// //

Ажырашкандан кийин кайра жарашып алса, жашоо оор болбойбу? Психологдун кеңеши

2020.07.10, 18:21
4922

Мен ажырашып кеткениме жети айдан ашып кетти. Ортодо балдарыбыз жок. Келинчегим бир күйөөгө тийип чыкты. Мен башканы сүйө албай койдум. Экөөбүз кайра үйлөнүп алсак, жашообуз оор болбойбу? Ортодо бир топ эле уруш-талаштар болгон. Эмне кылышты билбей жүрөм.

Аман, 24 жашта

Жолдошум менен алты жыл бирге жашадык. Анын эч нерсе менен иши жок, үй-бүлөм деп тытынып оокат кылбайт. Уулум экөөбүз далай кыйналдык. Чыдабай кетип калдым. Азыр кудайга шүгүр, иштеп үй алдым, баламды эч нерседен кем кылбай багып келем, 11ге чыгып калды. Бирок башка эркек менен мамиле кура алган жокмун. Мага баары эле алсыздай сезиле берет. Балам үчүн мурунку күйөөм менен кайра жарашып алсамбы деп ойлоном. Бирок, жолугуп сүйлөшүп көрдүм, баягы бойдон эле экен.

Эркайым, 32 жашта

 “Ажырашуу адамдын психологиялык абалына аябай оор сокку. Анткени бири-бирин тандаган түгөйлөрдүн союзу бузулуп, эки башка жолго түшүшөт. Мурунку мамилеге кайтууну каалоо нормалдуу көрүнүш”, - дейт психолог Жибек Кенжебаева.

Алгач, эмне үчүн эски мамилени кайтаргым келип жатат? – деген суроого жооп издеп, анализ жүргүзгөнгө аракет кылып көрүү керек.

Көбүн эсе адамдар төмөнкү себептерден улам, эски мамилеге кайткысы келетт:

  1. Түгөйүңдүн өзгөргөнүнө ишенүү, үмүт кылуу.

Мындай учурда адам жубайын/жолдошун өзгөртө алышына жана мурдагыдан такыр башкача, мамиле кура ала турганына терең ишенет. Бирок, жашоо көрсөткөндөй, андай көрүнуш сейрек болот. Адам өзү кааламайынча аны эч ким өзгөртө албайт.

  1. Жаңы мамиледен коркуу

Адам жаңы мамиле баштоодон чоочулайт. Көнүп калган, адатка айланган жашоо образын өзгөртүүнү каалабайт, кыйналат. Чынында эле, жаңы мамиле, жаңы жашоо адамдан бир топ убакытты жана энергияны коротуусун талап кылат. Ошондон улам, эскини кайтарып алуу кыйла жеңилирээктей сезиле берет. Мээде калыпка түшүп калган программа, жаңыланып отурбай, мурунку жашоого кайтууну эп көрөт: “Кантсе да бири-бирибизди билебиз, өзүмдүн жолдошум/жубайым да, жаманбы-жакшыбы бир жашап калбадыкпы”, - деген сыяктуу.

  1. Жалгыз болуудан коркуу

“Убакыт өтүп жатат, эч нерсе өзгөргөн жок! Мен үй-бүлөм болуусун, бала-чакалуу болууну каалайм. Досторумдун балдары чоңоюп калышты. Мен мындан башка эч кимди жолуктурбайм”, - деген ойлор тынч койбойт. Ага кошумча ата-энелер, урук-тууган, жоро-жолдош да үйлөн/турмушка чык, деп какшап туруп алышат. Анан жалгыз болуудан корккон адам, башка кишини издеп отурбай мурункусу менен эле кайра мамиле баштоону туура деп ойлойт.

  1. Ортодогу балдар

Ортодо балдары бар болсо, “Бала үчүн бир бололу. Ал толук кандуу үй-бүлөдө чоңойсун” деген стереотиптердин негизинде кайра баш кошууну чечишет.

Эгер, жогорудагы мисалдар сиз тууралуу болсо, анда өзүңүздүн үстүнөн иштөө керек. Кээде жалгыздык туура эмес, адам менен бирге болууга караганда артык.

Ошол эле учурда экөөңөр тең бирге болууну кааласаңар, мамилени туруктуу кылуу үчүн экөөңөр тең өзгөрүүгө, түшүнүктүү болууга даяр болсоңор, бул сиздин акыл калчап кабыл алган чечимиңиз болсо, анда алга! Башкысы, аракет эки тараптан тең болууга тийиш. Ансыз бекем мамиле, бактылуу үй-бүлө куралбайт.

Бирге болууну чечсеңер:

  1. Бул кадамга эмне түрткү бергенин аныктагыла.
  2. Жаңы мамиле кандай боло турганын алдын ала макулдашып алгыла.
  3. Сүйлөшүүнү жана угууну үйрөнгүлө. Кайра башынан баштоодон мурун, кайсы көрүнүштөр нааразычылык жараткан, кайсы жараттар айыга элек, кандай мамиле кылуусун каалабайсыңар же каалайсыңар ачык айтып, сүйлөшкүлө. Бири-бириңерди угууга жана түшүнүүгө аракет кылгыла.
  4. Бардыгын ак барактан баштап жаткан соң мурунку таарыныч, нааразычылыктарды эстебегиле. Мурунку мамиледе болгон чыр-чатактар өткөн чакта калганы оң.
  5. Шашпагыла. Бири-бирибизди жакшы билебиз деп жарашып алганга шашылбагыла. Мамиле акырындык менен өркүндөп-өсүп өз нугунда жүрө берсин. Бири-бириңердин көңүлүңөргө кылдаттык менен мамиле кылгыла.

Бактылуу болгула!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт