// //

Кыргызстанда медицина багытын англис тилинде окуу мүмкүнбү?

2020.05.08, 18:47
2939

2020-жылдагы айлыгы эң жогору кесип хирург менен анестезиолог. Мындай маалыматты https://edunews.ru/ интернет булагы жазып чыкты. Эмгек рыногунда докутрларга ар дайым суроо талап жогору болуп келген.

Ал эми билим деңгээли мыкты жана англис тилинде эркин сүйлөгөн адис эч убакта ишсиз калбайт. Кыргызстанда медицина багытын англис тилинде окуу мүмкүнбү?

Ооба, мүмкүн. Бул тууралуу кененирээк Ала-Тоо эл аралык университетинин Медицина Факультетинин окуу-тарбиялык бөлүмү боюнча декандын орун басары Кудайберген Осмоналиев айтып берет.  

Ала-Тоо эл аралык университетинин Медицина Факультети качан ачылган?

Ала-Тоо эл аралык университетинин Медицина Факультети 2016-жылы ачылган. Кыргызстандык жана 20 өлкөдөн келген адисттер менен биргеликте студенттерге англис тилинде сабак өтүлөт. Учурда эң жогорку курс 4-курсту бүтүрүп жатат. Эки жылдан кийин биринчи бүтүрүүчүлөрбүздү чыгарабыз.

Медицина факультетинде кайсы багыттар боюнча билим алса болот?

Биздин факультетте 2 багыт бар. Алар:

  • Дарылоо иши
  • Педиатрия.

Эгер кардиолог, нейрохирург, кардиохирург, терапевт, анестезиолог ж.б. ушуга окшогон кесиптердин ээси болгуңуз келсе «Дарылоо иши» багытын тандоо зарыл.

Ал эми балдар доктуру болуш үчүн «Педиатрия» багытында билим алса болот.

Ала-Тоо университетиндеги медицина факультетинин башка окуу жайлардан айырмасы, артыкчылыгы эмнеде?

Башка окуу жайлардан айырмачылыгы:

  • Сабактардын баардык окуучуарга бирдей англис тилинде өтүлүүсү. Бул окуучуга келечекте англис тилдүү өлкөлөргө экзаменин тапшырып, иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы кызыгуусу жана аракети бар студенттерибизди Американын USMLE (United States Medical Licencing Examination) деген экзаменине даярдайбыз. Бул экзаменден өтсө, АКШдан иштөө мүмкүнчүлүгүн алат.  Мындан сырткары Австралия жана Англиянын экзамендерине да даярдайбыз.
  • ППС – Мугалимдердин профессордук курамы (Профессорско-преподавательский состав) мыкты. Окутуучуларыбыздын бардыгынын эл аралык тажрыйбасы бар, жергиликтүү жана чет өлкөдөн келген адистер.
  • Лабораторияларыбыз мыкты жабыдлган. Бизде 4 лаборатория бар.
    1. Мультидисциплинардык лаборатория. Бул лабораторияда химия, биология, микробиология жана биохимия сабактары өтүлөт. Окууга керектелген акыркы үгүдөгү жабдыктар бар.
    2. Анатомия лабораториясы. Мында анатомия сабагы өтөт. Адамдын органдарын имитациялаган муляждар абдан натуралдуу жасалган, лего конструктору сыяктуу чогултуп, кайра чачса болот. Бардыгы Германиядан алынып келинген.  
  • Мультидисциплинардык лаборатория. Бул жерде гистология, физиология жана патология сабактары өтөт. Окууга керектелүүчү 50 микроскоп, ЭКГ аппараты, кан басымды өлчөөчү аппараттар ж.б. бар.
  1. Муляж борбору. Хирургия, анестезиология ж.б. клиникалык сабактарга керектелүүчү муляждар бар. Кан тамырга, булчуңдарга ийне (укол) сайганды, «капельница” койгонду үйрөнүүгө керектелүүчү муляждар, жүрөккө массаж жасап, жасалма дем алдырууну үйрөтүү үчүн чоң адамдын, кичинекей ымыркайлардын манекендери, андан тышкары хирургияга керектелүүчү инструменттер жана жасалма терилер бар.
  • Студенттердин билимин баалоо системасы башкача. Ортодо адамдык фактор болбош үчүн экзамендерди онлайн тапшырышат. Практиканы башка мугалимден өтүп, экзаменди башка мугалимге беришет.
  • Белгилей кетчү дагы бир артыкчылык – 2018-2019 окуу жылдары Эл аралык көз карандысыз аакредициялык компаниянын аккредитациясынан өттүк. Биз үчун бул чоң жетишкендик.

Медицина факультетине өтүү үчүн сөзсүз ЖРТ тапшыруу зарылбы?

Ооба, Жалпы Республикалык Тестирлөөнү созсуз тапшыруу зарыл. Биз ошонун негизинде абитуриенттерди кабыл алабыз.

ЖРТдан канча упай алсаң медицина факультетине өтө аласың?

Жалпы балл 110дон жогору, химия жана биология сабактарынан 60 упайдан жогору болууга тийиш.

Сабак англис тилинде өтсө, кимдер окутат?

Сабакты англис тилин мыкты билген жергиликтүү мугалимдер жана сырттан келген мугалимдер окутат. Азыркы учурда Туркия жана Индия менен иштешип жатабыз.

Окуу мөөнөтү канча жыл?

Окуу мөөнөтү 6 жыл

Медицина факультетинин диплому кайсы өлкөлөрдө жарактуу болуп саналат?

Биздин диплом Кыргызстандын Билим берүү министирлиги тарабынан берилет, ошол үчүн Медициналык Академиянын дипломунан айырмасы жок. Бардык өлкөлөрдүн министрликтери арасында келишим бар. Студент тандаган өлкөнүн экзаменинен өтсө, ошол жака барып иштей алат.

Медицина факультетинде бюджеттик орундар барбы?

 Ооба, орундар бар. Бизде 100% жеңилдетүү менен окууга болот. Мисалы, Дүйнөлүк олимпиядалардын жеңүүчүлөрүнө, ЖРТ дан жогорку балл алгандарга жеңилдиктер берилет. Азыркы учурда медицина факультетинде он студент 100% жеңилдик менен бекер окуйт. Андан сыркары 20%-75% дык арзандатуу менен да окуган студенттер бар.

Абитуриенттерге айта кетейин деп турам. Жашоодо кесип тандоо абдан маанилүү, себеби тандаган кесиптин арты менен өзүндүн эле эмес, болочок үй-бүлөңдүн да жашоосу чечилет. Ал эле эмес, өлкөнүн да келечеги чечилет. Биздин бүтүрүүчүлөр чет өлкөдө иштеп, алардын мыкты жактарын үйрөнүп, биздин мамлекетибиздин медицина тармагына чоң салымын кошот деген үмүттөбүз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт