Журналист болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?

2020.06.14, 11:05
508

Келечекте журналист болгуң келеби? Бирок бул кесиптин ээси болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керек? Келечекте бул кесип актуалдуу болобу? Журналист болуу үчүн кайда тапшыруу керек? – деген суроолорго жооп ала албай жүрөсүзбү?

Сиздин суроолоруңузга Ала-Тоо эл аралык университетинин Журналистика кафедрасынын жетекчиси Сеитбек Тилеков жооп берет.

Журналист болом деп жүргөн бүтүрүүчү кайсы сабактарга басым жасашы керек?

Бул кесипте тил билүү абдан маанилүү. Демек кыргыз тил, орус тил жана чет тил сабактарына көбүрөөк көңүл буруп, аларды мыкты өздөштүрүүгө аракет кылуу керек.

Андан тышкары журналисттин дүйнө таанымы кең болушу керек. Ал үчүн кыргыз, орус тил адабияттары, тарых, география, сабактары керек.

Эгер математиканы же башка так илимдерге жакын болсоңуз анда келечекте экономиканы чагылдырган же окуяларга анализ жүргүзгөн журналист боло аласыз.

Журналистикада кандай багыттар бар?

Мурда журналистика так үч багытка бөлүнчү: телевидение, радио жана басма сөз. Азыркы тапта конвергенттик журналистика деген түшүнук пайда болду. Конвергенттик латын тилинен алганда “жакындатуу” деп которулат. Бул бардык багыттардын айкалышуусу, интеграция болушу, бири-бирине жуурулушуп, аралашуусу. Бир эле маалыматты түрдүү каналдар аркылуу, түрдүү ыкмалар менен таратуу.

Мисалы, бир эле окуяны текст түрүндө жазып, аны аудио кылып жазыдырып, радио аркылуу жеткирүү кайра видеого тартып телеге чыгаруу. Мурда өзүнчо болуп бөлунүп турган нерселер, азыркы тапта бир бүтүнгө айланып келе жатат.

Ошондуктан азыр так багыттарга бөлүү жок. Журналист универсал, бир нече жолдор менен маалыматты тарата билген адам болууга тийиш. Бул жерде башкы талап, адамдар жана маалымат менен иштөө, ошол маалыматты коомчулукка жеткирүүгө кызыкдар болуу.

Анын ичинде журналистика жанрларга бөлүнөт: маалыматтык, аналитикалык, көркөм-публицистикалык ж.б.

Журналист кесибинин келечеги барбы?

Албетте, бар. Өзүңөр деле эстеп көрсөңүз, мындан 5-6 жыл мурда Кыргызстанда 10-12 телеканал бар болчу. Азыркы күндө аларды саны 50дөн ашты. Жаңы радиолор, интернет басылмалар ачылды. Бул ишканалардын бардыгында журналисттер иштешет.

Технологиялар өсүп өнүккөнү менен журналисттин орду сакталып кала берет. Болгону анын функциялары өзгөрүп, жаңы жөндөмдөргө ээ болууну талап кылат.

Ала-Тоо университетинин журналистика факультети студенттерди окутууда эмнелерге басым жасайт?

Биз массалык маалымат каражаттарында иштеген адистер менен жолугуп, келечекте журналист боло турган студенттер эмнелерди билиши керек, кандай жөндөмдөргө ээ болуш керек, деп сурайбыз. Ошого жараша программабызды иштеп чыгып, заманбап талаптарды эске алабыз.

  • Биринчиден, бизде сабактардын 80%ы англис тилинде өтөт. Андан тышкары кыргыз, орус, түрк тилдерине көп көңүл бурулат. Бешинчи тил катары: немец, француз же кытай тилин тандаса болот.
  • Экинчиден, биринчи курстан тартып эле студент жазганды, фото/видео тартып аны монтаждаганды үйрөнөт. Башкача айтканда техниканы аны менен иштегенди билип калат. Андан сырткары студенттердин бардыгы SMMди мыкты өздөштүрүшөт. Аудиторияны анализдөө, ошого жараша контент даярдоо ж.б.

3-4 курсунан тартып аналитикага басым жасалат. Эл аралык журналистика боюнча сабактар көп болот. Себеби Европа өлкөлөрүндө маалыматты өзү чогултуп, өзү таладап, анализ жүргүзүү багыты абдан өнүккөн. Кыргызстанда да аналитик журналисттер көп болсо деген тилегибиз бар.

  • Үчүнчүдөн, бизде практикага абдан көп убакыт бөлүнөт. Окуу программабыздын 50% теория болсо, 50% практика жүзүндө өтөт.

Демек эл аралык медиа уюмдарда да иштей алат экен да?

Ооба, сөзсүз. Биз эл аралык медиа уюмдардын стандарттарын, ошол жердеги шарттары, глобалдык компаниялардагы укуктук ченемдери тууралуу кеңири маалымат беребиз. Студенттер ири мекемелерде иштөөгө даяр болуп чыгышат.

Биздин максат, Кыргызстан жөнүндө чет тилде туура маалымат жеткире турган кадрларды окутуу. Себеби бул нерсе да мамлекеттин таанылышына, өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт.

Ала-Тоо университетинин журналистика факультетинде окуган балдарда чет өлкөгө чыгып келүү мүмкүнчүлүгү барбы?

Биздин университетте эл аралык офис деген бөлүм бар. Алар “Эрасмус” программасынын негизинде студенттерди алмашуу программасы аркылуу окуучуларыбызды жарым жылдык, бир жылдык окууга жөнөтүшөт. Негизи эле Кыргызстан боюнча студенттерди чет өлкөгө эң көп жөнөткөн университеттеринин бири болуп саналабыз.

Ала-Тоо университетинин журналистика бөлумүнө өтүү үчүн ЖРТдан канча балл алуу керек?

Бүгүнкү күндө ЖРТдан 110 баллдан жогору алган абитуриент бакалавр программасына тапшыра алат.

Окуу мөөнөтү канча жыл?

Мамлекеттик стандарттын негизинде 4 жыл.

Окуу акысы?

1480 $. Бирок бул сумманы бардык эле студенттер төлөшпөйт. Түрдүү жеңилдетүүлөр сунушталат. Толук бюджеттик негизде да окуган студенттерибиз бар.  

Кызыктуу маек куруп бергениңизге рахмат.

Силерге да, чоң рахмат. Ала-Тоо Эл аралык университетине кош келиңиз!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт