Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты
Баарын жүрөгүмө жакын ала бермей жайым бар. Көчөдөн тааныбаган бирөө жаман сөз айтып койсо деле ыйлай берем. Алты жылдан бери балалуу боло албай жүрөбүз. Эми кандай абалда экенимди элестетип көргүлө.
Кайда барбайын шыбыраган үндөр. “Канча жыл дейсиң?”, “Алты жыл?”, “Көзү ачык эженин номерин берейинби?”, “Убагында кудайга жакпаган иш кылбаптырбы?”, “Күйөөсү таштап кете элек бекен?” ж.б.
Айылга туугандарга барып калсам төбө чачты тик тургуза турган кеңештерин берип, айрымдары “дем салып коюңуз” деп үйгө чейин молдо чакырып келишет. Тажадым!
Жаңы келин болуп келген күнүм эстен кетпейт. Көшөгөдөн чыгып жумуш кылайын десем, кайын энем, “ташта шыпыргыны, кел шашпай отуруп, чай ичели” деген. Ал убакта акыркы курста окуйт элем. Сабакка жөнөп баратсам, “ай, жүдөбөй алдыгы жоолугуңду чечип, чачыңды жасап албайсыңбы” дегенде аябай таң калгам. Аудиторияга кирип барсам, курсташ кыздар жоолугумду сурашкан. Кайын энем алып койгонун айтсам ишенишкен эмес.
Көрүнбөгөн дарыгерибиз калбады. Үч жолу ЭКО жасадык. Жыйынтык жок. Күн сайын океандай көз жаш төгөм. Ойлоно берип чүнчүп, арыктап кеттим. Күйөөм байкуш эмне кылаарын билбей, чет жакка эс алууга алып барды. Жакшынакай болуп келем, баягы "качан төрөйсүң", "балалуу боло элексиңерби", "дарыландыңарбы" деген суроолорду бирөө-жарым бере баштаса эле мурдагы кейпиме түшөм.
Бир күнү чогуу иштешкен бир эже үч жашар небересин жумушка ээрчитип келди. Ары-бери чуркап ойноп жүргөн. Кокустан столдун үстүндөгү сууну төгүп алды. Эже чуркап бара калып, баланы жулкулдатып, сабап кирди. “Эже, коюңузчу, баланы да урасызбы!” деп ортого түшө калсам, “Сен биринчи өзүң төрөп алып, анан акыл үйрөт!” - деди. Үйгө кантип жеткенимди билбейм.
Кайын энем келди. “Эмне ыйлайсың! Эл айта берет. Дүйнөдө төрөбөй жүргөн сен эле бекенсиң? Ушинтип ар бир сөзгө бышактай берсең эмнең калат? Күчтүү болбойсуңбу? Андай эле каалап жатсаңар бала багып алгыла”,- деп урушту. Ошондо көзүм ачылды.
Көп өтпөй бала асырып алдык. Кайын энем артынан уланып бала келсин, деп ырымдап, атын "Улан" койду. Той өткөрүп, уулубузга бата алып берди. Күн сайын күйөөм экөөбүз “кичинекейди мен көтөрөм” деп талашабыз, анын кылыктарына жетине албай экөөбүз тең жыргайбыз.
Ушул жерден кайын энеме рахмат айткым келет. Эч качан “төрөбөйсүн", "уулума бала керек", "кет” деген сөздөрдү айткан жок. Артыман сөз кылгандардын ооздорун бир заматта жаап, ордуларына коюп койчу. Апамдын арты менен минтип балалуу болуп отурабыз.
Эт кууруп жаткам. Көөнүм айнып сыртка чуркап чыктым. Кусуп жатканымды көргөн жолдошум мени дароо доктурга алып келди. УЗИнин “боюңузда бар турбайбы! Оо, эгиз экен!” - деген сөзү дагы деле кулагымда жаңырып турат. Көзүмө жаш тегеренип, өзүмдү кармана албай ыйладым.
Уланым өз атын актады. Биздин үй-бүлөбүздү көбөйттү, бактыбызды улады. Өмүрлү бол балам.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим
Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады
Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү
Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды
Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди