// //

Күйөөм менен 20 жыл жашагандан кийин мага эмне жетишпегенин билдим

2022.10.05, 17:59
21497

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Акылынан тайган немедей эки жака баса бердим"

Турмушка чыккандан кийин өзүмдү арткы планга жылдырып, күйөөмдүн, кайын-журтумдун кызыкчылыктарын биринчи орунга койдум. Төрт бала төрөдүм, карып калган кайын энемди бактым, күйөөмдүн ишине жардам берип, үй алалы деп тытындым. Үйгө жеткенден кийин усталарга кошулуп оңдоп-түзөө иштерине катыштым. Кыз узаттым, куда-сөөк тостум.

Чоң энемди тартып колум жөндөмдүү кыз элем. Сабак аткаргандын ордуна, ар кандай кийимдердин моделдерин ойлоп таап, сүрөт тартып отура берчүмүн. Дептерлеримдин артынын баары сүрөт. Бул үчүн апаман канча ирет уруш уктум. Батыраак чоңоюп, ателье ачкым келчү.

Көр тирилик кыялдарымды жеңип кетти.

Жубайлык, келиндик, энелик ролумду мыкты аткардым. Бул үчүн мага Оскар берсе жарашат. Бирок, бир нерсе жетишпей жаткандай сезиле берчү. Балдарым, же күйөөм жок мен эч ким эмес элем. Кылган ишимдин баары алар менен байланыштуу болчу. Мен киммин? Мага эмне жагат? Бактылуумунбу? Билбейм.

Бир күнү телевизорду жандырып коюп тамак жасап жаткам. Кайсы канал экенин деле билбейм. Жайкы мода көргөзмөсү башталды. Көйнөктөр! Кандай кана кооз! Бирок, тиги деталы ашыкча. Эгер ал жерин алып туруп, жөн гана топчу кадап койсо сонун көрүнүп калат. “Апа, эмне деп жатасыз?” Берилип кетипмин, уулум келип чочутуп жиберди.

Унутуп калган кыялымды эстедим.

Ушунча жылдан бери мага эмне жетишпей жатканын билдим. Бир орунда тура албай, акылынан тайган немедей эки жака баса бердим. Калем! Калем! Барак таап көйнөктөрдүн моделин тарта баштадым. Жүрөгүм жарылып кетчүдөй согуп жатты.

- Ателье ачсам кандай болот.

- Койчу, кайдагыны баштабай.

- Мен өзүмө жаккан иш менен алектенгим келет.

- Сага ким коюптур.

- Ушунча убакытымды сага арнадым. Эмне үчүн менин кыялымды четке кагып жатасың? Эмне үчүн баары сен айткандай эле болот? Эмне үчүн сенин пландарың менен эле жашайбыз?

Күйөөм экөөбүз катуу уруша кеттик. Аябай ачууландым, буркурап ыйладым. Ушуга чейин күйөөмө каршы сүйлөгөн эмесмин. Баарын анын оюндагыдай жасап келгем.  

Туптуура бир жума сүйлөшкөн жокпуз. Көңүлүм жок эшик шыпырып жүргөм. “Кечирип койчу”, - деп күйөөм жаныма басып келди. Таң калып  туруп калдым. “Итчилик менден кетти. Мага ар дайым жардам бергениңди, сенин колдооң менен далай бийиктиктерге жеткенибизди өзүмчүлдүк кылып унутуп коюпмун. Сен мага бардыгын шашпай айтып бер. Экөөбүз бирге ойлонуп, кандай кыларыбызды чечели. Колуман келген жардамымды берем”,- деди.

Түнкү саат эки. Ателье. Кезектеги буйрутмамды тигип жатам. Чарчадым, уйкум келе баштады. Бирок, менден өткөн бактылуу киши жок.

Үй-бүлөдө өзүмчүлдүккө орун жок. Мамиле ар дайым эки тараптуу болууга тийиш. Аял менен күйөөсү бирин-бири колдоп, туура түшүнүп турса эле баары жакшы болот. Ишенип койгула!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт