Ашкана сырлары: Сүйүктүүңүзгө жүрөк формасында пицца жасап бериңиз

2019.02.14, 14:57
220

Салам достор! Бизде сүйүү майрамы үчүн сонун идея бар. Жүрөк формасында пепперони пиццасын жасап, сүйүктүүңүздү кубантыңыз. Баары жөнөкөй, минимум азык талап кылынат, 15 мүнөттө даяр болот. Кеттик анда!

Жүрөк формасындагы пепперони пиццасы

Керектүү азыктар:

  • Камыр - сатып алынган же колго жуурулган
  • 2 аш кашык зайтун майы
  • Пепперони колбасасы
  • Пицца үчүн соус
  • Сүргүчтөн өткөрүлгөн моцарелла сыры
  • Майдаланган петрушка же базилик.

Даярдоо ыкмасы:

  • Мешти 450°С чейин ысытабыз.
  • Пепперонини бөлүктөргө бөлөбүз.
  • Камырды жайып, жүрөк формасына келтиребиз.
  • Бетине соусту сүртүп, пепперонини тизип, сырды себелеп, учтарын бекитебиз.
  • Даярдалган пиццаны мешке салып, 15 мүнөт бышырабыз.
  • Бышкан пиццаны мештен чыгарып, четтерин май менен сүртүп, үстүн петрушка же базилик менен жасалгалайбыз.

Тамагыңыз таттуу, сүйүүңүз бекем болсун!

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт