// //

Жакындарыңыз сизди түшүнүүсүн каалайсызбы? Анда туура сүйлөгөндү үйрөнүңүз

2020.10.14, 13:58
3420

Психологдор терс эмоцияларды ичте кармабагыла деп кеңеш беришет. Ачууңду басып, сабырдуу болуу же таарынычыңызды билдирбей эч нерсе болбогондой жүрө бергендик эч кимге пайда алып келбейт. Мындай жүрүм-турум менен сиз өзүңүздү да, жакындарыңызды да алдай албайсыз.

Анткени адамдын үнү, кебетеси, көз карашы, интонациясы анын ичинде кандай эмоциялар болуп жатканын билдирип коет.

Ошондо жакын адамдар менен кантип сүйлөшүү керек? Кантип аларды таарынтпай туруп жеке оюңду билдире аласың? Бул нерсеге үйрөнүү мүмкүнбү? Бул суроолорго психолог Асель Баимбетова жооп берди.

Жакындарыңыз сизди түшүнүүсүн каалайсызбы? Анда туура сүйлөгөндү үйрөнүңүз. Бул жөндөмдү өрчүтүп алса болот.

Биринчиден, сүйлөшүп жатканда “Сен + билдирүү” тактикасын колдонбоңуз. Мисалы: Сен алдадың, сен сөзүңө турган жоксуң, сен мени таарынттың, сен ар дайым ушинтесиң.

Андан көрө “Мен + билидирүү” ыкмасын колдонуп көрүңүз.

  1. Мында өзүң көрүп, угуп, сезип жаткандарыңды айтасың. Так жана даана, апыртпай, жеке фантазиялары кошпой. Мисалы, сиз адатта мындай деп айтасыз: Сен саат 10до келем дебедиң беле, бирок 11 де келдиң.
  2. Сиз үчүн бул ойдун мааниси төмөнкүчө: Мен үчүн сенин өз убагында келишиң маанилүү болчу. Анткени бүгүн экөөбүздүн үйлөнгөн күнүбүз, бул кечти сени менен бирге өткөргүм келген.
  3. Бул окуядан кийин сиз кандай сезимдерге туш болдуңуз. Мисалы: Мен аябай капа болдум.
  4. Эми эмнени каалап жатасыз. Мисалы: Мен экөөбүздүн өздүк майрамызбызды бирге өткөргүм келет.
  5. Конкреттүү түрдө, азыркы учурда сизге эмне керек, түшүнүктүү кылып айтыңыз. Мисалы: Экөөбүз бирге киного барып келеличи?

Адатта жашоодо кандай болот:

  1. Сен мени кайра алдадың. Сен ардайым ушинтесиң, жоопкерчиликсиз мамиле кыласың!
  2. Мен экөөбүз бирге болобуз деп ойлогом. Өзүнчө эле даярданып алгам.
  3. Сенин жоопкерчиликсиздигиң тажатты!
  4. Болду, мага сенден эч нерсенин кереги жок! Мындан ары такыр суранбайм!
  5. Эми мен сенден суранып, жалдырашым керек экен да?! Андан көрө эч нерсе сурабай эле койдум! Өз оокатымды өзүм кылып жүрө берем.

Ооба, билем. Башында мындай ыкмага өтүү абдан оор. Бирок улам-улам аракет кыла берсеңиз, акыры ийгиликке жетесиз. Эске сала кетчү нерсе, айрым адамдар канчалык жакшы сүйлөп жатсаң да ар бир сөздө негативди гана угушат. Андайларга эч нерсе жакпайт, кайсы жерде болбосун чыккынчылыкты издей беришет. Ошого карабастан “Мен + билдирүү” ыкмасын колдоно бериңиз.

Эмне үчүн унчукпай койгон болбойт?

Бизде эмоция жаралганда аны менен бирге энергия да пайда болот. Эгер биз аны ичибизге кармап, эч нерсе болбогондой жүрө берсек, ал энергия “ичибизден талкалайт”. Башкача айтканда, психосоматикалык оорулардын  пайда болушуна же өнөкөт оорулардын күчөшүнө алып келет.

Мисалы буга чейин тамагыңыз ооруса, ал ангинага, аллергиялар тери ооруларына, жөтөл бронхиалдык астмага өтүп кетет. Ошондуктан өзүңдүн эмоцияларыңды сезе билип, аларды кабыл алууга үйрөнүү керек. Сезимди моюнга алып “ооба, мен азыр ачууланып жатам, мен таарынып жатам” деш керек.

Катуу жиниң келди дейли, андан кийин эмне кылыш керек?

Ошондо:

  • биринчи кадам, эмоцияларды ажыратуу, таанып билүү;
  • экинчи, аларды башкаларга жеткирүү,
  • үчүнчү, сиз каалаган нерсе тууралуу макулдашуу, бир чечимге келүү. Бул моюн сунуу же тетирисинче өзүңдүн каалооңду таңулоо дегендик эмес. Эки тараптын кызыкчылыктарын эске алып, сүйлөшүү, бир бүтүмгө келүү.

Эмоцияларды билдирбей эле койгон учурлар болобу?

Кыргыз менталитетинде эмоцияларды басуу жана көрсөтпөгөндүк туура болуп саналат жана бизди бала кезибизден ошого үйрөтүшөт. Ооба, айрым учурларда башка адамдарга ички сезимдериңди билдирбей эле койгон оң. Мындайда, башкысы ички сезимдериңизди кабыл алып, мүмкүнчүлүк болсо үнүңүздү чыгарып айтыңыз: Мен азыр ачууланып турам, мен коркуп жатам, мага мындай мамиле жаккан жок, бул көрүнүш тынчымды кетирип жатат ж.б. Бул ыкма эмоцияларды моюнга алып, ичтеги чыңалуунун бир бөлүгүн сыртка чыгарууга көмөктөшөт.

“Мен + билдирүү” ыкмасын кимге карата колдонсо болот?

Бул деген оңду-солду, элдин баарына жеке эмоцияларыңды айтып берүү дегендик эмес. Биз ички сезимдерибизди эң жакын адамдарыбызга гана билдиребиз, ата-энебиз, жолдошубуз/жубайыбыз, бир туугандарыбыз, балдарыбыз.

Мындай практика психосоматикалык ооруларды алдын алып, туруктуу жана бекем мамиле курууга шарт түзөт. Адамдар бири-бирине мурункудан да жакыныраак болуп калышат.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет

Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт