// //

“Үч мүнөт эрежеси” жөнүндө ар бир ата-эне билүүгө милдеттүү

2021.08.30, 14:57
1776

Көрсө, кичинекей бала менен ата-эненин ортосунда “үч мүнөт эрежеси” болууга тийиш экен. Бул тууралуу психолог Наталия Сиротич айтып берди. Көпчүлүк ата-энелер бул эрежени колдоно баштагандан тартып, балдар менен болгон мамилеси кыйла оңолгонун билдиришкен.

Ар дайым балаңыз менен көрүшүп, же учурашып жатканда көп жылдан бери көрбөгөн жакын досуңду көргөндөй кубанып тосуп алуу керек. Айырмасы жок, бир жума көрүшкөн жоксуңарбы, бир күн же бир нече саат. Баланы бакчадан алып кеткенде, мектептен тосуп алганда, кучак жайып чын дилиңерден сүйүнүп учурашкыла.

Бир деңгээлде болгула

Өйдөдөн төмөн карап эмес, бала менен бир деңгээлде болуу үчүн ылдый отургула. “Кандайсың?”, “Мен сени сагындым”, “Бүгүнкү күнүң кандай өттү?”, “Мен сага жеткиче шаштым кетти”. Алгачкы мүнөттөрдө бала аны менен болгон бардык окуяларды сизге айтып берүүгө, бөлүшүүгө шашылат.

Анын айтып бергендерин кунт коюп уккула. Окуяларына тиешелүу реакция жасагыла. Ийгилиги жөнүндө айтып берсе кубангыла, күлкүлүү окуя айтса, күлгүлө, арызданса, кайгысын тең бөлүшүп, көйгөйүн тең бөлүшүп колдоо көрсөткүлө.

Адатта ата-энелер балдарын кантип тосуп алышат?

Колубуздан телефон түшпөйт, “Жүр, тезирээк!”, “Бат-баттан кийин!”, “Кебетең кантет?”, “Эки алган жоксуңбу?”. Жумуштан үйгө кирип келсек, “Эмнеге үй чачык?”, “Дагы эле сабагыңды окуй элексиңби?”, “Мен чарчадым!” ж.б

Канча убакыт бөлгөнүң маанилүү эмес, башкысы - эмоционалдык жакындык

Кээде бир нече мүнөт чер жазып сүйлөшүү, бир күн кечке жанында болуудан артык. Чоң кишилер, эгер балаң жаныңда жүрсө, а сен өз иштериңди бүтүруп жатсаң, демек бардыгы жайында деп эсептешет. Жок андай эмес.

Ата-эне үчүн жана бала үчүн бирге убакыт өткөрдүк деген түшүнүк ар башка

Чондор үчүн баласы фон катары тегеректе жүрсө эле болду, анын көңүлү тынч. Ал эми бала үчүн бул атасы же апасы телефонду өчүрүп коюп, бири-бириңди карап сүйлөшүү, аны угуп жатканы, башка ишке алаксыбай балага гана убакыт бөлгөн учурду бирге болдук деп эсептейт.

Бала эч качан сизге ачылбайт, эгер сизде андан да маанилүүрөөк иштериңиз, көйгөйлөрүңүз бар экенин сезип турса. Албетте, бул ар дайым эле анын оюу менен болуп, ар дайым анын жанында жүргүлө дегендик эмес.

Бирок бир күндө үч мүнөттөн кем эмес убактыңарды балага гана арнагыла. Алдыңа отургузуп алып, же маңдай тескей бири-бириңерди карап сүйлөшкүлө. Маанайы кандай? Бүгүн эмне иш кылды? Өзүн кандай сезип жатат? Эмнелерди көрдү? Кандай ойлор тынчын алып жатат? Кайсы нерсеге кубанды? - ушуларды сураңыз.

Убакыт суудай агат. Балдарыңар бир заматта чоңоюп, эс тартып калат. Убагында аларга убакыт бөлбөсөңөр, кийин силерге ачылып сүйлөп бере албайт. Ошондуктан эмитеден ишенимдүү мамиле курууга аракет кылгыла.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт