// //

Дистанттык билим алуу, үйдөн чыкпай диплом алууга мүмкүнчүлүк берет

2020.05.29, 15:50
3443

Дистанттык билим алуу деген эмне? Анын кандай артыкчылыктары бар? Дистанттык билим алуу кимдер үчун ыңгайлуу? Бул суроолорго Ала-Тоо эл аралык университетинин Дистанттык билим берүү борборунун директору Жылдызбек Жакшылыков жооп берди.

Дистанттык билим алуу деген эмне?

Сөздүн өзү айтып тургандай, бул алыстан, аралыктан билим алуу. Азыркы учурда технологияллар укмуштуудай тездик менен өнүгүп жатат. Интернет пайда болгон бери окуу жайдын өзүно барып отурбай үйдөн эле билим алса болот. Мына ушундай окутуунун формасы дистанттык билим алуу болуп саналат.

Дистанттык билим алуунун “заочно” окуудан кандай айырмасы бар?

Сырттан окууган студенттер теориянын 70% өздөрү окушат. Жылына эки ирет, окуу жайга келип сессия тапшырып кетишет. Адатта сессия 1-2 жума созулат.

Ал эми дистанттык окуу – бул окутуучу менен студенттин ар дайым байланышта болушу, бирок аралыкта. Анда окутуунун бардык процесстери орун алат: сабак, тапшырма, өз алдынча иштөө. Студент университетке бир күн да келбей билим алат, экзамен тапшырат, дипломдук ишин жактайт.

Дистанттык билим алуунун артыкчылыктары эмнеде?

Билим алуунун бул формасында артыкчылыктар абдан көп:

  • убакытты үнөмдөө (күндө университетке барып убакыт коротуп отурбайсың);
  • окуу процессин уюштурууда чыгашалар төмөндөйт (имаратты ижарага алуунун зарылчылыгы жок);
  • бир эле учурда көп сандагы студенттер окуй алышат;
  • з-аманбап каражаттар жана технологиялар колдонулгандыктан, билим алуунун сапаты жогорулайт;
  • электрондук китепканалардын жана билим берүүчу базалардын жеткиликтүүлүгү;

Бул шарттардын бардыгы Ала-Тоо эл аралык университетинде түзүлгөн. Окуу жайыбыздын мугалимдик курамы абдан күчтүу болгондуктан, билим берүү багытында ийгиликтерибиз көп. Университетти Кытай, АКШ, Россия, Түркия жана Европа мамлекеттеринен келген мугалимдер сабак беришет.

Ала-Тоо университетиндеги дистанттык билим берүүнүн кандай артыкчылыктары бар?

  • Бизде дистанттык окутууда сабактар онлайн өтөт. Студент кадимки сабакта отургандай эле кол көрүп, суроо берип, мугалимден жооп ала алат.
  • Эгер убагында жетишпей калса, өтүлгөн сабактын видеосу атайын папкага жүктөлөт. Кийин ал жака кирип, сабакты көрүп алса болот.
  • Ала-Тоо университетинде англис, орус же кыргыз тилинде дистанттык билим алса болот. Контрактын акысы 600$дан 1000$га чейин. 

Дистанттык билим алуу кимдер үчүн ыңгайлуу?

Дүйнөлүк пандемия шартында дистанттык билим алуу бардык эле адамдар үчүн жарай турганын түшүнүп калдык. Бирок калктын айрым катмары үчүн өзгөчө ыңгайлуу болот:

  • Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн. Күндө жол жүрүп, коомдук жайларда узак убакытка чейин боло албаган жарандарга дистанттык окутуу абдан ыңгайлуу. Алар диплом алып, кесиби боюнча үйдөн отуруп деле иштей беришет.
  • Чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар үчүн. Негизги жумушунан алаксыбай, күнүнө 1-2 саатан окууга бөлүп турса эле, жогорку билимдүү болуп калат. Бул келечекте карьера жасоого, иш боюнча көтөрүлүүгө, көбүрөк маяна алууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Үйдө кичинекей баласын карап жаткан кожойкелер үчүн. Күн тартиби өзгөрбөйт, баласын да карап, жогорку билим да алууга жетише алат.

Дистанттык билим алуу үчүн кандай шарттар керек?

Жакшы ылдамдыктагы интернет жана сапаттуү компьютер, телефон. Андан тышкары Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрү үчүн ЖРТнин жыйынтыгы керектелет. Ал эми чет өлкөлүк абитуриенттер ансыз эле кабыл алынат. 

Ала-Тоо университетинде кайсы багыттар боюнча дистанттык билим алса болот?

Учурда беш багыт боюнча окутабыз, алар:

  • Педагогика
  • Менеджмент
  • Финансы жана кредит
  • Бухгалтердик учет, аудит жана анализ
  • Эл аралык экономика жана бизнес

Бул бакалавр даражасы, ушул эле багыттар боюнча магистратура дагы бар. 

Ала-Тоо университетинен дистантык билим алуу үчүн эмне кылуу керек?

alatoo.edu.kg сайтына кирип тиешелүү маалыматты окуп алса болот. Ал жерде катталуунун жети кадамы жазылган.

  1. Сайтка кирип, университеттин миссиясы, командасы, окутуунун акысы тууралуу толук маалымат алыңыз.
  2. Шилтеме аркылуу алдын-ала катталуудан өтөсүз, же dlc@iaau.edu.kg/ info@alatoo.edu.kg электрондук даректерине кат жазсаңыз болот.
  3. Дистанттык борбордун кызматкери сиз менен байланышып, андан аркы кадамдарыңыз тууралуу консультация берет.
  4. Эгер билдирме жөнөтүүнү чечсеңиз, өзүңүз тандаган программага аттестатыңыздын жана паспортуңуздун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жөнөтөсүз.
  5. Университет эки тараптуу макулдашууну даярдап кайра сизге кол коюуга жиберет.
  6. Университеттин банк эсебине бир семестрдин акысын төлөө керек.
  7. Бул этапта сиз семестрдин активдүү курстарына катталдыңыз, сизге университеттик системаларга “доступ” ачылат. Жетекчиңиз сиз менен байланышып, андан ары жасай турган иш аракеттериңиз боюнча багыттама берет.

Ала-Тоо эл аралык университетине кош келиңиз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт