Коронавирус тууралуу 7 факт. Муну ар бир адам билүүгө милдеттүү
Коронавирустун негизги симптомдору
Коронавирустун негизги белгилери – бул дене табынын көтөрүлүшү, жалпысынан өзүн жаман сезүү, жөтөлүү, демдин кысылышы.
Кантип жугат?
Инфекция адамдан адамга жугат. Тыгыз контакта болгондо, аба аркылуу жана тиричилик-контактылар аркылуу (көздүн, ооздун жана мурундун былжыр челине вирус киргенде).
Инкубациялык мезгили – 14 күн. Айрым булактардын билдирүүсүнө ылайык 24 күн.
Коронавирус кантип пайда болду?
Алгач коронавирус жаныбарлардан (жарганаттан болушу мүмкүн) жукту деген божомолдоолор жаралган. Бирок кытай бийлиги бул маалымат тастыкталган жок, деген билдирүү таратты.
Андан тышкары Россиядагы Кытай элчиси Чжан Ханьхуэй коронавирус атайы жасалган вирус деген маалыматты четке какты.
Коопту топко кимдер кирет?
Кичинекей балдарда жана өспүрүмдөрдө коронавирус сейрек кездешет. Коопту топко иммунитети төмөн жана улгайып калган адамдар кирет.
Өзгөчө өпкө, жүрөктүн кан тамырлар системасы ооруларынан жана кант диабетинен жабыркагандар этият болуусу керек.
Бүгүнкү күндө ооругандардын саны канча?
Бул илдетке туш болгондордун саны күн санап өсүп келүүдө. Акыркы маалыматтарга ылайык дүйнө жүзү боюнча 194 000 ооруган адам катталды. Анын ичинен 7 873ү каза болду.
Кыргызстанда 18-мартта коронавирусун жугузган үч жаран аныкталды.
Коронавирусту пандемия деп жарыялашты
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жар салды. Мындай билдирүүнү аталган уюмдун генералдык директору Тедрос Адхан Гебрейесус жасады.
Ал бардык мамлекеттерди коронавирусту алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды. “Мунун бардыгы коомго жана мамлекеттердин экономикасына оор жоготууларды алып келгенин түшүнүп турабыз, - деп билдирди.
Пандемия – бул эпидемиянын катуу жүрүшү. Инфекциялык оорунун бүтүндөй бир мамлекеттин ичинде, коңшу өлкөлөргө же бүтүндөй дүйнөгө таркашы.
Алдын алуу чаралары
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун рекомендациясына ылайык коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү чараларды жасоо зарыл:
- колду жакшылап самындап жууп туруу;
- жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду кагаз салфетка менен жабуу; андан кийин сөзсүз колду самындап жуу;
- көздү ушалабаңыз, мурун менен оозду да колуңар менен кармалабагыла. Анткени бул вирусту жугузуп алуу коркунучу жогорулайт;
- Жөтөлгөн, чүчкүргөн, бырылдап ооруган адамдарга бир метр аралыктан жакын барбагыла.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.