Күйөм ата-энесинин сөзүн эки кылбайт, кесепети биздин мамилеге тийип жатат
Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Баш кошуп жашаганыбызга төрт жыл болду, ортобузда эки балабыз бар. Бардыгы кудайга шүгүр.
Бирок мен кайын ата, кайын энеме эч жага албай койдум. Кайын ата, кайын энемден укпаган сөз калган жок, басып-туруп мени жамандай беришет. Өзүм тың эле келинмин, тамакты да түрлөп жасайм.
Күйөөм ата-энесинин сөзүн эки кылбайт, анысы жакшы дечи. Бирок мени жамандагандарын уга берип, акыркы күндөрү кол көтөрчү да болду.
Урушуп да көрдүм, айтышып да көрдүм, укмаксанга салып да көрдүм, үйдөн кетип да көрдүм. Айла жок, балдар үчүн чыдап жашайт экенсиң, анын үстүнө күйөөм да, “Кетпе, сен кетсең мен эмне кылам? Ортоңордо жүрүп мен эле кыйналдым”, “апамдын кыялы ушундай, чыда”, - дейт.
Өзүнчө бөлүнүп жашай албайбыз, анткени жалгыз эркек. Ата-энесин таштап кете албайт.
Сабырым түгөндү. Кантип жашайм? Мындан аркы жашоом кандай болот?
Асель Баимбетова
Психолог
Эгер өзүңүз үчүн ушундай чечим кабыл алсаңыз, балдар үчүн жашайм, үй-бүлөнү саткап калам, деген, анда эч нерседен үмүт кылбай жашай бериңиз.
Балким, кайын энеңиздин организминде жаш курагына байланыштуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Климакс башталганда аял кишинин маанайы тез-тез өзгөрүп, кыжырданып, майда нереге ачуусу келе берет. Ошондон улам, сизге асылып жаткан болушу мүмкүн.
А балким, сиз менен кайын энеңиздин мүнөздөрүңөр окшош. Мындайда да эки кожойке батышпай, бири-бирине атаандашып, эрегишип, чыр-чатактар чыгып турат.
Балким, убактылуу өзүнчө жашап туруу вариантын карап көрөсүз. Себеби ар дайым эле чыдап жашай берүү оңой эмес. Ашыкча сабырдуулук психосоматикалык ооруларга (гипертония, баш оорулар, аллергия, астма, уйкусуздук, ж.б.) өтүшүп кетет.
Шартыңыз болсо, психологго кайрылып көрүңүз. Бирок ал үчүн материалдык мүмкүнчүлүгүңүз болууга тийиш. Андан тышкары убакыт жана адамдын өзүнүн каалоосу, чечкиндүүлүгү керек. Башында 10 консультациядан кем эмес терапия алуу сунушталат.
Булардын бардыгы жөн гана божомолдоолор. Ар бир үй-бүлөнүн ички жашоосу ар башка болот. Ага интернет аркылуу баа берип, маселени чече турган кеңеш берүү мүмкүн эмес.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши