// //

Азыркы жубайым эки кызымды алып келүүмө каршы. Кантип көндүрсөм болот?

2020.07.19, 10:58
1626

Саламатсызбы. Биринчи жубайым экөөбүз эки кыздуу болгондон кийин ара жолго түштүк. Азыр кыздарым апасы менен.

Мен кийин дагы үйлөнгөм, ортобузда уулубуз бар. Башында эле эки кызым бар, аларды алып келип чогуу жашайбыз деп айткам.

Бирок азыркы жубайым такыр макул болбой жатат. Эки жылдан ашык жайдары түшүндүрүүгө аракет кылдым.

Мени ушул маселе аябай түйшөлтүп жатат. Кантип көндүрөм?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.07.2020, 11:02

Асел Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Экинчи жубайыңыз, кыздарыңыз бар экенин билип туруп, сиз менен баш кошууга макул болду. Эмнегедир кийин, аларды алып келээриңизге каршылык көрсөтүп жатат.

Балким, ал сиз биринчи аялыңыз менен да келишип, бир эле учурда эки үй-бүлө менен жашайт, деп чоочуркап жатат. Балким, аргасыздан үч баланын энеси болуп калууга даяр эмес.

Ал кыздарыңызды алып келүүсүнө каршы экендигин айтып, жеке оюн билдирүүгө толук акысы бар. Себеби ал жаш келин, балаңыз али кичине болсо керек. Үй жумуштары, келиндин түйшүгү түгөнбөйт. Анын үстүнө кошуп, дагы эки баланын жоопкерчилигин моюнга алуу оңой иш эмес.

Келинчгиңиз менен ачык, жайдары сүйлөшүңүз. Эмне себептен макул болбой жатканын билиңиз. Сүйлөп жатканда сөзүн бузбай аягына чейин угуңуз. Жубайыңыздын пикирин уккандан кийин дароо жооп кайтарып, же бир чечим чыгарбастан, убакыт алып ойлонуп көргүлө.

Анын ордунда өзүңүздү элестетип, бул ситуацияга анын көз карашы менен караганга аракет кылыңыз. Кыздарыңыздын да, келинчегиниздин да, өзүнүздүн да кызыкчылыктарыңарды эске алып, маселени чечүү жолун бирге ойлонгула. Бул абдан оор, бирок ишке ашырса болот.

Кыздарыңыз менен азыркы келинчегиңизди жакындатуунун варианты катары, аларды бири-бири менен тааныштыруудан баштасаңыз болот. Мисалы үйдөн жолугуп эмес, бирге кафеге барып, же паркка чыгып сейилдеп келгиле. Балким кыздарды көрүп келинчегиңиз жибийт, тил табышат, эне эмеспи.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет

Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт