кийин жакшы эле сактанып жаткам, бирок учурда 4 айлык боюмда бар экен. Азыр баары жакшы. Октябрда төрөйсүң деп жатышат. Өзүм төрөй аламбы?

Урматтуу суроо берүүчү, кесарево болгонуңа бир жыл боло элек экен. Андан тышкары кан басым болуп, төрөт оор болуптур. “Сактанып жүрүп кош бойлуу болуп калдым” деп жатасың. Мен, туура сактануу жолдорун жакшы билбегенден улам болду деп ойлом. Азыркы тапта ден-соолугуң жакшы экен. Баланы кантип төрөөнү ойлобостон, аны 9 ай кантип көтөрөм дегенге кам көрүшүң керек. Дарыгердин тыгыз көзөмөлүндө болуп, бөйрөгүңдү каратып, каның азбы же көппү билүү үчүн анализдериңди тапшыр. Кесарево болосуңбу же өзүң төрөйсүңбү 7 ай болуп, сегизинчи айга караганда билинет. Операция болгон жериңдин жаратына карап, жатын чыдайбы же жарылып кетүү коркунучу барбы УЗИден билинет. Анын жыйынтыктарына карап, төрөө жолдорун акушер-гинекологдор өздөрү чечет. Андыктан сен аны эмес, баланы жакшы көтөрүүнү ойло.

  • 19 жаштамын. Турмушка чыкканыма 2 ай болду. Биринчи жолу жыныстык катнашка барганда 2 жума кыйналасың дешкен. Бирок мен азыркы убакытка чейин кыйналам, табарсыгымдын оң тарабы ооруйт. Бул эмнеден болушу мүмкүн?

Кымбаттуум, турмушка чыгаардан мурун жана кийин сөзсүз түрдө дарыгерге барып көрүнүп туруу керек. Айткандарыңа караганда болжол менен кандайдыр бир жыныстык жактан сезгенүү башталган. Оорунун белгилери сеникиндей болуп оорутуп турат. Андыктан гинекологго барып, анализдериңди тапшыр. Ошого жараша бир сыйра дарылануу курсунан өтөсүң. Убагында кайрылсаң, бат эле сакайып кетесиң.

  • Жатын түтүкчөлөрү эмне себептен жабылып калат?

Жатынынын түтүкчөсү жабылып калган аялдарда тукумсуздук коркунучу пайда болот.

Жабылып калуу себептери:

Сезгенүү: жыныс инфекциялары, айрыкча гонорея, хламидия түтүкчөлөрдүн ичин сезгентип, бири-бирине жабыштырып коет.

Туубаса кемчиликтер.

Операциядан кийин: аппендицит, ичегилерге, ашказанга болгон операциялардан кийин спайканын натыйжасында жабышып калышы мүмкүн.

  • Аборттон кийин.
  • Эндокриндик бузулууда.
  • Ар кандай жаракаттан кийин.
  • Аялым менен жыныстык катнашка барганда презерватив колдонбойм. Бирок уругумду түшүрбөйм. Капысынан боюнда болуп же оору жугуп калышы мүмкүнбү?

Урматтуу мырза, урукту сыртка түшүрүү табигый жол менен сактануунун бир түрүнө кирет. Бирок бул ыкмада бойдо болуп калуу коркунучу бар. Себеби бир-эки тамчы сперма түшүп калса эле, жубайыңыз кош бойлуу болуп калат. Андыктан мындай жолду колдонгон эркек аябай тажрыйбалуу болушу керек. Ошондой эле мунун кепилдиги аз болгондуктан, башка ыкмага өткөнүңүз жакшы. Бир гана презерватив жыныстык жактан жугуштуу оорулардан жана бойдо болуудан сактайт.

  • Биринчи жыныстык катнашта кан чыкпай калышы мүмкүнбү?

Ооба, чыкпай калышы мүмкүн. Себеби ар бир кыз кишинин кыздык белгиси өзгөчө. Кээ бирөөлөрдүкү чоюлчаак, айрымдарынын өлчөмү туубаса чоң болот. Андыктан турмушка чыгаардан мурун гинекологго келип, текшертип кетүү керек.

  • Түнкүсүн жыныс мүчөмдөн суюктук (сперма) чыгып кетет. Бул коркунучтуу эмеспи?

Муну медицинада “түнкү поллюция” деп коёт. Түнкү поллюция эротикалык түштөрдү көргөндө же уктаар алдында элестетип койгондо болот. Эркектерде 12-13 жаштан баштап суюктук убак-убагы менен чыгып турушу керек. Кайсы маалда чыгат анын айырмасы жок. Коркунуч туудурбайт, кабатыр болбой эле коюңуз.

  • Менде жатын жарылуусу (разрыв) болуп жакшы бүтпөй калган. Кандай чараларды колдонсом болот?

Урматтуу айым, сизде кайсы учурда жатын жарылуусу болгонун тактап жазбаптырсыз. Алгач жатындын жарылуу даражасын билүү керек. Өтө коопту болбосо гимнастика жолу менен, тактап айтканда таздагы булчуңду күчтөнтүү көнүгүүсү аркылуу калыбына келтирсе болот.

Ошондой эле, жатын биринчи жолу кошулганда, биринчи же андан кийинки балдарын төрөгөндө жарылат. Эгер сиздики төрөттөн кийинки жарылуу болсо, дарыгерлер тигип берет. Толук калыбына келтирүү үчүн кам көрүү маанилүү. Болбосо төмөнкү коркунучтар пайда болот:

  • жатын ылдыйлап калат
  • кийинки төрөттөрдө күч келип, эски жарылуу кайталанат

Мындан кийин балалуу болуу планыңызда жок болсо, косметикалык ыкманы колдонуп, операция жолу менен калбына келтирип алсаңыз болот.

  • Төрөгөндөн кийин этек кир келе элек болсо дагы, бойго бүтүп калышы мүмкүнбү?

Оба, бойго бүтүп калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Андыктан, төрөгөндөн кийин контрацепция тууралуу кеңеш алышыңар керек. Ар бир адамдын организми индивидуалдуу. Кээ бир айымдардыкы төрөгөндөн 40 күн өткөндөн кийин эле этек кири келсе, айрымдардыкы бала эмизип бүткүчө келбейт. Ошондуктан ар бир айым, төрөттөн 40 күн өткөндөн кийин гинекологго көрүнүп, текшерүүдөн өтүп, этек кир келет же келбейт деген маалымат алып, ошого жараша коргонуу каражаттарын колдонушу зарыл.

  • Этек кир деген эмне?

Айыз — аялдын организминин циклдүү өзгөрүшү менен ай сайын жатындан келген кан. Менструацияны борбордук нерв системасы (баш мээ кыртышы, гипоталамус, гипофиз) тейлейт. Гипоталамус — ички органдын ишин багыттоочу жана жөнгө салуучу баш мээнин негизги бөлүгү. Ал гипофиздин аракетин тездетүүчү өзгөчө зат — нейрогормондорду бөлүп чыгарат. Гипофиз өзү да ички секреция бездеринин, анын ичинде жыныс бездеринин функциясын активдештирүүчү гормон иштеп чыгарат. Адатта этек кир дайыма бир мезгилде кайталанып 3—4 жумада бир, 3— 7 күнгө, аялдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша созулат. Кыздарда биринчи этек кир жыныстык экинчи белгилер пайда болгондо башталат, башкача айтканда жыныстык жетилүү болгондо. Биринчи этек кир күтүлбөстөн келген учурда кыздар коркуп, кайгырышы мүмкүн. Ошондуктан кыздар буга мурдатан абдан этияттык менен даярдануусу зарыл.

  • Сүйлөшкөн кызымдын төшүнүн үрпү чоң жана кара болуп турат. Анын кыз экендигинен күмөнүм бар. Кантип билсем болот?

Урматтуу мырза, ар бир кыз киши индивидуалдуу. Кээ бир кыздардын эмчек үрпү кичинекей же жок болсо, айрымдарыныкы чоң болуп турат. Менимче сиз кош бойлуу айымдын эмчек үрпүн көргөнсүз. Боюнда бар айымдардын үрпү чоңоюп, караят. Ошол себептен сүйлөшкөн кызыңыздан шек санап жатасыз. Мындай күмөн саноодон арылуу үчүн сүйүктүү кызыңызды гинекологдун көзөмөлүнөн өткөрүңүз.

  • Жашым 21 де. Жолдошумду сүйбөйм. Бизди ата-энебиз табыштырган. Балалуу боло элекпиз. Төшөккө келгенде ага болгон кумарым ойгонбойт. Канткенде балалуу боло алабыз?

Билесизби, бойго бүтпөөнүн бирден бир себеби психологиялык жабыр тартуу.

Бул эмнеден болот десеңиз:

Бирин-бири тааныбаган эки жаш үйлөнсө. Башкача айтканда кызды ала качып алуу же болбосо ата-энелердин сунушу менен баш кошуу;

  • Кыздын эркекке болгон шек саноосу;
  • Кыз кичинесинде эркектен запкы чексе;

Мүмкүн ушул себептердин айынан кош бойлуу болбой жатасыз. Түшүнүп турам, сүйбөгөн адамдын баскан турганына, аны менен бир төшөктө жатууга көнүү оор. Сиз биринчи психологиялык жактан өзүңүздү даярдаңыз. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо адистерге кайрылыңыз.

  • 21 жаштамын. Бир ай мурун жигитим менен жыныстык катнашта болгом. Бир жумадан бери башым ооруп, кускум келип, даартканага бат-баттан барып жатам. Этек кирим дагы келе элек. Боюмда барбы?

Эгерде кошулганда сактануу каражаттарын колдонбогон болсоңуз, кош бойлуу болушуңуз толук мүмкүн. Сиз кош бойлуулукту аныктоочу тестти пайдаланып көрүңүз. Эгер боюңузда бар болсо гинекологго кайрылып УЗИге түшүп, атайын кеңештерди алыңыз. Бул туурасында жигитке кабарлоону дагы эстен чыгарбаңыз.

  • Менин эмчектеги эки айлык кызым бар. Эки күндөн бери төшүмдүн үстү кызарып калыптыр. Коркуп жатам. Маститтин белгиси эмеспи?

Балаңызды эмизип жатканда кандайдыр бир инфекция кирген болсо, мастит болушу толук ыктымал. Сиз тезинен адиске кайрылыңыз. Мастит күчөп кетсе ириңдеп, бир топ кыйынчылыкты туудурат.

  • Мен 20 жаштамын. Адамда гормондук бузулуулар болсо салмак кошобу? Кантип гормондун балансын теңдесе болот?

Боюңуз канча сантиметр? Балким салмагыңыз бойдун узундугуна жараша өзгөрүп жаткандыр. Туура эмес режим менен тамактансаңыз, ал дагы таасирин тийгизет. Гормондук бузулууну калыпка келтирүү үчүн эндикринолог же гинеколог адисинин көзөмөлүнөн өтүү кажет. Дарыгерди текшерүүсүнөн кийин, дары-дармектер сунушталат.

  • Мен 16 жаштамын. Этек кирим бир ай толугу менен келбей калгандыгына байланыштуу текшерүүдөн өткөм. Биринчи текшерүүдө “Жатын кистасы” деген диагноз коюлган. Жүйөлүү себептерге байланыштуу дарылана алган жокмун. Шартым болгондо кайрадан барсам “диклофенак-акос” жана башка дары-дармектерди жазып берди. Кимисине ишенем?

Ар бир дарыгер көрүнгөн убактагы абалыңызга жараша дарылоо жүргүзөт. Сиз экинчи дарыгерге кайрылган учурда менстурацияңыз келген болсо, кайрадан текшерүүдөн өтүшүңүз керек болчу. Дагы бир ирээт кайрылып, кайрадан анализдерди тапшырып, УЗИге түшүңүз.

  • Жашым 18 де. Турмушка чыга элекмин. Этек кирим 5-классымдан баштап келе баштаган. Бирок, бир айда эмес 2-4-5 айда бир келет. Айыз учурунда кадимкидей ооруп, кыйналам. Кийин турмушка чыксам, төрөбөй калышым мүмкүнбү?

Учурда 18 жашта болсоңуз менстуралдык цикл өз калыбына келиши керек эле. Студент болсоңуз студенттик поликлиникага барып, текшерүүдөн өтсөңүз болот. Канчалык эрте дарыланууну баштасаңыз, коркунуч ошончолук аз болот

  • Этек киримди эсептеп көрсөм 40 күндө бир келет экен. Өзү этек кир бүткөн күндөн баштап эсептелеби?

Урматтуу окурман, менстурация келген күндөн башталып эсептелинет. Сиз атайын айыз календарына белгилесеңиз, жаңылбайсыз. Календардын жардамы менен дайымкы этек кир циклин, узактыгын билип аласыз.

  • Аялым менен жыныстык катнашка барганда презерватив колдонбойм. Бирок уругумду түшүрбөйм. Капысынан боюнда болуп же оору жугуп калышы мүмкүнбү?

Урматтуу мырза, урукту сыртка түшүрүү табигый жол менен сактануунун бир түрүнө кирет. Бирок бул ыкмада бойдо болуп калуу коркунучу бар. Себеби бир-эки тамчы сперма түшүп калса эле, жубайыңыз кош бойлуу болуп калат. Андыктан мындай жолду колдонгон эркек аябай тажрыйбалуу болушу керек. Ошондой эле мунун кепилдиги аз болгондуктан, башка ыкмага өткөнүңүз жакшы. Бир гана презерватив жыныстык жактан жугуштуу оорулардан жана бойдо болуудан сактайт.

  • Сүйлөшкөн кызым менен бут ортосунан кошулуп жүрөбүз. Боюна бүтүп калбайбы?

Балам, мындай ыкма менен кошуулууда, бойго бүтүп калуу коркунучу бар. Себеби, оргазм болгондо, кучакташып, сүйүүгө батып жатканда аял кишиден дагы суюктук чыгат. Ошол маалда эркек кишинин уруктугу түшүп калышы мүмкүн. Андыктан, презервативи жок кошулганга болбойт, күтүүсүз кош бойлуулук, жыныстык жактан жугуучу ооруларга чалдыгуу коркунучтары өтө эле бийик. Анан сиз “биз бут аралык эле кошулганбыз, кайдан болмок эле” деп, кылган ишиңизге жоопкерчилик алуудан баш тартасыз.

  • Эркек жыныс мүчөсүн кантип чоңойтсо болот?

Биринчиден, эркектин жыныс мүчөсүнүн чоң же кичинекей болушу балалуу болууга жана жыныстык катнашка эч кандай тиешеси жок. Дүүлүккөндөгү орточо өлчөмү 12-13 см болсо нормалдуу, мындан кичинеси аз кездешет. Интернеттен сиздерге көптөгөн чоңойтуу жолдорун сунуш кылышы мүмкүн. Бирок бирөөсү дагы эч кандай кепилдик бере албайт. Болгону ал ыкмаларды колдонгондон кийин көптөгөн зыянга учурайсыңар. Жаракат, зараа кылууда кыйналуу, инфекция сыяктуу себептер болсо, операция, таблетка, крем, массаж, насос жана атайын көнүгүүлөрдү жасоо сыяктуу жолдор сунушталат. Атайын изилдөөлөргө таянсак аялдардын 85 пайызы бул суроого кызыкпай тургандыгы билинген.

  • Биринчи жыныстык катнашта кан чыкпай калышы мүмкүнбү?

Ооба, чыкпай калышы мүмкүн. Себеби ар бир кыз кишинин кыздык белгиси өзгөчө. Кээ бирөөлөрдүкү чоюлчаак, айрымдарынын өлчөмү туубаса чоң болот. Андыктан турмушка чыгаардан мурун гинекологго келип, текшертип кетүү керек.

  • Жыныс мүчөдөгү ашыкча түктөрдү алып салсам болобу?

Урматтуу айым, бул ар бир адамдын өз калоосу. Учур талабына ылайык депиляцияны аялзаты гана эмес, эркектер дагы жасап жатат. Болгону депиляция учурунда гигиеналык нормаларды сактоо зарыл. Себеби тери кызарып, сезгенип, айрыкча герпес, папиллома вирустары кирип кетиши мүмкүн. Ошондой эле ысык “воскту” колдонгондо күйүп калуу, лезвия менен кесип алуу коркунучтары бар. Андыктан сак болуңуз!

  • 23 жаштамын. Аял киши качан турмушка чыкса туура болот? Азыркы убакта окуп жатам. Ажырашуулар көп болгондуктан, бир аз чочулап жатам.

Азыркы учурда үй-бүлө курууга 20-30 жашка чейин курак жакшы убакыт. Кайсы жашта чыгууну өзүңүз чечесиз. Эгерде билим алам, жумуш табам анан үй-бүлө курам десеңиз дагы бул сиздин жеке тандооңуз. Ата-эне жакшы жигит табылса, ошого чыгып алсын, бузулуп кетпесин деп жакшы тилектерди калап, кабатыр болот. Ооба, бул туура. Бирок ата-эне кызынын эртеңки күндө сөзсүз түрдө бактылуу жашап кете алаарына эч качан кепилдик бере албайт. Дүңгүрөгөн тойдон кийин деле ажырашып кетип жаткандары канча. Андыктан баары өз колуңузда, 23 жаш бул кеч эмес. Сизге жакшы адамга жолугуп, бактылуу болушуңузду каалайм!

Суроолорго гинеколог Бактыгүл Муратова жооп берет:

  • 25 жашка чейин бирда кыз менен болгон эмесмин, үйлөнгөндөн кийин аялым менен кошулганда такыр рахат албайм же баардык эле кыздардын жыныс кыны кенен болобу?

Ооба, жыныс кыны чоңдор кездешет, жыныс кынынын чоң болушу жаратылыштан. Дениси жумшак кыз-кединдердин жыныс булчуңдарыңыз дагы алсыз болот. Жубайыңыз дарыгер-гинекологго кайрылсын атайын кичирейтүүчү көнүүгүлөрдү айтып берет. Дарыканага барса жыныс кынын кичирейтүүчү атайын таякчалар (палочка) бар, кошулаарда колдонсоңор жардамын берет. Бирок, бул убактылуу гана, андыктан атайын көнүгүүлөрдү жасаса жардамы жогору болот.

  • Түсү күрөң болгон суюктук келип турат, болжол менен 1 жылда 2-3 жолу, бул эмнеден болушу мүмкүн?

Азыркы учурда өспүрүм кыздарда жыныстык органдан суюктук бөлүнүп чыгуу оорусу көп кездешет. Оору кычышуу, жагымсыз жыт чыгуу менен коштолсо, апаңызга айтып гинекологго текшерилгениңиз туура болот. Ооруга жыныстык органдын сезгенүүсү жана цитрустук жер-жемиштерди, таттууларды ашыкча колдонуудан пайда болгон аллергия себепкер. Кыздар диетаны кармап, жеген тамак-ашын көзөмөлдөп турушу керек. Күчөп кетсе, ден-соолугуңуз үчүн коркунучтуу.

  • Үй шартында бойго бүтүрбөөнүн кандай түрлөрү бар?

Бойго болтурбоочу дарыларды, шам (свеча) жана презервативди колдонсо болот. Мындан тышкары үзгүлтүктүү кошулуу. Дарыканага кайрылсаңыз, сизге керектүүсүн беришет.

Суроолорго гинеколог Бактыгүл Абдраманова жооп берет:

  • Менин жашым 19да. Төшүм аябай кичинекей, жок десем дагы болот? Тукум кууйбу десем апамдын төшү чоң эле. Эмне кылсам болот?

Төшүңүз кичинекей болсо тукум куучулук болушу мүмкүн. Алсак, апаңыздыкы болбосо башка туугандарыңыздын дагы көкүрөгү кичинедир. Салмактын дагы тиешеси бар. Өтө арык болсоңуз дегендей. Этек кириңиз туруктуу келсе эч кандай коркунучу жок. Демек, табиятыңыз ошондой. Эгерде айызыңыз туруктуу келбесе анда гинекологго барып, текшерилиңиз. Жыйынтыгы ошондо билинет.

  • Мен турмушка чыканыма 7 ай болуп калды. 6 айлык боюмда бар. Үч, төрт айында цистит болдум. Гинекологго көрүнүп, дары, ийнелерди алдым. Бирок кээде заара кылып бүткөндөн кийин аябай ачышат. Чыдабай калам, эмне кылсам болот?

Ар бир айым боюнда болгон учурда жашаган жери боюнча каттоого алынат. Андан кийин ар түрдүү анализдерди тапшырат. Ошол анализдердин ичинде заара БАК деген бар. Бирок бул анализ айыл жергесинде көбүнчө тапшырылбай калат. Дал ушул анализдин жыйынтыгынан кош бойлуулук учурунда козголчу белгисиз бактериурия деген нерсе билинет. Бул кичине инфекция болсо эле козголо берет. Эгерде сизде цистит туубаса болсо, же убагында цистит болуп ооруган болсоңуз алардын баары кош бойлуулукта сыртка чыгат. Себеби кош бойлуулук барын козгоочу мезгил. Өз алдынча дары колдонбоңуз. Балага терс таасирин берип коюшу мүмкүн. Гинекологго барсаңыз ал сизге уролого багыттама жазып берет. Ал жактан УЗИге түшөсүз, зара анализин тапшырып кайрадан дарылоо курсун аласыз.

Суроолорго гинеколог Атыргүл Иманалиева жооп берет:

  • УЗИге түшкөндөн кийин эки айлык боюмдан түшүп калды. Эми канча убакыт сактанышым керек?

Боюңуздан түшүп калгандан кийин ооруканага барып текшерилип жатынды тазалатып, бир сыйра дарыланган болсоңуз сактанып кереги жок. Эгер дарыланбаган болсоңуз кийинки балаңыздын түшүп калуу коркунучу бар, андыктан гинекологго текшерилип, дарыланууну сунуштайм.

  • 8 айлык кош бойлуумун, жыныстык жагымдан жагымсыз жыттанган суюктук келет. Төрөтүмө зыянын тийгизбейби?

Боюңузда бар кезде суюктук келет, бирок жагымсыз жыттанбашы керек. Жагымсыз жыттанган суюктукта оорунун белгиси бар. Төрөткө, балаңызга зыянын тийгизет. Көбүнчө ымыркайдын көзү чылпактап төрөлөт жана көп убакыт айыга албай бала кыйналат.

  • Менде фоликулярдык киста бар. Этек кирим 3 ай кармалып калат. Бүгүн жатыным толгоо болгондой өтө катуу ооруду, бирок этек кирим келген жок. Мурун ооруганда келип калчу. Догдурга барсам киста жарылыптыр деген. Этек кирди чакыра турган дарылар барбы? Кош бойлуу болууну абдан күтүп жатам.

Киста бул рак илдетине алып баруучу оору, аны олуттуу кабыл алып дарылануу керек. Айыз келээрде өтө катуу ооруганы, сиздин илдеттин бирден бир себеби боло алат. Кош бойлуу болууну каалап жатсаңыз шашылыш түрдө, догдурга көрүнүп дарылануу абзел.

  • Мен 21 жаштамын, 8-классымда этек кирим келген, 10-класстан баштап этек кирим келгенде оорусуна чыдабай дары ичем же укол алам. 2 жолу дарыландым бирок 1, 2 ай жакшы болуп эле анан кайра эле ооруп баштайт. Буттарым, белим, оң жак бөйрөгүм кошо сыздатып, сол тарабым менен жата албай калам. Акыркы учурларда көңүлүм айланып, температура жогору болуп калды. Эмне кылсам болот?

Мындай көрүнүш көпчүлүк аял затында болот, кээ бири этек кири келген учурда кадимкидей тумоолоп калат. Апаңыздан сурап көрүңүз анын айызы кандай болуп келээрин, апасыныкына окшошуп калгандар да жок эмес. Ал эми ооруну токтотуучу дарыларды колдонбоңуз, себеби дарылар ооруну эле эмес айызды да токтотуп, гормондордун бузулушуна алып келет.

  • Мен апрель айында 13 жумалык түйүлдүгүмдү алдыргам, андан бери боюмда болгон жок. Этек кирим 3 ай катары менен келип, кайра 2 ден 8 айга чейин кармалып калат. Азыр арыктап баратам, көкүрөгүм дагы кичирейип кеткендей.

Көкүрөгүңүздүн кичирейип кетиши арыктап жатканыңыздан болсо керек. Боюңуздан кандай жол менен алдыргансыз, жатынды кырдырыппы, дары ичиппи? Эгер жатканыңызды кырдырып түйүлдүктү алдырган болсоңуз кош бойлуу болбой жатканыңызга себеп боло алат. Негизи бойдон алдыруу жатын ооруларына, гормондук бузулууларга алып келет.

  • Мен турмушка чыкканыма 1 жыл болду боюмда жок. 1жыл мурун жатыным гипоплазия 3-баскыч болчу, азыр жатындын өлчөмү узуну 44 мм, калыңдыгы 30 мм, туурасы 41 мм болду. Бул канчанчы баскыч болот?

Бул нерсени текшерип, өз көзүң менен көрмөйүн айтуу кыйын. Андыктан гинеколог-эндикринологго кайрылып текшерилүү керек.

  • Петтинг кылса уруктук түшөбү?

Петтинг деген эрогендик зона аркылуу кумарлануу. Өбүшүү, кучакташуу, сыйпалашуу аркылуу жүрөт, бул учур маструбация менен жыныстык кошулуунун ортосунда болуучу нерсе. Петтинг кылганда уруктук түшөт.

  • Менин жашым 17 де, айызым келгенде табарсыгым аябай ооруп, алсызданам. 4-5 күн келет, көбүнчө 3-күнү чыдабай калам. Келээрдин алдында белдерим абдан ооруйт. Кадай дары ичсем болот?

Эч кандай дарыны ичип кереги жок, дары айызды токтотуп, гормондук бузулууга алып келет. Кээ бир кыздардын айыз учурундагы табарсыгынын, белинин оорусу турмушка чыкканда токтоп калат. Мүмкүнчүлүгүң болсо этек кир келген учурдун 5-күнүндө, оруканага келип УЗИге түшүп, мазок тапшырып текшерилип койсоң болот.

  • 3 жумалык боюмдан алдыртсам зыяны жокпу? Буга чейин төрөгөн эмесмин. Жолдошум экөөбүз жаңы эле баш кошуп, чет өлкөгө жумушка кетип жатабыз, азырынча бала планда жок эле. Кийинчерээк балалуу болсок дейбиз. Кыздар биринчи баласын алдырып салса кийин төрөбөй калат дешет, ушул чынбы?

3 жумалык түйүлдүктү вакум менен сордуртуп алдыртса зыяны жок. Азыркы учурда жатынды кырып, тазалап албайт, эгер ошондой жол аркылуу алынса кийин төрөбөй калуу коркунучу болмок. Андыктан ооруканга барып, ишин жакшы билген дарыгерге алдыртсаң болот, айтаарым жакшылап ойлонуп чечим чыгар. Балалуу болгондон өткөн бакыт жок да.

  • Этек кирим келгенде өлүп калчудай болуп кыйналып жатам? Эмне кылсам болот?

Сиз качантан бери ооруп жаткандыгы туралуу кененирээк маалымат бербептирсиз. Биринчи келген этек кир оору менен коштолот. Бул нормалдуу көрүнүш, баса калып, дарылоонун кереги жок. Ошондой эле этек кир алдында же келген маалда оорутуу баардык айымдарда болот. Оорунун дагы даражалары бар. Эгерде чыдатпай оорутуп, тынчыңызды алса анда тезинен гинекологго кайрылыңыз.

  • Менин жашым 16 да. Жыныстык жагымдан ак суюктук келет, анан ачышып дагы кетет. Мунун коркунучу жокпу? Эмне кылсам болот?

Бул нерсе көпчүлүк кыз-келиндерде болчу көрүнүш, бирок ачышпаш керек эле. Эгер ачышып жаткан болсо бул оору болушу мүмкүн, анализ тапшырып дарылануу керек.

  • Менин төрөгөнүмө 28 күн болду, 3 күн толготуп араң көз жарганым үчүн жатында айрылуу болду. Экинчи төрөгүм, күйөөм менен кошулгум дагы келбей калды. Аябай коркуп жатам. Спираль салдырганда коркунуч жаратпайбы? Төрөгөндөн кийин канча күндөн соң спираль салдыртса болот?

Төрөгөндөн кийин дароо салдыртып койсо деле мүкүн. Бир жарым айдан кийин же алты айга чейин деле салдыртып алсаң болот. Спираль салдыртуунун коркунучу деле жок. Болгону сапаты жакшы спираль салдырт. Ал эми күйөөң менен кошулгандан коркуу убакыттын өтүшү менен жоголуп кетет.

  • 31 жумалык кош бойлуумун, балам туура эмес жатып калыптыр. Башы өйдө карап, киндиги моюнуна оролуп калган экен. Мага доктур: “Жаш баладай болуп жөрмөлө, балаңдын башы ылдый карайт ”- деди. Мындан тышкары кандай көнүгүүлөрдү кылсам болот?

Биринчи баланын кайсы жагына кыйшайганын билип алышың керек. Бала дайыма оң же сол кабырга жакка кыйшаят. Кайсыл жагына кыйшайса ошол жагың менен жатсаң жардамы тийет. Негизи бала 40 жумалык болгончо кадимкидей түз болуп эле калыбына келип калат.

  • Жакын курбум бар сүйлөшүп жүргөн жигитти менен кошулуп койгон экен. Жигитти менен болгон сайын боюнда болтурбоочу дары колдонуптур. Жигитине турмушка чыкты, азыр болсо боюнда болбой жатыптыр. Доктурларга барса күткүлө, болот кийинчерээк дептир. Эмне себептен болбой жатат? Эрте кошулуп койгондонбу же таблетка көп ичкенденби?

Эрте кошулгандан эч нерсе болбойт, бирок дары ичкени үчүн гормондор бузулуп калышы ыктымал. Эки жылга чейин боюнда болбосо “ тукумсуз” деп эсептелбейт. Дарыгер айткандай күтүү керек же үзгүлтүксүз кошулуп турса болот.

  • Турмушка чыканыма 2 жыл болду, бирок боюмда болбой жатат. Жолдошум экөөбүз тең текшерилсек “ысык укол” алгыла деди. Ал деле таасирин берген жок окшойт, дагы деле болбой жатат. Ар ооруканага барсак ар башкача чыгып жатат. Күйөмдүн уруктугунун % ы көп экен, бирок бири-бирине жабышып калыптыр дейт. Эмне себептен ошондой болот жана ал балалуу болууга тоскол болобу, ани кантип ажыратыш керек?

Күндө кошулуп тургула үзгүлтүккө учуратпай, ошондо кош бойлуу болууга кепилдик бар. Суюктуктун ичинде калкып жүргөн урукчалар бири-бирине жабышып калган болсо бул нерсе тоскоол болбойт. Анткени улам кошулган сайын уруктар жаңыланып турат. Эскилер кетип, жаңылар пайда болот десе да болот.

  • Өзүм 22 жаштамын. Бир кызым бар. Учурда 5 айлык кош бойлуумун. Биринчи кызым боюмда бар кезде жыныстык мүчөмдүн сол тарабында шишик пайда болгон эле. Убагында ага көңүл бурган эмесмин. Азыр чоңоюп, бир аз ооруп жатат. Орусча айтканда “киста бортолиновой железы” деп коёт экен. Интернеттен окуп түшүнбөдүм. Бул оору менен өзүм төрөсөм болобу жана кантип дарыласам болот?

Урматтуу окурман, ар бир айым боюнда болгон учурда жашаган жери боюнча каттоого алынат. Андан кийин ар түрдүү анализдерди тапшырат. Дал ошол анализдин жыйынтыгынан кош бойлуулук учурунда козголуучу оорулардын түрү билинет. Менде бир суроо пайда болду, сиз кош бойлуу деп каттоого алынган белеңиз? Эгерде каттоого турган болсоңуз, сизди көзөмөлдөгөн дарыгер ай сайын текшерүү жүргүзүп турушу керек эле . Ошондо сиз киста деп айтып жаткан нерсенин анык диагнозу коюлмак. Өз алдынча дары колдонбоңуз. Балага терс таасирин берип коюшу мүмкүн. Интернеттен туура эмес маалыматты окубай, гинекологуңузга барыңыз.

  • 13 жаштамын. Этек кирим 3 айдан бери келе элек. Бул нормалдуубу?

Жаңыдан башталган цикл туруктуу эмес болот. Бир келип, 2-3 ай келбей калат же бир айлап токтобой келет. Биринчи келгенде 6-7 күнгө созулат. Эгерде сиздеги көрүнүш көптөн бери кайталанып жатса апаңыз же болбосо жакындарыңыз менен гинекологго барып, текшерүүдөн өтүшүңүз керек. Эң негизгиси менструалдык цикл календарын колдонууну унутпаңыз. Ал жерде баары жазылуу. Түшүндүрө кетсем “скудный”-аз, “умеренно”-орточо, “обильно”-көп келди дегенди билдирет. Ай сайын белгилеп, гинекологго барганда ала барып көрсөтсөңүз, сизге диагноз коюуга оңой болот

  • Менин жашым 19да. Төшүм аябай кичинекей, жок десем дагы болот? Тукум кууйбу десем апамдын төшү чоң эле. Эмне кылсам болот?

Төшүңүз кичинекей болсо тукум куучулук болушу мүмкүн. Алсак, апаңыздыкы болбосо башка туугандарыңыздын дагы көкүрөгү кичинедир. Салмактын дагы тиешеси бар. Өтө арык болсоңуз дегендей. Этек кириңиз туруктуу келсе эч кандай коркунучу жок. Демек, табиятыңыз ошондой. Эгерде айызыңыз туруктуу келбесе анда гинекологго барып, текшерилиңиз. Жыйынтыгы ошондо билинет.

  • Турмушка чыкканыма 3 ай болду. Бирок боюмда болбой жатат. Эмне кылсам болот?

Турмушка чыгаар замат бойдо болуу керек деген нерсе жок. Медицинада бойдо бүтүү үчүн бир жыл мөөнөт берилет. Эгер бул жыл аралыгында боюнда болбосо анда гинекологдор карап көрүп анан текшерүүгө жиберишет. Ошол себептүү бир жылга чейин убакытыңыз бар. Эч камсанабаңыз.

Суроого сексолог Илья Комаровер жооп берет:

  • Менин жашым 21де. Турмушка чыга элекмин. Жыныстык катнашта болгон эмесмин. Көйгөйүм, өзүмдөн-өзүм дүүлүгө берем. Ар нерселерди элестетем же порно видеолорду көрүп ырахат алам. Өзүмдү колго алууга аракет кылам, бирок чыдай албайм. Эмнеге мындай боло берем?

Сиз алгач дарыгерге, гинекологго же сексологго кайрылып текшерилиңиз. Дүүлүгүү кандай өлчөмдө болуп жатат билүү керек. Сиздин куракта гормондор ойноп тургандыктан кээде дүүлүгө берүү бул нормалдуу эле көрүнүш. Эгерде дүүлүгүү бат-баттан болуп жана уламдан улам күчөп бара жатса бейтапканага барып гормонго кан анализин тапшырыңыз. Себеби катуу дүүлүгүү психикалык же гормоналдык бузулуудан улам болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт