// //

Кыз ала качуу - кылмыш! Эмне үчүн бул тууралуу балдарга айтуу керек?

2024.07.27, 14:43
576

Кыргызстанда ала качуу кылмыш экенине карабай, бул адат дагы да болсо жоюла элек. Кыз ала качуу фактылары толугу менен токтомоюн, кыздардын да, эркек балдардын да ата-энелери аларга бул кылмыш экенин түшүндүрүп турушу керек.

Ала качуу жөнүндө ата-энелер эмнелерди билиши керек

 

 

Ала качуу - салт эмес, кылмыш!

Ала качуу – "карма жана кач" деген мааниде. Коомдун бир бөлүгү бул салт деген жаңылыш пикирди карманышат. Бирок тарыхты карасак, кыргыздар үй-бүлөлөрдүн ортосундагы келишим менен гана баш кошкон. Кыздын ата-энеси макулдугун бербеген учурда гана жаштар бул кадамга барышкан. Бирок чындап кызды ала качуу зордук катары каралы, аны жасаган эркек менен анын үй-бүлөсү шылдыңга калган. Бул эркек жана анын үй-бүлөсү каада-салт боюнча кыздын колун сурап келгенге мүмкүнчүлүгү жок экенин көрсөткөн. Бирок, убакыттын өтүшү коомдо мажбурлоо менен ала качуу жайыла баштады. Буга эркектердин аял менен тил табыша жана зордук-зомбулуксуз мамиле түзө албаганы себеп болууда.

Ала качуу Кыргызстанда 1994-жылы эле криминализацияланган. Жаңы Кылмыш-жаза кодексине ылайык, никеге туруу максатында кыз ала качууга беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Аял адам эмеспи?

Бирок, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде дагы бир берене бар - "Адам уурдоого" мүлкүн конфискациялоо (же ансыз) жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган. Үй-бүлө куруу максатында ала качуунун жабырлануучулары бул беренеге кирбейт.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүү экенин укук коргоочулар, юристтер жана айрым депутаттар колдоп чыгышкан. Бирок Жогорку Кеңеш Кылмыш-жаза кодексине киргизилген бул өзгөртүүлөрдү четке каккан.

"Прецедент" Өнөктөштүк тобу" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, юрист Нурбек Токтакунов эки берененин болушу мыйзамда ажырымды жаратат деп эсептейт:

Жаңы Кылмыш-жаза кодекси - аял киши эмес дегендей ой калтырат. "Адам урдоо" деген берене, анан "Үйлөнүү максатында аялды ала качуу" деген берене бар, бул эки берененин болушу аялдын адам эмес экенин көрсөтүп турат. Бул берененин болушу мыйзамсыз келишимдерге мүмкүнчүлүк берет. Бул Конституцияга каршы келген беренени жөн эле алып салыш керек. Ала качуу - адам уурдоо, болду, бүттү. Кандай гана максатта уурдалбасын, аял да, эркек да адам.

Никеге туруу үчүн адамды ала качпайт. Никеге туруу үчүн адам менен келишим түзүлөт.

Бул "Адам уурдоо" беренесинин квалификациялык белгиси гана болушу мүмкүн. Бирок бул эч кандай учурда үй-бүлөлүк мамилелерге каршы кылмыш болуп саналбашы керек.

Комплекстүү мамиле керек

Лариса Илибезова, Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун жетекчиси:

- Кыргызстанда мажбурлап никеге тургузуу жана никеге туруу үчүн ала качуу боюнча жоопкерчиликке тартуу боюнча жетишээрлик прогрессивдүү мыйзамдар бар. Атап айтканда, никеге туруу үчүн ала качуу, никеге мажбурлоо жана чыныгы нике мамилелери үчүн жоопкерчилик каралган, ал эми балдарга жана балдарга карата диний нике кыюу жөрөлгөлөрүн өткөрүүгө байланыштуу атайын эрежелер бар.

Ала качуу үй-бүлө чөйрөсүндө аял менен эркектин тең укуктуулугунун жоктугунан улам бүгүнкү күнгө чейин болуп келүүдө. Эркек өзүн башчы деп эсептейт, ал эми коом аял ага баш ийиши керек деген ишенимде аны колдойт. Кээ бир учурларда жигит кыз анын сунушунан баш тартат деп ойлойт, же аны менен кантип таанышууну, кантип баарлашууну билбейт. Анан анын артынан чуркап отурбай эле, жөн эле ала качып кетсе болот деп ойлойт. А коом болсо мындай кадмга барган жигитти айыптабайт, ага бул кылмышты жасоого тууган-туушкандары, достору жардам беришет. Ал эми кызды өзүнө баш ийүүгө мажбурлай алдым деген сезим аны бактылуу кылат.

  • Коомдо ала качууга болгон карышылкты күчөтүп, аялдардын укуктук аң-сезимин көтөрүү зарыл. Ар бир кыз мектептен эле зордук-зомбулук жөнүндө билдирүүдө эч кандай уят жок экенин, анда үй-бүлөлүк мамилелерди өз тандоосу менен куруу укугу бар экенин билиши керек.
  • Аялдарга болгон мамиленин жаңы маданиятын түзүү үчүн заманбап маалыматтык продуктулар керек. Бул ишке эркектер менен балдарды тартып, алардын ала качууга болгон көз карашын өзгөртүп, ала качуу зордук-зомбулук экенин жана аны алсыздар гана жасай турганын, ал эми мыкты жигиттер өз ара макулдукту жана эркин тандоону баалай турганын аң-сезиминдеринде бекемдөө керек.

Ата-энелер балдарына ала качуу тууралуу эмнелерди айтып бериши керек?

Назгүл Турдубекова, "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору:

Укуктук билим ала качууну жок кылууга жардам берет.

Балага кичинекей кезинен тарта эле адам укуктарынын баалуулуктарын үйрөтүп баштоо керек. Ошондо адамдар жаштайын адам укуктары маселесине аяр мамиле жасап, адамгерчиликтүү болуп бой жетишет. Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында укуктук тарбия берүү жеке адамдарга карата кылмыштуулуктун, анын ичинде никеге туруу үчүн кыздарды ала качуунун алдын алуунун абдан натыйжалуу механизми болуп саналат.

Жаштайынан укуктук тарбия сабактарын өткөрүү, балдардын укуктук маданиятын калыптандыруу, ошону менен адам укуктарын бузуунун ар кандай түрлөрүнө карата сезимталдыкты жогорулатуу зарыл.

Бул нерсе бала бакчадан бериле башталса, балдар өздөрүнүн жеке чектерин сыйлоого үйрөнүшөт. Алар өздөрүнүн денесинин кол тийбестигине укугу бар экенин билишет ж.б. Анан чоңойгондо өзүнө карата зомбулукка жол бербейт жана өздөрү да ал нерсени кылбайт. Айтылуу кылмыштуу жүрүм-турумдан жабыркап калышсаЮ дароо жардам сурап милицияга кайрылуу менен өздөрүн коргой алышат.

Ата-энелер балдарын гана эмес, өздөрүнүн ата-энелерин да үйрөтүшү керек болот

Ала качуу маселеси бир гана жаштардын гана эмес, бүтүндөй чөйрөнүн көйгөйү. Башкача айтканда, үй-бүлө ала качуу аркылуу түзүлгөн бүткүл коомдун. Укуктук билим берүү жаштарга жана өспүрүмдөргө гана эмес, адеп-ахлактык көз караштан алганда үй-бүлөнү түзүүгө мындай кылмыштуу мамилени мыйзамдаштырган улуу муунга да керек.

Улуу муундун өкүлдөрү кыздын жашоосун бузуу менен, жигиттин кыялындагы жашоону жаратууну көздөгөндөрү кылмыш экенин түшүнүшү керек.

Балдарын мындай кадамга түртүүнү токтотуп, кыз ала качууга кыйыр түрдө да катышуудан коргой алышы үчүн улгайган адамдар, уул-кыздардын ата-энелери менен иштешибиз керек. Анткени, адатта, үчүнчү жактар ​​ала качууну уюштурууда маанилүү ролду ойнойт: кызды сыртка чыгарып, белгиленген жерде, белгиленген саатта ала качып кетүүгө шарт түзүшөт ж.б.у.с. Бул аракеттер кылмышка шериктеш болууга жатат.

Кылмышка негизделген нике бакыт алып келбейт

Асел Байымбетова, психолог жана гештальттерапевт:

- Зордук-зомбулукка, кылмыштуулукка негизделген нике кыздын психологиялык абалына кесепетин тийгизет. Эгерде кыз зордук-зомбулук жасалган чөйрөдө чоңойсо, анда ал бардыгын нормалдуу катары кабылдап, чыдап жашап жүрө берет. Бирок анын денеси каршылык көрсөтөт, мындай мамиле психосоматикалык оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн, мисалы, цистит, ириңдүү ангина, төрөттөгү көйгөйлөр ж.б.

Өтө сейрек учурларда гана ала качуу менен курулган үй-бүлө бактылуу болот. Бул жерде ушундай дал келүү болушу керек дейсиз, эч нерсеге карабастан эки жаш бири-бирине дал келиши керек. Бирок бул эрежеден тышкаркы көрүнүш, мен буга ишенбөөнү сунуштайм. Мамилелер бири-бирине болгон сезимдерден жана ортодогу келишимдерден башталышы керек. Болбосо лотерея сыяктуу болуп калат.

Никеге чейин кыздын чегин бузган эркек, нике кыйылып чогуу жашап баштаганда дагы бузушу мүмкүн.

Мындай жол менен үйлөнүүнү тандаган эркектин мүнөзүндө агрессия болот. Бул агрессия келечекте өзүн көрсөтө баштайт жана эртеби-кечпи ал аялына багытталат.

Эркек балдардын ата-энелери үчүн психологдун сунуштары:

  • Башкалардын кайгысын түшүнүшү үчүн, эркек балдарда боорукердикти өрчүтүңүз.
  • Алардын агрессивдүү жүрүм-турумун колдобоңуз.
  • Белгилүү бир аракеттердин мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы жөнүндө маалымат берип, адам уурдоо кылмыш экенин түшүндүрүңүз.
  • Эгер өспүрүм куракта эркек балдарда кыздар менен тил табышуу оор болсо, аларга сезимдерди кантип көрсөтүү керек экенин үйрөтүңүз, мамилелер кандайча курулаарын, алардын өнүгүүсүндө кандай этаптар бар экенин түшүндүрүңүз. Сүйлөшүү жөндөмү ага үй-бүлөлүк мамилелерди түзүүгө жардам берет.

Кыздардын ата-энелери үчүн психологдун сунуштары:

  • Кыз бала ата-энесине керек экенин билип, сезиши керек. Кыздар ала качууга туш болуп, андан кийин зордукталган соң ата-энелеринин каарынан коркуп, отуруп калган учурлар бар. Кызыңыз сизден коркпой, сизге таяна аларын билиши керек.
  • Кызыңызга жеке чектерди үйрөтүңүз. Ал аны менен эмне кылуу мүмкүн жана мүмкүн эмес экенин билип, өзү эмне каалап жатканын түшүнүшү зарыл. Кызды ала качканда, ал так "жок" деп айта албай калган учурлар кездешет. Анткени ал өзүнүн чек арасын билбейт жана эмнени каалап жатканын түшүнбөйт.
  • Ага башка зордук-зомбулуктар сыяктуу ала качуу да жабыркаган тараптын күнөөсү эмес экенин түшүндүрүңүз. Бул ар дайым кылмышкердин күнөөсү. Көбүнчө болгон окуя үчүн кыздарды күнөөлөшөт. Эгер аны ала качса, демек ал убагында жигитке макул болгон деп ойлошуп күнөөлөшү мүмкүн.
  • Кыз ала качкандан кийин зордуктоого туш болуу ал жерде отуруп калууга, кылмыш жасаган адам менен жашоо курууга себеп эмес экенин билиши керек.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт