Кызым менен неберемди айтпай туруп башкалар асырап алышты

2020.02.13, 16:40
727

Kaktus иликтөө. Үй-бүлө кызын жана небересинен кур калышты. Айтпай туруп башкалар багып алышкан.

Кыйналып турган учурда балдарды бердик

Ыкбал Кожогельдиева жана Жеңишбек Шамурзаевдин жети баласы бар. Анын ичинен алтоо өз балдары, жетинчиси – небереси, улуу кызынын кызы. Азыр жанында беш баласы калса да кичүү кызы Фарида жана небереси Малика табылат деп үмүт кылып жүрүшөт. 2016-жылдын 17-июнунда аларды ата-энелик укуктан ажыратышты. Ыкбал менен Жеңишбектин айтымында, бул процесс мыйзам бузуу менен ишке ашырылды. Себеби чечим кабыл алынган соттук отурумга балдардын атасы да, апасы да катышкан эмес. Жеңишбек Россияга иштеп кеткен, ал эми Ыкбалга эч кандай билдирүү келген жок.

Бардыгы 2014-жылы башталды. Үй-бүлө кыйын күндөргө туш келди. Оштогу жакшынакай үйүн таштап Бишкеке келүүгө аргасыз болушкан. Бирок андагы жашоо-тиричилик жубайлар күткөндөй болгон жок. Иш табуу оор болду, демек акча маселеси да кысталыш эле. Үй-бүлөсүн багуу үчүн ошол эле жылы Жеңишбек Россияга кетмекчи болду. Ыкбал улуу кызы менен бирге Бишкекте калып, эптеп тиричилигин өткөрүп турушмак.

Ыкбал менен Жеңишбектин Оштогу үйү

“Кичинекей балдарыбыз көп болгондуктан оңураак батирге чыга алган жокпуз, чынында андайга акчабыз деле жетмек эмес. Мен гезит жана майда-чүйдө сатып, соода кылдым. Башында улуу ккызым экөөбүз кезектешип жүрдүк. Бирибиз базарга чыгып, бирибиз кичинекей балдар менен үйдө калчубуз. Алгачкы айларда күйөөм да Россиядан иш таппай бизге акча сала албай кыйналды. Биздин күнүбүз өлбө жаным өлбө менен өтүп жатты” – деп Ыкбал эскерет.

Тааныштарыбыз жашоонун оор кырдаалына туш келген аялдарга жардам бере турган реабилитациялык борборго кайрылууну сунуштап калышты. Ал Ош базарынын жанында, Трудовая көчөсү 10 дареги боюнча жайгашкан экен.

Ал жактан Ыкбалга турак-жай бөлүп беришти. Ал эми кичүү кызын жана неберсин бутуна туруп кеткичекти Үй-бүлө жана балдар үчүн атайын реабилитациялык борборго (Белорусская 121) берүүсүн сунушташты. Ал кезде кыздар бир жарым жашта болушчу. Ыкбал улуу кызы менен кеңешип, жашы жете элек төрт баланы реабилитациялык борборго убактылуу калтыра турганы туура болот деп чечим кабыл алышкан. Бирок борборго кичүү кыздар гана кабыл алынып, улууларынан баш тартышты. 2014-жылдын 17-мартынан тартып Малика жана Фарида ошол жакта жашап калышты.

Маселен, КРдин балдар тууралуу Кодексинин 3-бөлүмүндөгү 43-беренеге ылайык, балдарды жайгаштырып жаткан учурда бир туугандарды ажыраткан болбойт, алардын кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан абалды эске албаганда.

Ошол эле учурда Ленин районунун администрациясы 2014-жылдын 17-марттагы токтому менен Жеңишбек кызы Фатиманы бир туугандарынан ажыратты.

Калган балдарды себебин айтпай туруп мамлекеттик камсыздоого алуудан баш тартышкан. Ошондуктан алар энесинин жанында калышкан.

Мен кызым Фатима менен неберем Маликага күн алыс каттап турчумун. Барган сайын кур кол барбай, бир нерсе алып алганга аракет кылам. Ленин районунун соцкоргоо бөлүмүнүн кызматкери Элмира Бекеновна (Аширбаева Элмира Бекеновна – Бишкек шаарынын, Ленин районунун социалдык коргоо бөлүмүнүн жетекчиси) бизди ар дайым колдоп жүрдү. Мамлекет бардыгына кам көрөт, сиз болгону жакшылап иштеңиз деп айтар эле. А мен мамлекетке ыраазычылыгымды билдирип, тынбай иштей бердим.

Бишкектеги реабилитациялык борбор

Ыкбал “посудомойка”, “уборщица” болуп, кыскасы жумуш ылгабай бардыгына иштей берди. Бирок негизги иши 10 кичирайондо гезит жана майда-барат нерселерди сатуу болчу.

Журналист Ыкбал бир жылга чукул жашаган кайрымдуулук борборуна барууга аракет кылды. Тилекке каршы, дарбазасы жабык экен. Кызматкерлер директор жок, жана качан келе турганы белгисиз, деген шылтоо менен ичине киргизбей коюшкан.

Кыздардын бирин сатууну сунушташкан

Кыздарын көруп туруу үчүн Ыкбал Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына келип, балдар менен жолугушууга уруксат бере турган багыттама алууга милдеттүү болчу. 

Аширбаеванын Kaktus.media’га билдиргенине караганда, алар багыттама бербей коюуга акысы жок, ошондуктан ата-энесинин биринчи суроо талабы менен эле берилет. Анын папкасында бир гана көчүрмө бар экен, демек Ыкбал эки жылдын ичинде кыздарга бир эле жолу келип кеткен.

Ал эми Ыкбалдын өзүнүн айтымында, ноябрь айынан бери башка багыттама ала албай койгон. Себеби ага: же балдарды алып кет, же болбосо толугу менен баш тарт, деген шарт коюлган.

“Мен кантип кыздарыман баш тартмак элем? Өз каныман жаралган балдарым болуп турса. Албетте, ага көнбөй кыздарым менен көрүшүүгө уруксат берүүсүн өтүнө бердим” – деди ал.

2015-жылдын декбарь айында Ыкбалдын сөзү боюнча аны Эльмира Аширбаева сүйлөшөлү деп чакырган. Барганында балдар үчүн акча сунуштаган. Жакшы үй-бүлө бар, бир кызыңарды багып алууга даяр, жакшы акча сунуштап жатышат, деген экен.

Бишкектеги ижарага алган турак жайы

Бул сүйлөшүүнү тастыктан бир да далил жок.

“Канча акча сунуштаганы эсимде жок. Мен үчүн күтүүсүз болгондуктан сураган да жокмун. Мындай акча менен берки балдарыңды бутка тургузуп аласың, мынча кыйналбайсың – деп айткандары эсимде. Албетте, мен макул болгон жокмун. Өз балдарымды кантип сатмак элем?” – деп нааразы болду.

Эльмира Аширбаева бул фактыны мойнуна алган жок. Бул болгону жоопкерчиликтен качуунун бир амалы, - дейт ал.

Анын өзүнө да, Ыкбалга да эч ким акча сунуштаган эмес – деп кесе сүйлөдү. Бирок үй-бүлө көрсөткөн диктофондук жаздырууда, кыздарды алам деп көп киши келип, акча сунуштаган, деп айтканы бар экен.

Үй-бүлө сотко катышпай туруп кызынан кол жууду

2016-жылдын февраль айында, Ыкбалга сотко чакыртма келген. Анда доогер Ленин районунун соцкоргоо бөлүмү экен. Соттун биринчи отуруму 2016-жылдын 3-мартында, Ленин райондук сотунда өткөн. Андан тышкары дагы төрт отурум бар болчу. Акыркы чечүүчү, төртүнчү отурумга Ыкбал катышпай калган. Себеби, ага сотко чакыртма келген эмес.

Бул тууралуу соттук иштин материалдары да тастыктайт. Анда 2016-жылдын 17-июнга карата чакыртма жок. Так ушул отурумда Ыкбалды ата-энелик укуктан ажыратуу чечими чыгарлыган.

Мага бир аял телефон чалып, катчы экенин айтты. Менин ата-энелик укуктан ажыратылганымды кабарлап, мындан кийин кызым Фатиманы көрө албай турганымды билдирди.

Өз укугун жакшы билбеген Ыкбал, бардыгын бүткөн иш катары кабыл алып, ыйлап, күйөөсүн күтүп кала берди.

Белгилей кетчү факт Ленин районунун социалдык коргоо бөлүмүнүн үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн атынан ишеним каттын негизинде, социалдык кызматкер Екатерина Григорьева чыккан.

Белгилей кетчү нерсе, КРдин өкмөтү 2012-жылдын 29-февралында социалдык кызматкер тууралуу жобо боюнча №157чи болуп бекитилген токтомго ылайык, социалдык кызматкер мыйзам чегинде балдардын кызыкчылыгын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарда алып чыгууга ыйгарым укугу жок. Социалдык кызматкердин милдети катуу регламентке алынган.

Демек, Екатерина Григорьеванын сотко баланын кызыкчылыгын коргоп катышууга акысы жок болчу.

Соттук чакыртмаларды жөнөтүү реестрине ылайык, чакыртмалар Трудовая көчөсү, 10 дарегине жана үй бүлө катталган Ош шаарындагы дарек боюнча жөнөтүлгөн.

Ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча сот процесси жүрүп жаткан учурда Ыкбал кайрымдуулук борборунда жашабай калган. Ал 2015-жылдын соңунан тартып “Дордой-2” жаңы конушунда турчу. Бул үйдү мыкты деп айтуу албетте мүмкүн эмес.

Бирок ал кризистик борбордо да, Оштогу үйүндө да жашаган эмес. Сот анын “Дордой-2ге” көчүп кеткендигин билген жок.

Кайрымдуулук үйүнүн директору Уркуя Исманованын, 2019-жылдын 26-ноябрында журналистке берген маалыматына караганда, Ыкбал ал жерден 2015-жылдын аягына чейин эле чыгып кеткен.

“Бизде 2015-жылдын документтери бар. Алардын арасында мындай ат менен катталган эч ким жок экен. Ал эми 2014-жылдын материалдары архивге кеткен”, - деди директор.

Ленин районунун соцкоргоо бөлүмүнүн кызматкери Эльмира Аширбаева, алар оз тарабынан талап кылынган бардык шарттарды аткарганын редакцияга билдирди.

“Биз ага турак-жай бердик. Балдар боюнча Кодекске ылайык, кыздарды атайын мекемеде алты айдан ашык эмес кармоого укуктуубуз. Бирок, биз анын абалын түшүнүү менен кабыл алып, бир нече жолу мөөнөтүн узарттык. Ыкбал аларды келип алып кеткиси келген эмес. Балдарды көргөнү да келген жок. Кыздар ал жакта болгондо, бир эле жолу келген экен. Биз аны менен сүйлөшүп, балдарды алып кет деп айтчубуз, бирок ал каршы чыккан”, - дейт Аширбаева.

Анын айтканына караганда Ыкбал күйөөм жок, Россияга кеткен, ошондон бери кабары жок, деп айтчу экен.

Бардыгы мыйзам чегинде болду. Ата-энелик укуктан ажыратуу процесси да энесинин катышуусу менен өттү. Мен бардыгына айта берип, актана берип тажадым. Албетте балдарды эч ким саткан эмес. Мындан башка айта турган сөзүм жок.

Белгилей кетсек, редакция Ленин сотунун канцеляриясына кайрылып, Ыкбал менен Жеңишбекти ата-энелик укуктан ажыратуу ишине тиешелүү материалдарды берүүсүн сурандык. Документтердин көчүрмөлөрүн соттун катчысы берди.

Балдарды кайтаруу аракеттери

Женишбек Шамурзаев Кыргызстанга 2017-жылы кайтып келген.

“Мен ал кезде иштеп акча таба баштагам, бирок тапканымдын бардыгы адвокаттарга кетип жатты. Көптөгөн соттор болду, алардын бардыгы биздин доо-арызыбызды четке кагып жатышты”, - дейт Жеңишбек.

Учурда Ыкбал балдарды карап үйдө, Женишбек шаар аралык маршруттарда таксист болуп иштейт.

Жашоо шарттары оор болгонуна карбастан балдар жөлөк пул алышпайт. Үй-бүлө билдирүү таштаган, бирок аларга жөлөк пул берүүдөн баш тартышкан. Себеби, үйү бар, телевизор бар, керек болсо унаасы да бар. Улуу кызы, Маликанын апасы, Россияга иштегени кеткен.

Үй-бүлөнүн адвокаты Аида Шаимканованын өтүнүч катына ылайык, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн иш алып баруусунда логика жок.

Анын пикири боюнча, балдар тууралуу Кодекстин бир нече беренелери одоно бузулуп жатат. Мисалы, 24-берененин 6-пунктунда мындай делет: “Эгер ата-энесинин баланын үй-бүлөдөн тышкары жайгашуусу боюнча макулдугу жок болгон учурда үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү ата-энелик укукту чектөө же ажыратуу үчүн материалды сотко жөнөтөт”. Бирок иш боюнча материалдарда ата-энесинин макулдугу же балдардан баш тарткандыгы тууралуу эч кандай жазуу түрүндө материал жок.

Иш боюнча материалдарда баланы асырап алган үй-бүлөгө берүү жөнүндө катардагы келишим камтылган, анда мамлекет асырап алган үй-бүлөгө төлөнүүчү сумма көрсөтүлгөн.

Юрист мындай суроо берип жатат: эмне үчүн Ленин районунун үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү Ыкбал Кожогельдиеваны ата-энелик укуктан ажыратып, аргасыз чара көргөндүн ордуна, энени колдоого каражат табуу аракет көргөн жок? Бул иш аракет ошондой эле балдар тууралуу Кодекстин 59-беренесин одоно бузуу болуп саналат жана баланын үй-бүлөдө тарбия алуу укугунан ажыратып жатат.

Жеңишбек биринчи кезекте, соттун чечимин кайра карап чыгуу укугун калыбына келтирди. Анткени анын мөөнөтү өтүп кеткен. Сот отуруму өтүп жаткан кезде өлкөдөн сырткары болчу, ошого байланыштуу ага катыша алган жок. 2017-жылы соттун чечими менен ата-энелик укугунан ажыратуу буйругун кайра карап чыгуусун талап кылуу акысын кайтарып беришти.

Жеңишбек өз күчү менен кызы бир канча убакыт фостер үй-бүлөсүндө болгонун аныктаган, бирок аны багып алган апасы каза болуп калгандан кийин, баланы кайрадан реабилитация борборуна алып келишкен.

Ата-энелик укугун кайра кайтарып берүү боюнча сот отуруму өтүп жатканда, камкордук органдары Жеңишбектин кыздары Фатима менен Малика багып алууга кеткендигин билдиришкен.

Ата-энелер өз кыздарын Мамлекеттик каттоо органдары аркылуу издей башташкан. Кожогельдиева менен Шамурзаевдин айткандарына караганда, бардыгы оозеки гана айтылып, жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылышкан эмес.

2019-жылды сентябрь айында кызынын фамилиясы өзгөртүлбөгөнүн билүү үчүн ЗАГСка кайрылышкан.

“ЖААКтын кызматкери кызыбыздын документтери камтылган папканы чыгарып алып, издеп баштады. Мага да кызык болду, ошондуктан кагаздарды мен да карай баштагам. Арасынан бир эркек кишинин аты-жөнү көзүмо илинди. Ошондо ЖААКтын кызматкери кызды багып алышканын айтып, папканы жаап салды. Так ошол эркек киши менин кызымдын жаны атасы экенин түшүндүм”, - деп эскерди Жеңишбек.

Мамлекеттик салык кызматынын (ГНС) ачык базалары аркылуу Жеңишбек ал кишини таап, дарегин да аныктаган. Ошондой эле өзүнүн биологиялык ата-энесине окшош кыздын сүрөттөрүн “Одноклассники” социалдык тармагынан да табышкан.

Дароо ошол жака баргым келди. Бирок корктум. Кызымды катып коюшса кантем? Такыр көрө албай каламынбы?

Kaktus.media сайтынын журналисти аталган дарек боюнча Ысык-Көл облусуна барып келди. Ал дарек боюнча учурда алты жашка чыгып калган Фатиманын атасы катталган экен. Үй эч ким көп жылдан бери жашабай калган эски там экен. Ал эми аталган үй-бүлө көп жыл мурун эле айылдын аркы башына көчүп кетишиптир. Муну коңшулары айтып беришти.

Өмүрбектин үй-бүлөсүндө Фатимадан тышкары дагы үч баласы бар экен. Фатиманын атын өзгөртүп алышыптыр.

Кошуналарынын айтымында, улуу баласы үйлөнүп ата-энесинен бөлүнүп кетиптир. Ортоңкусу 11-классты бүтүрүп, мал-чарба менен алек. Кичүү кызы 9-класс окуйт экен. Өзу ири компаниялардын биринде эмгектенет.

Кошуналары аларды жакшы үй-бүло деп сүрөттөшкөн. Балдарынын бардыгы кийинген-ичинген. Алты жаштагы кичүү кызы бакчага барат, ата-энесин аябай жакшы көрөт.

Биз Өмүрбектин өзү менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө аракет кылдык. Анын номерин улуу баласы берген. Бирок Өмүрбек дооматтардын бардыгын сот аркылуу билдиргиле деп, кызын бербей турганын айтты.

Төмөндө телефон сүйлөшүүнүн стенограммасы:

  • Кыз ата-энесинен мыйзамсыз ажыратылды деп божомолдоого негиз бар.
  • Андай болушу мүмкүн эмес. Алар такыр эле болбой калган кишилер турбайбы. Энеси алкаш, балдарын карабайт экен.
  • Сизге муну ким айтты?
  • Кызды кайсы жерден алсам, ошолор айтты.
  • Атасынчы, эмне дешти?
  • Анын атасы жок экен. Өгөй атасы бар имиш, бирок бирге жашабайт экен.

Ошол эле учурда редакциянын расмий түрдө жөнөтүлгөн суроосуна МККда Фатима Жеңишбек кызынын аты-жөнү өзгөртүлгөн эмес, деп жооп беришти.

Бирок, Ысык-Көл облусундагы кыздын аты жана фамилиясы башка экен. Бул эки башка бала болуп калышы мүмкүнбү? Фатиманын ата-энесинин айтымында андай болушу мүмкүн эмес. Биринчиден, баланын жаңы атасынын фамилиясы, Жеңишбек ЗАГСта документтердин арасында көргөн фамилия менен дал келишип жатат. Көлдө жашаган кишинин да фамилиясы ошондой, ал да кыз багып алган. Экинчиден, Фатиманын биологиялык ата-энеси социалдык тармактан анын жубайын жана улуу баласын таап алышкан. Алардын сүрөттөрүндө Фатима бар экен. Кызды Ыкбал да, Жеңишбек да тааныды. Үчүнчүдөн, асырап алынган кыздын аты-жөнү өзгөртүлгөн экен. Бул маалыматты жеке булактардан аныктадык.

Небере кыз кайда?

Жеке булактардан экинчи кыздын, Жеңишбектин небереси Маликанын аты да фамилиясы да өзгөртүлбөгөнүн билдик.

Ата-энелик укукту кайра калыбына келтирүү иштин материалдарынын негизинде, бала 2016-жылдан бери чет өлкөдө экен. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги көрсөткөн маалыматка ылайык 2016-жылы асырап алуу фактысы боюнча 22 бала катталган. Бардыгы АКШга жөнөтүлгөн.

Ошол эле учурдаа Ленин районунун камкордук органы Малика Кыргрызстанда экенин редакцияга билдиришти. Алар Казакстанда ири бизнеси бар, абройлуу адамдар. Бирок алар, жана Малика Кыргызстандын жарандары.

Башкача айтканда документтер бири-бирине карама-каршы келип жатат. Малика чынында кайда экени белгисиз.

Ата-эненин кайсы укуктары бузулду?

Укук коргоочу Назгүл Турдубекованын айтканына караганда, бул анын иш тажрыйбасындагы биринчи жолку көрүнүш эмес. Өз укугун билбеген аялдар, балдарын алдыртып ийишет.

Турдубекованын пикири боюнча, Ыкбалдын абалында камкордук органдары өздөрүнүн кайдыгерлиги менен балдардын биологиялык үй-бүлөдө жашоо укугун одоно бузушкан. Балдарды эненин жанында алып калууга аракет кылуу, жана үй-бүлөгө ар-тараптуу көмөк көрсөтүү алардын түздөн түз милдети болчу.

“Бул журналисттик иликтөөнүн материалдары көрсөтүп тургандай, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жардам сурап келген энеге көмөк көрсөтүүнүн ордуна, үй-бүлөгө социалдык жана материалдык жактан жардам бербей туруп, балдарды биологиялык үй-бүлөсүнөн ажыратып, балдар үйүнө жайгаштырышкан. Ал жерде бир баланы камсыздоо үчүн бюджеттен айына 20 000 сом бөлүнөт. Эсептесек, эки балага 40 000 сом айына. Ошол каражатты таап, үй-бүлөнү колдоого жумшаса болот беле?” – дейт укук коргоочу.

Анын оюу боюнча бир жарым жаштагы балдар ошол учурда психикалык жана физикалык ден соолугуна терс таасирир тийип, чон стресске туш болушса керек.

Бул үчүн ким жооп тартат? Кыргызстанда калктын 38%ы жарды жашайт. Андай боло турган болсо, эмне үчүн соцөнүктүрүү башкармалыгы алардын бардыгын ата-энелик укуктан ажыратпайт? Эмне үчүн укук коргоо тажрыйбасында мындай айырмачылыктар болуп жатат?

Анын айтканына караганда Кыргызстандын Конституциясына ылайык, жардылык балдарды үй-бүлөсүнөн ажыратууга себеп боло албайт. Турдубекованын пикири боюнча бул окуяда Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы – балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, жана ошондой эле акимиат баланын кызыкчылыгын коргошкон эмес.

“Аталган үй-бүлөнүн окуясы үй-бүлөнү коргоо үчүн жетишээрлик аракеттер көрүлбөгөнүн ачык көрсөтүп турат. Тескерисинче, өз балдары үчүн социалдык жактан коопту деп саналбаган энени ата-энелик укугунан кыска убакыттын ичинде ажыратып жатышат. Бул нонсенс!” – дейт ал.

Бул иш аракеттер тетирисинче, шашылыш түрдө балдарды ата-энесинен ажыратып, коррупциялык кызыкчылык орун алганын көрсөтүп тургандай. Кандай максатта?

Редакция документтердин бардыгын көз карандысыз эксперттерге – Баланын укугун коргоочулардын лигасынын юристине өткөрүп берген. Ал төмөндөгүдөй корутундуларды чыгарып берди:

  • Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын 17.03.2014-жылдагы №60 токтомуна ылайык, жашы жете элек Жеңишбек кызы Фатима менен Жеңишбек кызы Малика убактылуу Атайын балдар үйүнө жайгаштырылган. Ошол эле токтомдун негизинде жашы жете элек 2003-жылы туулган Жеңишбек уулу Эмирбек жана 2010-жылы туулган карындашын балдар мекемесине алуудан баш тартышкан. Андан тышкары, аталган токтомдун негизинде Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына бул үй-бүлөнү контролго алуу тапшырмасы берилген.

Ленин акимиаты КРдин Кодексинин балдар тууралу нормалары жана оор турмуш кырдаалына туш болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо тартиби тууралуу жобосу одоно бузулган (КР ӨТ 2015-жылдын 22-июну, №391)

Маселен, КРдин Балдар тууралуу Кодексинин 28 беренсинде жашоонун оор кырдаалына туш келип калган балдарды коргоо тармагында жергиликтүү мамлекеттик администрациянын функциялары аныкталган. Бул беренеде Ленин райондук администрациясы оор турмуш кырдаалына туш келген балдарды интернат тибиндеги мекемелерге жайгаштыруу укугу бар деген норма жок.

Балдар тууралуу Кодекстин 37беренесинин 2бөлүмүнө ылайык, балдарды алты ай мөөнөтүнө чейин интернаттык мекемелерге убактылуу жайгаштыруу, ушул берененин 1-бөлүмүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөндөй, менчик формаларына карабастан, психолого-медико-педагогикалык комиссиянын жана ошол интернаттык мекемелер алардын ведомстволук карамагында болгон балдарды коргоодо ыйгарым укугу бар органдын корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.

Демек, Ленин районунун СӨБ баланы 6 айлык мөөнөткө убактылуу Атайын балдар үйүнө жайгаштыруу боюнча буйрук чыгарууга милдеттүү болчу. Ошол эле учурда, дагы бир ирет белгилеп кетебиз, КРдин Балдар тууралуу Кодексинин 37-беренеси жана баланы үй-бүлөсүнөн тышкары жайгаштыруу жобосу соц өнүктүрүүгө да, Ленин райондук администрациясына да, баланы Атайын балдар үйүндө калуу мөөнөтүн узартуу укугун бербейт.

Үй-бүлө менен индивидуалдуу иштешүү планынын жана баланы коргоо индивидуалдуу планынын долбооруна оор турмуш кырдаалына туш келген балага жана үй-бүлөгө, аларды колдоого жана ийгиликтүү өнүгүшүнө, андан тышкары ата-энесинин тарбия берүү жөндөмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн бекемдетүүгө багытталган социалдык, укуктук, психолого-педагогикалык кызмат көрсөтүү боюнча медициналык жардам берүү боюнча бир катар иш чаралар камтылышы керек болчу.

Мисалы:

  1. Ыкбал Кожогельдиеваны профессионалдык окутууга жөнөтүү (аткаруучу - Ленин районунун СӨБ жетекчиси).
  2. Ишкек орношуусуна жардам берүү (аткаруучу - Ленин районунун СӨБ жетекчиси).
  3. Балдарды мектепке чейин жана мектепке киргизүүсүно көмөк көрсөтүү (аткаруучу – билим берүү бөлүмүнөн жетекчиси).
  4. Убактылуу турак жай табууга жардам берүү (аткаруучу – Ленин районунун муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси).
  5. ҮМБга медициналык учетко туруусуна жардам берүү (аткаруучу – УМБнин директору).

Индивидулдык пландардын долбоорлору иштелип чыккандан кийин Ленин районунун соцөнүктүрүү башкармалыгы аны Ленин райондук администрациясына караштуу балдар иши боюнча комиссиясынын карап чыгуусуна киргизиши керек болчу (КРдин Балдар тууралуу Кодексинин 27-беренеси жана 2017-жылдын 24-июлунда №449 болуп КРдин ӨТ тарабынан бекитилген балдар иши боюнча комиссия тууралуу жобо).

Балдар иши боюнча комиссиянын протоколуна ылайык, Ленин райондук администрациясынын жетекчиси индивидуалдык пландардын долбоорлорун токтом же буйрук менен бекитип, алардын аткарылышын көзөмөлдөп же мониторинг жүргүзүп турушу керек болчу (КРдин Балдар тууралуу Кодекси 28-берене).

Бекитилген индивидуалдык пландарга ылайык,  оор турмуш кырдаалына туш болгон үй-бүло жана баланы андан чыгаруу үчүн мамлекеттик жана башка жардам көрсөтүлүшу керек болчу. Мамлекеттик жана башка кызматтар балдары бар үй-бүлө оор турмуш кырдаалынан чыкканга чейин берилүүгө тийиш.

Оор турмуш кырдаалына туш келген баланы жана үй-бүлөнү Ленин районунун соцөнүктүрүү башкармалыгынын учетунан алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот: бала жана үй-бүлө үчүн оор турмуш кырдаалын түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу, үй-бүлө менен иштешүү боюнча индивидуалдуу планга жана/же баланы коргоо боюнча индивидуалдуу планга ылайык балага жана үй-бүлөгө социалдык колдоону сунуштоо.

Бирок Ленин районунун соцөнүктүрүү башкармалыгы, КРдин Балдар тууралуу Кодексинде жана 2015-жылдын 22-июнундагы №391 КРдин ӨТда көрсөтүлгөн түздөн-түз функцияларын аткарбастан, Жеңишбек кызы Фатиманы энеси Ыкбал Кожогельдиевадан жана бир туугандарынан ажыраткан.

Бул жерде кийинки суроолор пайда болот:

  1. Эмне үчүн Бишкектеги Атайын балдар үйүнө Женишбек кызы Фатима менен Жеңишбек кызы Малика эле кабыл алынды?
  2. Эмне үчун Кожогельдиеванын башкажашы жете элек балдарына анын жанында болууга уруксат берилди?
  3. Эмне үчүн Ленин районунун соцөнүктүрүү башкармалыгы жана Ленин райондук администрациясы жашы кичинекей Жеңишбек кызы Фатима менен Женишбек кызы Маликага эле кызыкдар болушкан? Экөө тең 2013 жылы туулган.
  4. Эмне үчүн Ленин районунун соцөнүктүрүү башкармалыгы Кожогельдиева менен Шамурзаевди Жеңишбек кызы Фатима менен Женишбек кызы Маликага карата эле ата-энелик укугунан ажыратуу үчүн сотко өтүнүчү менен кайрылган, ал эми башка балдарын эске алган эмес? Бардык балдардын укуктары бирдей экенин эске алганда, бир балага жакшы, экинчисине жаман болууга жол берилбеш керек.
  5. Эмне үчүн Ленин районунун соцөнүктүрүү башкармалыгы аталган үй-бүлөнүн башка жашы жете элек балдарынын кызыкчылыгын коргогон жок? Алар да оор турмуш кырдаалына туш келишкен болчу.

Ошондой эле Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жыл сайын берилген отчетторунда, мамлекеттик социалдык саясат оор турмуш кырдаалына туш келген үй-бүлө жана балдарга өз убагында жардам көрсөтүү жана аны алдын ала аныктоого багытталган деп белгиленген жана белгиленип келет. 

Иш боюнча материалды иликтеп чыккан Балдардын укугун коргоочулардын лигасынын юристи, Кожогелдиева жана Шамурзаевдин материалдары соцөнүктүрүү башкармалыгы жана балдар иши боюнча комиссия социалдык жардам эмес, жаза функциясын колдонуп келгендигин көрсөтүп койду, деген чечимге келди.

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен “Иликтөө журналистикасынын фонду” Коомдук фондунун “КРдеги иликтөө журналистикасын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында даярдалды. Материалдын мазмуну “ПроМедиа Плюс” коомдук фондунун жоопкерчилигинде. Материалда айтылган пикирлер сөзсүз түрдө “Иликтөө журналистикасынын фонду” Коомдук фондунун жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун көз карашын чагылдырат дегендик эмес.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт