AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Нандын күкүмүн жоготуп алып

Нандын күкүмүн жоготуп алып, эми апам өлүп калат деп ыйлагам

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кичинебизде короодогу балдар менен ар кандай коркунучтуу окуяларга, уламыштарга жана ырым-жырымдарга ишенчүбүз. Эсимде, көчөнүн башында “л” тамгасына окшош столб бар эле. Анын ортосунан өтсөк боюбуз өспөй калат деп, коңшу көчөдөн айланып өтчүбүз. Кызык бекен? А сиз балалыгыңызда кандай ырым-жырымдарга ишенчү элеңиз? Келиңиз талкуулайбыз.

Нурсултан, программист: Аялым сулуу болсун деп жиликти таза кемирчүмүн

Жети же сегиз жашта элем. Таенемдин үйүндө той болуп жаткан. Эт бышырып отурган тайкемдин жанына келсем, мага бир жилик берди. Этин жеп бүтүп, сөөгүн кайра сундум. Тайкем сөөктө бир топ эт калганын байкап, “ай, таза кемир, кийин аялыңдын түрү суук болуп калат”, — деди. Жиликти колунан жулуп алып таптаза кылып мүлжүп таштадым. Тайкемдин боору эзилип калды. «Ай, жок дегенде каш кирпикгин калтырып койбойт белең», — деп каткырып күлдү. Эртеси досторума менин аялым сулуу болот деп аябай мактангам.

Айзирек, студент: Нандын күкүмүн жоготуп алып ыйлагам

Айылдагы кабат үйлөрдө жашачубуз. Бир күн мурун кошуна кыздан, нандын күкүмүн жерге түшүрсө, апалар өлүп калаарын уккам. Эртеси апам менен атам базарга кетти. Мени чоң энем карап калды. Балкондо оюнчук ойноп отургам. Ачка болуп кетип нан алып келип жей баштадым. Кокустан бир күкүмү балкондон ылдый жерге түшүп кетти. Тиги окуяны эстеп сыртка чуркап чыктым. Бир сааттай издедим жок. “Эми апам өлүп калат”, — деп үйгө бакырып ыйлап келдим. Чоң энем көзү тостоюп чуркап чыкты. Болгон окуяны айтып бердим. Каткырып күлүп, “аны тоок жеп кетти, апаң менен эч нерсе болбойт эми”, — деп кечке сороткон.

Жылдызай, ашпозчу: Алыска турмушка чыгайын деп, жипти узун кылып саптачумун

Кол өнөрчү ыраматылык чоң апамдын көзү жакшы көрчү эмес. Көз айнегин таппай калганда жипти бизге саптатчу. Бир жолу улам саптап бергенден тажап кетип, жибин узун кылып саптап берип койдум. Чоң энем, “кызым, ата-энеңди сагынтып алыска турмушка чыгып кетпе”, — деди. Бул сөз мага майдай эле жакты. Билбейм эмнеге, бирок, алыска күйөөгө тием деп, эмне болбосун жипти атайын узун саптап калгам. Кийин өзүбүздүн айылдагы бир жигитке эле турмушка чыктым. Азыр эстеп алып күлүп калам.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине «апа» деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Д.Карнеги: Өзүңдү бактылуу адамдай алып жүр

Д.Карнеги: Өзүңдү бактылуу адамдай алып жүр, ошондо чындап эле бактылуу болосуң

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.