// //

Коронавирустун негизги белгилери. Кадимки грипптен кантип айырмаласа болот?

2020.03.18, 21:14
13243

Грипп, суук тийүү, аллергия жана COVID-19 коронавирусунун белгилери бири-бирине өтө окшош. Адамдын тамагы ооруйт, шалдырайт жана кургак жөтөл басат. Симптомдордун бирдей болгондугуна байланыштуу катардагы адамдар эмес, дарыгерлер да коронавирусту башка оорудан дароо айырмалай албайт.

Ар башка илдеттердин белгилерин салыштырып көрөлү.

COVID-19 вирусуна таандык үч негизги белги бар. Алар:

  • дене табынын кескин көтөрүлүшү;
  • кургак жөтөл;
  • демдин кысылышы.

Биринчи экөө гриппте да болот. Ал эми суук тийгенде, дененин температурасы бир аз эле көтөрүлөт. Кургак жөтөлү болсо да, адамды көп кыйнабайт.

Аллергия учурунда адамдын температурасы көтөрүлбөйт, бирок дем алууда көйгөй жаралышы мүмкүн. Грипп менен суук тийгенде дем алуу системасы жабыркабайт.

Жакында эле окумуштуулар коронавируста болгон бирок сейрек кездеше турган симтомдорду да аныткашты. Алардын ичинде:

 

  • мурундун бүтүүсү;
  • баш оору;
  • тамак оору;
  • сөөктөрдүн какшып оорусу;
  • ич өтүү (чанда).

Белгилей кетчү жагдай, бул белгилердин негизинде диагноз коюлбайт. Коронавирусту атайын экспресс-тест жүргүзгөндөн кийин гана аныктоого мүмкүн.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 оорусун козгогон коронавирусту пандемия деп жарыялады.

Пандемия – бул эпидемиянын катуу жүрүшү. Инфекциялык оорунун бир мамлекеттин ичинде, ага коңшу өлкөлөргө же бүттүндөй дүйнө жүзүнө тарашы.

Бул илдетке туш болгондордун саны күн санап өсүп келүүдө. Акыркы маалыматтарга ылайык дүйнө жүзү боюнча 194 000 ооруган адам катталды. Анын ичинен 7 873ү каза болду.

Кыргызстанда 18-мартта коронавирусун жугузган үч жаран аныкталды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
19.03.2020, 21:37

Дагы толук маалымат Бере аласыздарбы 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт