// //

“365 байпак алгам”. Мырзалар эсинде калган белектери жөнүндө айтып берет

2019.02.21, 13:08
2840

Bilesinbi.kg сайты мырзаларды келаткан 23-февраль «Ата Мекенди коргоо» күнү менен куттуктап, эсте калган кандай белек алгандарын сурап көрдү.  

Эрнис, укук коргоо кызматкери: “Белекке алган тоту кушум өлүп тирилген”

Негизи мен белектерге көп деле маани бербейм. Бирок, 10-класста алган белегим дале эсимде. Классташ кызым 23-февралда тоту куш алып келип берди. Баары кызыгып карай бергенинен улам капасы менен сумкама салып койгом. Сабактан кийин үйгө барып ачсам, тоту куш өлүп калыптыр. Көмүп коеюн деп огородго алып чыктым. Жер казып бүтүп, капаска колумду салып баратсам, тоту куш тирилип кетсе болобу. Бакырып жибердим. Апам чуркап келди. Кийин экөөбүз каткырып күлгөн элек. 

Бекболот, программист: “365 байпак алганым дале эсимде”

23-февралда белекке машина алгым келет, тамаша (күлүп). Былтыр апам өзгөчө белек берген. “Байпактарың үйүлүп калыптыр, жууп койсоңчу”,-деп калаар эле. Майрам күнү чоң коробка берип, “бир жыл бою байпыгыңды жуубайсың, кийип эле ыргыта бер”,-деди. Ачсам ичинде 365 жуп байпак бар экен. Боорум эзилгенче күлгөм.

 

Эдил, эмерекчи: “Аялым ысык ашлянфу жасап берген”

Ашлянфуну аябай жакшы көрөм. Канча болсо жей берет элем, бирок ангинам бар. Муну билген келинчегим, майрам күнү өзгөчө ашлянфу жасап берген. Жеп көрсөм кадимки эле ашлянфу, болгону ысык. Аябай таң калгам. Досторума айтсам, ишенбей коюшту. Эң негизгиси аялыма ыраазымын.    

Жоомарт, студент: “Таятам жылкы энчилеп берген”

Ойлоп көрсөм, 23-февралда кыйратып деле белек албапмын. Баягы эле байпак, ич кийим, устара же саат дегендей. Бирок, былтыр белекке жылкы алгам. 23дө таятам менен учурашып коеюн деп үйүнө барсам, сарайда турган бир жылкыны көрсөтүп, “балам, ушул ат сеники, жакшылап бак” – деген. Быйыл аны сатып, контрагымдын акчасын төлөдүм.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт