// //

Жигитим экөөбүз урушуп, кош айтышып, кайра эле табышып алабыз. Жүдөп кеттим

2020.06.18, 16:16
1921

Жигитим менен төрт жыл сүйлөштүк. Экөөбүз көп жолу урушуп, коштошуучу сөздөрдү айтып, мамилебизди бүтүрүп салабыз. Кайрадан эле бир нерсе болуп сүйлөшүп калчубуз.

Азыр мен Кыргызстандан сырткары, чет жакта жүрөм. Телефон аркылуу байланышып турабыз. Жүрөгүмдү жылыткан, соунун сөздөрдү айтат: “Ар дайым, сени менен болгум келет, сага жетпей калсам, арманда өтөм” деп.

Тилекке каршы, жакында эле, кайрадан түшүнбөстүктөр болуп, уруша кеттик. “Буга чейин сага жөн гана айтып жүргөм, эми чындап айтып жатам, ортобузда мамиле үзүлдү” деп салды.

Эмне кылышты, билбей турам. Катуу айткан болсо сөзүнө турат. Эгер кайрадан чалып же жазып калса, кандай жооп кайтарышым керек? Мындай мамиле мени жүдөтүп жиберди.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.06.2020, 16:17

Жибек Кенжебаева

Психолог

Кутман күн! Сизди чынында жүдөтүп жаткан нерсе – бул белгисиздик. Чындап айттыбы, же кайра эле мурунку адатына салып кайтып келеби, мамиле уланабы, же ушуну менен токтойбу, билбей турасыз.

Сизди эмне кооптондуруп жатат, жакшылап ойлонуп көрүңүз. Бул жигитиңизге көнүп калгансызбы? Же жалгыз калуудан коркосузбу? Же татыктуу жигитке туш болбой калам, деп чоочулайсызбы?

Бул суроолордун мага тиешеси жок, деп айтсаңыз анда өзүңүзгө төмөнкү суроолорду бериңиз:

  • Ортобузда сүйүү барбы?
  • Дал ушул адам менен өмүр бою бирге болгуңуз келеби?
  • Жигитиңизге дагы бир мүмкүнчүлүк бергиңиз келип жатабы?
  • Өзүңүзгө ушул жигит жасагандай мамиле жасалышын каалайсызбы?

Анткени көпчүлүк учурда адам өзгөрбөйт, демек анын көз карашы жана мамилеси да ошо бойдон кала берет.

Эгер ага дагы бир мүмкүнчүлүк берип көрүүнү чечсеңиз (эгер ал сизге байланышса), анда алдын ала бардыгын тактап сүйлөшүп алгыла. Ал идеалдуу мамиле деп эмнени элестетет? Ал үчүн экөөңөрдүн мамилеңер канчалык деңгээлде маанилүү? Ортодогу мамиледе эмнени өзгөрткүсү келет?  - ушуларды сураңыз, өзүңүздүн да пикириңизди билдириңиз.

Биздин коомдо сезимдер тууралуу көп сүйлөшпөйбүз, ошондон улам түшүнбөстүктөр жаралууда.

Эсиңизге сала кетейин, бактылуу, бекем мамиле эки тараптын аракети менен гана куралат.

Бактылуу болуңуз!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт