// //

Кайын энем балдар үйүндө чоңойгонумду билсе, кууп чыгат го деп ойлогом

2020.05.07, 13:57
4328

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Ата-энем мени издеп келишкен жок"

Ал күн дале эсимде. Эки аял менен бир милиция келди. Атам менен апам үйдө жок болчу. Чачы сары эже “тур, кийимдериңди чогулт” деди. Корктумбу же жокпу билбейм, унчукпай барып кийимдеримди сумкама салдым. Колумдан жетелеп алып кетишти. Мен анда болгону сегиз жашта элем.

Балдар үйү. Күн сайын ата-энемди күтөм. Билем, алар азыр дагы баш жазуунун айласын издеп жүрүшөт. Адаттагыдай, мени менен иши жок. Үйүмдү сагындым.

Университеттен чыгып алып базарга чуркайм. Сатуучу болуп иштейм. Контрагымдын жана батирдин акчасын төлөшүм керек. Түнтмүн. Курбуларым жок. Адамдарга көп ишене бербейм.

Балдар үйүнөн кеткенден кийин ата-энемди издеп бардым. Үйүбүз эбак сатылып кеткен экен. Апам каза болуп калыптыр. Атамдын кайда экенин эч ким билбейт. Экөөнө жолукканда айтчу сөзүмдү жылдап даярдап жүргөм. Алардын баары ичимде калып кетти.

Бир жигит күн сайын келип менден соода кылчу болду. Кээде “сдача”  албай таштап коет. Бир күнү шоколад алып келип берди. Эртеси тамактанууга чакырды. 

Бүгүн болочок кайын энем менен таанышканы барам. Толкунданып өзүмдү коерге жер таппай жатам. Кеңешин берип, баары жакшы болоорун айтчу эч кимим жок. Ыйлагым келе баштады. Жигитим машинасын пипилдетти.

“Мен балдар үйүндө тарбиялангам”. Кабыл албаса, азыр айтсын дедим. Өмүр бою ит-мышыктай болуп жашагым келген жок. “Балдар үйүндө чоңойсоң эмне болуптур. Бул да болсо кудайдын жазганыдыр. Кызым, өткөндү эстеп кереги жок. Уулум сени менен бактылуу болоорун айтат. Мен буга ишенем. Кел отур чай ичели.”

Кайын энем катып жүргөн ак жоолугун салып, май оозантып, батасын берип көшөгөгө киргизди. Мен эми жалгыз эмесмин.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүү окуялар

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт