AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апам ажырашсаң кайра сени эч ким албайт дечү

Апам ажырашсаң кайра сени эч ким албайт дечү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакцияга келип түшкөн бул аялдын катында, кызыл камчы күйөөсүнөн көргөн кордуктары айтылат.  

Акбермет: туура эмес сүйлөдүң деп сабачу

Күйөөмдөн эң көп уккан сөздөрүм: “Сенин менден башка эч кимге керегиң жок”, “Кетсең кете бер, кайра өзүң бутума чөгөлөп келесиң”, “Энеңди …” , “Эмнеге сага үйлөндүм экен”, “Талагыңды бердим, төрт тарабың кыбыла”, “Мен айткандай болот” ж.б.

Русланга күйөөгө тийгенден бери көзүмөн жаш тыйылбайт. Эмне кылсам да жакпайм. “Туура эмес сүйлөдүң”, “Эмнеге аны карап күлдүң”, “Дүкөнгө кеткениңе он саат болду” деп, болбогон бир шылтоолорду таап ура берчү. Акыры кетүүнү чечтим. Бирок, боюмда бар экенин билип калдым.

9-классты бүткөндөн кийин, ата-энем бизге жардам беришиң керек деп, өздөрү менен базарга алып чыга баштады. Буга чейин деле сабактардан калып, соодага жардам берчүмүн. Университетке тапшыртабыз дешкен, сөздөрүнө турган жок.

Классташтарым Кытайга, Москвага же Түркияга окууга тапшыраарын айтышчу. Чынын айтыйын, көрө албай жаман болчумун.

Үч жыл базарда иштедим. Колума акча карматышчу эмес. Бул аралыкта төрт жолу бейтапканага жатып чыктым. Оорусам ата-энеме жакчу эмесмин. Тамчылатма алып араң жатсам, маңдайыма отуруп алышып дарыларга кеткен акчаны санап кейишчү.

Күйөөгө тийсем, базарга чыкпай турганымды жакшы билчүмүн. Билесиңерби, ушунчалык соодадан тажап кеткем, Руслан сунуш киргизгенде дароо макул болдум. А сүйлөшкөнүбүзгө 3 жума эле болгон.

— Апа, мен ажырашам.

— Эмне болду?

— Ал мага кол көтөрөт.

— Ошо элеби?

— …

— Кээде кызганып колун тийгизип коеттур, анын эч нерсеси жок.

— Апа…

— Ажырашып кайда барасың? Бир күйөөдөн чыккан деп эч ким албайт!

Көзүм көгөрүп үйүмө түн ортосу келсем, эч ким үн катчу эмес. Эртең менен кайра зөөкүр күйөөмүн колума салып беришчү. Башында үйүмө колдоо издеп качып келчүмүн, кийин пайдасы жок экенин билдим.

Кызым жети айлык болуп төрөлдү. Бир ай бейтапканада жаттык. Күйөөм бир да жолу басып келген жок.

Палатадан бир эже менен жакын болуп кеттик. Ал да баласын карап жатыптыр. Абалымды төкпөй-чачпай айтып бердим. Сиңдиси зомбулукка туш болгон аялдарга жардам берчү борбордо иштээрин айтып, телефон номерин берди.

Түнкү саат эки. Колумда 5 айлык кызым. Жарым сааттан бери жөө басып баратам. Кайда экенин билбейм. Мурдум дале канап жатат. Бул ирет токмогуна чыдай албадым. Шлепкачан, жука көйнөкчөн үйдөн качып чыктым. Баягы эженин сиңдисине чалдым.

Борбордо бир жылдай жашадым. Тагдырлаш аялдардын көптүгүнө таң калдым. Кийин ушул эле борборго катчы болуп жумушка кирдим. Окууга тапшырдым. Кызымды бала бакчага орноштурдум.

Апамын сөзүнө ишенип, чын эле ажыршсам кайда барам деп, коркуп жүрө берипмин. Мүмкүнчүлүктөр бир кадамдан башталат экен. Болгону бир кадам алдыга.

Учурда борбордун жетекчисинин орун басарымын. Мен келгенден бери жүздөгөн аялдарга жардам көрсөттүк. Өмүрү барам деп ойлобогон өлкөлөргө тажрыйба топтоп барып келдим.

Баса, турмушка чыккам. Күйөөм эң мыкты адам. Апам жаңылышыптыр.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын эжеме жоолук берсем, «муну өлгөнгө да алып барбайт» деп ыргытып салды

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Туура эмес сүйлөп алып аялыман айрылдым

Туура эмес сүйлөп алып аялыман айрылдым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.