Күйөөмдүн башка үй-бүлөсү, бала-чакасы бар экенин улуу кызым айтып келди
Саламатсызбы. Күйөөм менен баш кошуп жашап келгенибизге 14 жыл болду. Ортодо беш балабыз бар. Жакында улуу кызым бир курбусунан атасы жөнүндө жаман сөз угуп мага айтып келди.
“Атамдын башка аялы бар экен, андан эки кыздуу болуптур. Ошол үй-бүлөсүн ээрчитип алып, курбумдун ата-энесинин үйүнө конокко барып турат экен”, - деди. Бул кабарды угуп, жаман болуп жүрөм. Күйөөмөн мындайды күткөн эмесмин.
Бул кылганы туура эмес деп, ага кантип түшүндүрөм? Кантип токтотом?
Психологдон жооп алып бергилечи? Алдын ала рахмат.
Асель Баимбетова
Психолог
Ооох, аябай татаал суроо.
Биздин коомдо бир эле учурда эки үй-бүлө менен жашаган учурлар абдан көбөйүп кетти. Мындай көрүнүштөн аялдар жана балдар жабыркашат. Күйөөсүнүн, атасынын кылыгын чыккынчылык катары кабыл алып, укуктарын тебелетип алдык деп ойлошот.
Мен да мындай жүрүм-турумду туура эмес деп ойлойм. Айтпай туруп, үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын бузуп салгандык, деп кабыл алам. Күйөөсүнүн, атасынын башка үй-бүлөсү, бала-чакасы бар экенин угуу абдан катуу тиет, узак убакытка чейин адамдын жан дүйнөсүн кыйнайт.
Тилекке каршы, сиз күйөөңүзгө эч кайсы сөз менен айтып жеткире албайсыз. Анын туура эмес кылып жатканын айтуу текке кеткен сөз. Сиз ага экинчи үй-бүлөсү менен байланышуусуна тыю салууга аракет кылышыңыз мүмкүн. Бирок андан эч кандай майнап чыкпайт.
Түзүлгөн кырдаалды кандайча кабыл аласыз, жана кандай реакция жасайсыз, сизден ушулар көз каранды. Бардыгын ушул бойдон калтырып, жашап жүрө бересизби, же ажырашасызбы? Бул аябай оор суроо. Мында бир беткей жооп берүү кыйын, туура жана туура эмес чечим да болбойт.
Шашпай ойлонуп, бардыгын таразалап көрүңүз.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши