// //

Классташым менден башка эки кызга валентинка бергенин угуп ыйлагам

2020.02.05, 11:17
3575

- Ой классташ, кандайсың?

- Апей, сен кайдан?

- Киши тааныбайсың го?

- Көрбөй калыпмын.

- Аяш апам жакшыбы? Иштериң кандай?

- Рахмат баары сонун.

- Ошондой эле болсун.

- Өзүң кандай жүрөсүң?

-  Күзүндө үйлөнгөм.

- Сонун болгон турбайбы.

- Телефонуңду берчи, группага кошуп коеюн. Бүт классташтар ватсаптабыз.

Аркы-беркини сүйлөшүп жолубузду уладык. Залкар. Сегизинчи классымда түшүмдөн кетпеген классташым. Ооруп калганыма карабай Залкар үчүн мектепке барам. Атайын арткы партаны тандап алгам. Эженин сөзүн укпай аны тиктеп отурам. Мага сүйлөп койсо эле, болду, келечегибизди пландап, тоюма кие турган ак көйнөгүмдү тандап баштайм. Ой боорум, эстеген сайын күлкүм келет. "Балалык сүйүү — тоок сүйүү" деген туура экен.

Баарын жанагы 14-февраль деген балээ бузду. Жыл сайын сүйүү күнүнө карата мектеп активистери коробкадан жүрөк жасап кире беришке илип коюшат. Ага сүйүүсүн билдире албай жүргөндөр анонимдүү кат салат. 14ү күнү активистер каттарды ээсине алып келип берет. Кимдики көп болсо, анын популярдуулугу артат.

“Бул сага.” Жеп жаткан булочкам ары кетпей кекиртегиме такалып калды. “Аа, рахмат.” Кичинекей жүрөк валентинка. Бийлегим келип чыкты. Журналды алып барымыш болуп, эженин кабинетине кирип секирип-секирип алдым.

- Нурзада, сага эмне болгон?

- Эмне болуптур?

- Жөнү жок эле күлүп жүрөсүң го.

Эч кимге айтпа деп, Акзыйнат курбума валентинканы көрсөттүм. Көп өтпөй Залкардан валентинка алганым мектептин баарына тарады. Баса, валентинканын ичиндеги ыр дале эсимде.

Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн?

Күндө өтөмүн терезеңдин түбүнөн.

Кайырчыдай каранамын жалдырап,

Айтчы, жаным, качан сенден түңүлөм?

Өзү ыр чыгарыптыр деп ойлоп жүрсөм, акын Мидин Алыбаевге таандык саптар экен. Аны биринчи курста билдим.

Тыныгуу. Математикадан эсеп чыгарып отургам.  Акзыйнат чуркап кирди.

- Уктуңбу?

- Эмнени?

- Залкар “Б” класстагы Мээримге, анан “Г”дагы Айтурганга дагы валентинка берген турбайбы.

- Эмне?

- Ооба, жүр сурайсыңбы?

- Жок.

Мен ал валентинканы улам-улам ачып карап, түнкүсүн кучактап жатпадым беле. Үйгө келип ызама чыдабай ыйладым. Апам байкуштун жүрөгү түшүп калды. Эмне болгонун сурайт, а мен эч нерсе айта албаймын. Бир жума мектепке барбай жатып алдым. Валентинканы тытып салайын дедим, бирок колум барбады.

Залкарды жолуктургандан кийин булардын баарын эстеп бир жылмайып алдым. Баса, тиги валентинканы апам сактап койгон. Ошондо апам, “кызым, бул күндөр да өтөт” дегенде ишенген эмесмин. "Силер эч нерсе түшүнбөйсүңөр. Мен өмүр бою аны сүйүп өтөм" деп ойлогом. Бирок, чынында эле ал күндөр да өттү. Учурда сүйгөн адамым бар.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт