// //

Апамдын үйүнө кетсем күйөөм сойкуларга барыптыр. Эмне кылсам болот?

2021.01.13, 11:49
1815

Саламатсызбы! Мен төрөп, апамдын үйүнө кыркымды чыгарганга кетсем, күйөөм сойкуларга барыптыр. Аны мен келгенден кийин телефонундагы "запистерден" улам билдим. Эми жолдошумдун ошолорго барганын билип, элестетип алып аябай жийиркенип атам. Ортодо эки балабыз. Бассам-турсам ошол "запись" кулагыма жаңырып, өзүмдү коерге жер таппай жатам. Канткенде бул нерсени эстебей кое алам? Канткенде жолдошума мурункудай мамиле кылам? Ажырашып кетким келди, бирок кайдагы бир сойку үчүн эки баламды жетим калтыргым келбей жатат. Бирок, жолдошумдун мага кылган кыянаттыган эстесем качып кетким келет. Кандай кеңеш бересиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.01.2021, 11:50

Асель Баимбетова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Мындай жагымсыз абалга туш болгонуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Тилекке каршы, бул окуядан кийин ортодогу мамиле мурдагыдай болбой калат.

Күйөөңүз менен ачык сүйлөшүп, ага нааразычылыгыңызды, үй-бүлөңүздү сактап калгыңыз келээрин айтыңыз. Ошондой эле, бул жөнүндө сизден кечирим сурашын, мындай көрүнүш экинчи кайталанбай турганынын каалап жатканыңызды түшүндүрүп берүүңүздү сунуштайм. Андан эмне угууну же алууну каалайсыз, бир гана өзүңүз чечесиз. 

Шартыңыз болсо психологго кайрылыңыз, же сиз сыйлаган жана ишенген адамдан жардам, кеңеш сураңыз.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет

Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт