AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Баламды циркке алып баргандын ордуна

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

— Апа, эртең конкурстун жыйынтыгын айтышат, келесизби?

— Эмне конкурс?

— “Менин үй-бүлөм” деген темада дилбаян жазуу.

— Сен дагы катыштың беле?

— Ооба.

— Жумуштан эрте бошосом барам, болбосо атаңа айтып коем.

— Ал деле бошобойт да.

— Эмне?

— Эч нерсе.

Балам 5-класста окуйт. Үйдүн уулусу. Андан кийин эки кызым бар. Өзүм дүкөн иштетем. Күйөөм бухгалтер. Тапканыбызды үнөмдөп, элден кем калбай жан багып келебиз. Мунусуна да кудайга шүгүр.

Эмнегедир ал күнү соода жакшы болгон жок. Дүкөндү эрте жабып, мектепке жөнөдүм. Актовый залга кирсем, күйөөм отуруптур. Тобо кылдым, биринчи жолу экөөбүз мектепке чогуу келдик. Конкурстун катышуучулары сахнага чыгышты. Балам бизди көрүп сүйүнгөнүнөн колун булгап жиберди. Жүрөгүм жылый түштү.

Уулубуз экинчи орунду алыптыр. Мектеп директору грамота менен китеп тапшырды. Балам чуркап келип белектерин бизге карматып жатканда, күйөөм, “ушунча келгенден кийин бирди албайт белең”, — деп бурк этти. Мен да куттуктап койгонго жарабай, “жазганыңы бизге бир көрсөтүп койсоң болмок, катасын оңдоп берсек баш байгеге ээ болмоксуң”, — дедим. Азыр бул айткандарым үчүн аябай өкүнөм.

Үйгө келдик. Балам тамак ичпей жатып алды. Күйөөм экөөбүз тең эмне болгонун сурап койгонго жарабадык.

Кыздарымды жаткарып, баламдын бөлмөсүнө кирдим. Жуурканын чүмкөнүп алып уктап калыптыр. Жерде грамотасы айрылып, дилбаян жазган кагазы бырышып томолоктолуп жатат. Баарын чогултуп акырын сыртка чыктым. Баракты жазып, ичиндегисин окуп кирдим.

“Атам менен апамдын мага убактысы жок. Ар дайым “чарчадым”, “акча жок”, “башымды оорутпачы”,  “светтин квитанциясы келип калыптыр” деп басып жүрүшөт. Кулап түшсөм бутумдагы жаратты байкашпайт, капа болуп келсем, эмне болгонун сурашпайт, түндө жакшы жат деп айтышпайт, мен жакшы көргөн тамакты жасашпайт, базарга алып барып каалаган кийимимди алып беришпейт.

Үчүнчү классымда, атам менен апам мени дем алыш күнү циркке алып барам дешти. Ал күнү эртең менен эрте турдум. Сүйүнүп көчөгө кие турган кийимдеримди кийдим. Сыртка  чыксам апам кир жууп, атам машина оңдоп жатыптыр. Кеттикпи десем, апам, “кирлер көп, бүгүн жууп албасам, эртең жумушка чыгышым керек, кийин барабыз, чеч алдыгы кийимдериңди”,- деп койду. Атама карасам, “ага жок дегенде 500 сомдой кетет, ал акчага тамак алып же май куюп алганым жакшы”, — деди. Бир жылдан кийин, З1-август күнү  циркке алып барышты. Бирок, мага цирк баягы күндөн бери жакпай калган.

Агай, конкурстун темасы, “Менин үй-бүлөм” деп аталат, а мен үй-бүлө эмне экенин билбейм. Атам менен апама акча эле керек, эгер ал жок болсо үйдө уруш болот. Биз чогуу отуруп тамак ичпейбиз. Атамдын машинасы бар, бирок досторумдун атасындай болуп мени мектепке алып барбайт. Экөө тең дем алыш күндөрү үйдө болушат, бирок мени менен иши жок.

Беш алсам сүйүнүшпөйт, эки алсам жаман сөздөрдү айтышат. Бокс менен машыккым келет. Залга барганга акча беришпейт. Атам менен апамды жакшы көрөмбү же жокпу билбейм. Бирок сабактан кийин үйгө баргым келбейт.

Апам башыман сыласа, атам “эй бала” дебей “уулум” деп кайрылса сонун болмок. Анткени…”

Андан ары окуганга эрким жетпеди. Күйөөм кирип келди. Дагы машинасын чукулаган окшойт, колу май.

— Эмне болду сага? Бозоруп калыпсың.

— Мына, балаңдын баянын оку.

— Азырбы?

— Ооба, азыр!

 Ал башын мыкчып, мен шолоктоп ыйлап отурдум.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине «апа» деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
3G менен 4G бири-биринен эмнеси айырмаланат?

3G менен 4G бири-биринен эмнеси айырмаланат?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.