// //

Коронавирустан коргонуу үчүн колду туура жууш керек экен. Бирок кантип?

2020.03.17, 12:55
4304

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БҮДССУ) жана башка медициналык мекемелер коронавирустун алдын алуу үчүн улам-улам колду жууп турууну сунуштап жатышат. Колду самындап жуу чынында көпчүлүк оорулардан сактайт, курч респирадордук вирустук оорулардан тартып тамак аштан ууланууга (пищевое отравление) чейин. Бирок негизги көйгөй - көпчүлүк колдорун туура эмес жууйт.

Койчу, кантип эле! Бардыгы кол жууганды билишет.

Тилекке каршы, андай эмес. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көпчүлүк колун туура мес жууйт. Мисалы, самын колдонушпайт, же өтө эле тез жууп коюшат.

Анан кантип туура жууш керек экен?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму колду төмөнкүчө жууну сунуштайт:

  1. Колуңарды суулагыла
  2. Самынды алып, жакшылап көбүрткүлө.
  3. Алаканыңарды колуңардын тышкы бетин, манжалардын арасын жакшылап самындагыла.
  4. Бармактарды да жууганды унутпагыла.
  5. Тырмактардын ичин тазалагыла.
  6. Манжаларыңар менен алаканды укалап жуугула.
  7. Суу менен самындын көбүктөрүн кетиргиле.
  8. Колуңарды кагаз салфетка менен же жеке кол арчы менен арчыгыла. Же кол кургаткычты колдонгула. Башкысы колуңарды сөзсүз кургактагыла. Себеби, ным болуп турган колго вирус менен бактериялар тез эле жабышат.
  9. Кагаз салфетка менен колдонсоңуз, суу аккан кранды ошону менен өчүргүлө.

Мунун бардыгына орто эсеп менен 20 секунд убакыт коройт. Эгер медиктерге окшоп, профессионалдуу жуугуңуз келсе, анда ушул процесске 40-60 секунд коротушуңуз керек.

Мен эмне эми кол жууган сайын таймер иштетишим керекпи?

Жок. Адатта Happy Birthday to You деген ырды эки сыйра ырдоо жетиштүү деп айтылат. Буга туура 20 секунд кетет экен (биз ырдап көрдүк, 24 секунд кетти).

Бул ыр жакпаса каалаган башка ырды деле ырдасаңыз болот. Мисалы “Кызыл өрүк”, “Дүрүдүм-дүрүдүм”, же болбосо “Дыкын-дыш”

Колум кир бирок самындап жууганга мүмкүнчүлүгүм жок болсо эмне кылыш керек?

Антисептикалык гель колдонсоңор болот. Колду самындап жуугандагы техниканы колдоносуңар. Бирок, колуңар өтө эле кир болсо, антисептикалык гель жардам бербейт. Мындайда нымдуу салфетка менен сүртүп андан кийин гель менен “обработка” кылсаңар болот.

Эсиңерде болсун, антисептикалык гелдин курамынын 60%ы спирт. Ошондуктан кичинекей балдар колдорун оозуна салып албашына коз салып тургула. Анткени, алкоголдук уулануу коркунучу бар.

Кайсы учурда колду жууш керек?

Төмөнкү учурларда сөзсүз колду жууш керек:

  • Туалеттен кийин (ар дайым!)
  • Тамак жасап баштардын алдында
  • Тамак ичээрде
  • Быша элек азыктарды кармагандан кийин (эт, балык, жер жемиш)
  • Чүчкүрүп, жөтөлүп, чимкиргенден кийин
  • Жаныбарларды кармагандан кийин
  • Коомдук жайларда болгондон кийин
  • Коомдук транспорттон кийин
  • Үйдү жыйнап бүткөндөн кийин
  • Жаратты “обработка” кылгандан кийин
  • Оорулуу адамга кам көрсөңүз, аны менен контакт болгондон кийин
  • Баланын “памперсин” алмаштыргандан кийин, тоскондон кийин, көтөнүн ачыгандан кийин
  • Таштандыны ыргыткандан кийин

Кечке эле колумду жууй берсем, териси кургап кетет да

Тилекке каршы, колдун терисинин кургап кетүү коркунучу өтө жогору. Бирок бул инфекциядан коргонуу үчун зарыл болгон чара. Төмөнкү кеңештер бир аз болсо да жардам берет:

  • Колуңарды өтө ысык суу менен жуубагыла
  • Колдоруңарда өтө катуу аарчыбагыла
  • Колуңарды жуугандан кийин дароо нымдоочу каражат колдонгула. Эң жакшысы, глицерин, сүт кычкылын же вазелин камтыган крем же мазь менен майлап туруу.

Маалымат meduza.io сайтынан алынып, которулду.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт