// //

Ата-энеме карапайым үй-бүлөгө келин болоорумду айтсам "өкүнүп калба" дешкен

2020.05.04, 15:36
21625

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Күйөөм он бир туугандын кичүүсү"

Бардар үй-бүлөнүн эрке кызымын. Эч нерседен кем болбой чоңойдум. Чоң-ата, чоң энемди көргөн жокмун, таятамдар дагы мен төрөлө электе өтүп кетиптир. Туугандар менен сый мамиледебиз, бирок көп катташпайбыз.

Шаардагы алдыңкы окуу жайлардын бирин бүтүрдүм. Жумушка орношкондон көп өтпөй жолдошум менен таанышып калдым. Жөнөкөйлүгү жана боорукерлиги менен жүрөгүмдү багынтып алды. Көп өтпөй баш кошууну чечтик.

Үйгө кирип келип эле апам менен атама жакында турмушка чыгарымды айттым.

- Кызым, ата-энеси ким экен?

- Ата-энеси карапайым кишилер, өмүр бою мугалим болуп иштешиптир.

- Сенин тандооңо каршы болбойбуз дечи, бирок ал адамдардын турмушу башкача.

- Мен баарын түшүнүп турам. Кабатыр болбогула, жигитим менен бактылуу болоорума көзүм жетет.

- Кийин өкүнүп калбасаң эле.

Кыз узатуу болду. Бир аз айылда туруп, кийин жумушубузга байланыштуу шаарга көчүп келдик. Көптөгөн кыйынчылыктар баштан өттү. Азыр аларды айтуунун кажети деле жок. Эң негизгиси күйөөмдүн мага жасаган мамилеси, сый-урматы өзгөргөн жок.

Жолдошум он бир тууган, үй-бүлөсүнүн кичүүсү. Айылга тез-тез каттап турабыз. Бир туугандарынын бир бөлүгү айылда, калгандары коңшу айылдарда жашашат. Кандай иш-чара болбосун бири-бирине материалдык, моралдык жардам берип колдоп турушат. Той-аш болгондо келин-кыз, өз бала-күйөө бала дебей бардыгы кызмат кылышат.

Мени таң калдырганы кайын атам менен кайын энемдин балдарына берген тарбиясы болду.

Абысындарым менен эмне салат даярдайбыз, столго эмне коебуз, - деп жатканда, беш кайын эжем беш жактан чалып, “мен булочка жасап барам”, “балык менен гриль тоокту мага койгула”, “боорсокко убара болбогула, буюртма берип койдум” деп турушат. Эркектер малды, этти толугу менен көзөмөлдөшөт.

Кудай аларга талантты ченебей берген. Баары шайыр, тамашакөй. Ырда десе биринен-бири өтүп ыр созот, бийле десе сүлкүлдөп бийлеп киришет. Конкурстарга бири калбай катышып, байгелерди калтырбай илип кетишет.

Турмушка чыкканыма он жыл болуп калды. Учурда ар бирөөбүздүн үчтөн-төрттөн балдарыбыз бар. Айылга жөнөп баратып "топурап эмне бар силерге, үйгө калгыла!” десек, жалдырап болбой чоң ата, чоң энесиникине баргысы келет. Албетте кызыктуу, күлкүлүү жана шаңдуу жерден ким калгысы келсин.

Эми үй-бүлө болгондон кийин ортодо таарынышуу, түшүнбөстүктөр боло берет. Бирок кайын энем адилеттүү, бардыгын тескеп турат.

Ушундай үй-бүлөгө туш болуп калганыма ыраазымын. Бир да жолу күйөөмө турмушка чыкканыма өкүнгөн жокмун. Келечекте мен да апамдай адилеттүү, жүзүнөн нур тамган кайын эне болуп, күйөөм экөөбүз балдарыбыздын сыйын көрсөк экен деп тиленем.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт