// //

Кесип тандоо: Азыркы күндө юристтерге суроо-талап барбы?

2020.05.13, 15:49
5819

Юридикалык багытта билим алууну тандаган адам кандай сапаттарга ээ болушу керек? Азыркы күндө юристтер өтө көп, аларга жумуш табылабы? Спорт менен юриспруденциянын кандай байланышы бар? Bilesinbi.kg бул суроолорду Эл аралык Ала Тоо Университетинин, Юридика кафедра башчысы, Юридика илимдеринин кандидаты, доценти Нурлан Исмаиловго берди.

Юридикалык багытты тандоо үчүн адам кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Юриспруденцияны кесип катары тандаган адамда эң башкысы – адамзатка кызмат кылам деген каалоо, энтузиазм болушу керек. Андан тышкары дүйнө таанымы кең, тарыхка кызыгуу артып, анализ жасаганды билүүсү зарыл.

Юриспруденция адамдардын мамилелерин жөнгө салган илим. Ал айланагылардын психологиясын, жүрүм-турумун, ой-жүгүртүүсүн талдайт.

Юриспруденцияны бүтүргөндөр кайсы тармактарда иштей алышат?

Бардык. Жашоо турмуштун бардыгы мыйзам менен байланыштуу болуп калды: медицинадан баштап космоско чейин.

Мисалы доктур менен бейтаптын ортосундагы мамилелерди, экөөнүн укуктарын жана милдеттерин юрист жөнгө салат. Учурда медициналык кызмат менчик колго өтүп жатат. Дарыгерлердин ишмердүүлүгү бир гана медициналык этика менен гана эмес, мыйзам тарабынан да көзөмөлдөнөт.

Ошол эле спорт дейли. Спорт дүйнөсүндө чоң акча айланат. Биздин футболчулар чет өлкөгө барып, иштеп жатышат. Ал жака барганда келишим түзүп кетишет, анда спортчунун ден соолугун камсыздандыруу (страховка), кепилдиктер, социалдык төлөмдөр ж.б көптөгөн пункттар эске алынат.

Спортчунун укугун коргоп, туура келишим түзүү, юристтин иши.

Көптөгөн мыкты мушкерлер, балбандар чет өлкөгө барып, ийгиликке жетишип, бирок кур жалак калган мисалдарды көп билебиз. Демек, спортчу менен аны чакырган тараптын ортосундагы келишим туура эмес түзүлгөн. Башкача айтканда анын кызыкчылыгы эске алынган эмес.

Бул кесипке келечекте деле суроо талап жогору болобу?

Ооба. Анткени учурда курулуш иштери көп жүрүп жатат, IT технологиялар өнүгүп жаткан кез, медицина багытында кызмат көрсөткөн компаниялар көп. Булардын бардыгы мыкты юристтерге муктаж.

Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз ишсиз калбайт. Англис тилинде эркин сүйлөгөн юристтерге суроо талап жогору. Алар Тышкы иштер министрлигинде, эл аралык уюмдарда, чет элдик компанияларда иш алып барышат. 

Мисалы, быйыл юридикалык факультети 24 бүтүрүүчүнү чыгарабыз, азыркы күндө алардын 20сын ишке чакырышкан.

Кыргызстанда юристтер көп бардыгына иш табылабы?

Жогорку окуу жайларда юридикалык бөлүмдөр көп ачылгандыгы үчун юристтер көп. Бирок бардыгынын эле билим берүү сапаты жогорку деңгээлде эмес. Маселен 100 юрист болсо анын ичинен 10у эле мыкты адис.

Ала-Тоо университетинин юридикалык факультетинин кандай артыкчылыктары бар?

  • Биринчиден, академиялык тазалык. Бул тааныш-билиши жок, эч кандай акчасы жок, “парасы” жок билим алуу. Мугалим да, билим алган студент да таза болушу керек. Биздин университетте бул башкы талап, ошондуктан бардыгы чындап билим берүүгө жана билим алып калууга умтулушат.
  • Экинчиден, биздин мугалимдердин бардыгы билимин, илимий даражаларын чет өлкөлөрдөн жогорулатып, жактап келишкен. Андан тышкары учурда иштеген ийгиликтүү юрист, адвокаттар. Демек теория менен практиканы бирдей алып кеткендер. Ошондой эле чет өлкөдөн да келип сабак берген мугалимдерибиз бар. Быйылкы окуу жылы бир мугалим Америкадан, бир мугалим Япониядан келип сабак берип кетишти.
  • Үчүнчүдөн, сабактардын 60%ы англис тилинде өтөт. Бул студенттерди эл аралык аренада иш алып барууга даярдайт.
  • Төртүнчүдөн, окуу жылы бою студенттерибиз юриспруденция боюнча көптөгөн эл аралык олимпиадаларга, кароо-сынактарга, конкурстарга катышышат. Кеминде 7-8 жолу чет өлкөгө чыгып келишет. Мындай жарышка барганда студенттер башка мамлекеттерден келген теңтуштары менен болочок кесиптештери, оппоненттери менен таанышып, өзүн да тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн алышат. Алардын ыкмаларын, усулдарын үйрөнүп, такшалышат.
  • Бешинчиден, мыкты окуган студенттерде бир семетрди вропа өлкөлөрүнүн биринен окуп келүү мумкүнчүлүгү бар. Билимин андан ары жогорулатып, магистратураны окууну каалаган студенттерге да көмоктөшөбүз. Учурда үч бүтүрүүчүбүз Венгрияда, Москвада жана Пекинде магистратурада окуп жатышат. 

ЖРТдан канча упай алсаң Ала-Тоо университетинин юридикалык факультетине тапшыра аласың?

Былтыр Билим берүү министрлиги 110 баллды “проходной” деп бекиткен. Биздин университетке да 110 баллдан жогору алгандар кабыл алынат. Андан тышкары ЖРТнын көрсөткүчтөрү жогору болгон окуучулар үчун жеңилдиктер берилет. Мисалы:

220 балл алгандарга – 100% жеңилдик

210 балл алгандарга – 75% жеңилдик

205 балл алгандарга – 50% жеңилдик берилет.

Окуу мөөнөтү канча жыл?

Англис тилинин деңгээли жакшы болсо 4 жыл. Анткени сабактар дароо эле англис тилинде өтүлө баштайт.

Ал эми тил билбегендер үчүн 5 жыл. Алар бир жылдык тил подкурсуна барышат.

Ал эми Ала-Тоо университетинин орто кесиптик бөлүмүндө билим алган студенттер ЖРТсиз кабыл алынып, дароо 2-курска отурушат.

Окуу акысы канча?

Окуу акысы 1700$. Бирок бул сумманы толугу менен төлөгөн стеденттер көп эмес. Көпчүлүгүнө жогоруда айтылгандай жеңилдиктер берилет.

Кошумча маалыматты iaau.edu.kg сайтынан же 0555820000 (WatsApp) телефон номери аркылуу алсаңыз болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт