// //

Жыныстык катнаш тууралуу бул мифтерге ишенгенди токтотуу керек

2024.07.26, 11:51
1451

Жыныстык катнаш тууралуу ар кандай мифтер бар. Алардын айрымдарына өспүрүмдөр гана эмес, чоңдор дагы ишенет. Ал эми кээ бир мифтер каалабаган кош бойлуулукка алып келет. Башкалары бир үй-бүлөнү бузганга чейин алып барат. Мындан утурлай "Репродуктивдүү ден соолук үчүн альянс" бейөкмөт уюмунун аткаруучу директору Галина Чиркина менен кеңири тараган мифтерди жокко чыгардык. Мындан тышкары, ачык булактардан алынган маалыматтарды, ошондой эле балдар жана ата-энелер үчүн колдонмолорду пайдаландык.

Чындык

2016-жылы жүргүзүлгөн "Коомдун кабыл алуусундагы гендер" аттуу изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда 89% эл келиндин кыздык белгисинин болушу бактылуу үй-бүлөлүк жашоонун ачкычы деп эсептейт. "Кыздык" медициналык же илимий термин эмес. "Кыздык" түшүнүгү - бул аялдарга жана кыздарга карата гендердик басмырлоону чагылдырган социалдык, маданий жана диний түшүнүк", - дейт Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму.

Галина Чиркина:

- Кыздык деген эмне? Баары аны кан тамырлары бар чел деп элестетишет. Чындыгында бул кынга кирүүнү бир аз куу кылган, анын кире беришиндеги былжырлуу чел. Кыздык чел ар кандай болушу мүмкүн: сырткы көрүнүшү, кан тамырлар менен каныккандыгы, ал тургай чоюлчаактыгы боюнча.

Эгерде бул былжыр чел кындын кире беришин тоссо, анда ал кызды текшерген адистерди жана анын энесин тынчсыздандырышы керек болгон аномалия. Кындын кире беришинде мынчалык былжырлуу болушу мүмкүн эмес, анткени бул кийинчерээк жыныстык жетилүү учурунда баланын жашоосун бузуп, ал тургай канды ууланганга чейин алып болот.

Көптөгөн булактар ​​буга чейин эле төрөлгөн кыздардын болжол менен 20%ы кыздык чели жок экенин тастыкташкан. Бул темадагы илимий изилдөөлөрдү шилтемеден окуй аласыз.

Кыздын айызы келе баштаганда менструациянын каны бир жактан агып чыгышы керек экенин баарыбыз түшүнөбүз. Кээ бир адамдар кыздык челин биринчи айызы учурунда операция жолу менен кестирүүгө туура келет, анткени ал айыз кандын агып өтүшүнө жол бербейт. Бул өнүгүүнүн аномалиясы.

Ошондуктан, мен дагы бир жолу кайталайм, кыздык чел шараптын бөтөлкөсүндөгү мөөр сыяктуу эмес. Анын же бир нече же бир чоң тегерек тешиктери бар ж.б.у.с. Ар бир кыздыкы индивиудалдуу.

Былжыр челдин өзү эч жакка кетпейт, айрылбайт, түшпөйт. Бул инфекциянын жана ар кандай кирдин кирип кетпешин алдын алуу үчүн кындын кире беришиндеги бир аз тарылган кындын былжыр челинин бир бөлүгү. Табигат биринчи кезекте инфекциялардан коргоо максатында ушундай кылып жараткан. Куйрук атавизмге айланып, чычаңга айлангандай эле, адамдын эволюциясы менен кыздык чел да атавизмге айланат, анткени учурда анын эч кандай коргоочу функциясы жок.

Кыз болуп турмушка чыккан кыздарда, эркектерде бир суроо туулат: дефлорация учурунда күтүлгөн кандуу фонтан кайда? Дефлорация – бул биринчи жолку жыныстык. Эгерде жыныстык катнаш эки түгөйдүн жетиштүү дүүлүгүүсү менен, алдын ала эркелетүү менен, жыныстык катнаштын бардык компоненттери катышканда, адамдар бири-бирине болгон эки тараптуу каалоону баштан өткөрсө, анда адатта кызда жыныстык катнаштын азыраак оорушуна мүмкүндүк берген кындын ичиндеги "смазканын" (майлоочу заттын) көлөмү чоң болуп бөлүнүп чыгат.

Смазка жыныстык катнаш жагымдуу болушу үчүн кындын былжыр челинин чоюуга мүмкүндүк берет. Бөлүнгөн гормондор былжыр челдин кеңейүүсүнө шарт түзөт. Бул учурда кындын кире беришинде жайгашкан кыздык чел деп атаган былжыр челдин да чоюлары анык. Ошондуктан, мындай жынытсык катнашта эч кандай кан агуу болбошу мүмкүн.

Жыныстык катнаш катуу, даярдыксыз же алдын ала эркелетүүсүз, балким, зордук-зомбулук процессинде болсо, анда кандайдыр бир деңгээлде кан агууну көрсө болот. Себеби жыныс кынынын дубалдары жыртылып, жаракалар пайда болуп, табигый түрдө ал жерден кан бөлүнүп чыгат. Анан ошол учурда аялды кыз болгон деп айтуу мүмкүн эмес.

Кандын жоктугу кыздын кыздык челинин чоюлчаак, жакшы ачылгандыгына байланыштуу болушу мүмкүн, бул оорутпаган жыныстык катнаш болушу үчүн жетиштүү. Кээ бир адамдадынр кыздык чели өтө бекем болгондуктан, жыныстык катнаш бир нече жыл бою оорутуу менен коштолот.

Швециянын сексуалдык билим берүү ассоциациясынын адиси Анастасия Лундквист аялдын кыздыгы жөн эле жок экенин белгилейт. "Кыздык чел деген эмне? Ар бир адам аны пленка катары элестетет, биринчи жыныстык катнаш учурунда айрылып, кан агат деп. Бирок андай пленка жок. Бул жөнөкөй эле биология. Анткени ал пленка жыныстык катнашка барбаган кыздарда бар болгон болсо, анда ментруация деген нерсе келбейт эле. Биз "кыздык чел" деген сөздү колдонбойбуз, "кындын таажысы" деп айтабыз. Бул кыздыкты жоготкондон кийин жок болуп кетет деген миф эмес, бул эч кайда жоголбогон аял кынынын ажырагыс бөлүгү. Айтмакчы, көпчүлүк аялдарда биринчи жыныстык катнаш учурунда кан кетпейт", - деп баса белгилейт ал.

"Кыздык чел жок!" - rfsu.se швед порталынын авторлору белгилешет.

Галина Чиркина:

- Эркек балдарга токтолсок, алардын деле биринчи мастурбациясы көбүнчө оорутуу менен коштолот, анткени чочосунун башы бир аз жараат алып, кан пайда болушу мүмкүн. Анан бул нерсе жигиттин кыздыгы бузулду дегенди билдиреби? Кыздыкты физикалык мүнөздөмөлөр призмасы аркылуу талкуулоого болбойт.

Белгилүү бир деңгээлде адамдар өздөрүнүн физиологиясы жөнүндө так билимге ээ эмес, ошондуктан көптөр кыздык абдан маанилүү деген ойдо болушат. Кыргызстандын ичиндеги бир нече изилдөөлөр көрсөткөндөй, көптөгөн кыздар мифтердин таасири астында, кызыктай аракеттерди жасоого аргасыз болушат. Мисалы, гименопластика жасатуу боюнча клиникаларга кайрылышат. Адатта, аялдар төрөттөн кийин кындын былжырлуу челин тартыруу үчүн бул операцияны жасатышат. Ал эми жерде төрөй элек, бирок никеге чейин сексуалдык тажрыйбасы болгон кыздар өнөктөшүнө кыз экенин далилдеш үчүн гименопластикага барууга аргасыз болушат.

Биринчи жыныстык катнаштан кийин кындан бөлүнүп чыккан суюктук майда кызгылт тактар сыяктуу болот: ал суюктуктун курамы "смазкадан", кан аралашкан суюктуктан жана аз сандагы кандан болот. Шейшептен бул суюктук дээрлик көрүнбөйт. Бирок көпчүлүккө "кыздыкты" көрсөтүш керек да, туурабы? Бизде кээ бир базарларда буканын каны кошулган капсулалар сатылат. Анан алар буканын канын шейшепке төгүп, анан кандуу тактарды көрсөтүшөт. Бул, албетте, адистердин күлкүсүн келтирет. Бирок кээ бирөөлөр үчүн бул абдан маанилүү окуя, ал сөзсүз түрдө чоң кандуу так түрүндө болушу керек.

Айыз учурунда жыныстык катнашка барса, кан жоготуу көп болот. Бирок кыздык минтип көрсөтүлбөйт. Төшөктө кыз издеген эркектер көп жаңылышат. Мындай мырзалар абдан көп. Сексуалдык ырахат алуу үчүн кыздарды издөө, ар дайыма эле кыздыгы бар кыздарга жолугууга кепилдик бере бербейт. Андыктан кыздыкты так аныктоого боло турган ачык белгилер жок экенин эстен чыгарбоо керек.

Мифтер көптөрдүн жашоосун бузат. Кыздыкка эмнеге мынчалык маани беришет билбейм, бирок баары бир бул нерсе бакыт тартуулабайт.

Миф. Эякуляцияга чейин бойго бүтүү мүмкүн эмес

Маалымат

Эякулятка чейин - тунук, түссүз, илешкек суюктук, ал дүүлүккөн эркектин жыныстык мүчөсүнүн уретрасынан бөлүнүп чыгат.

Чындык

- Эякулятка чейинки суюктук он миллиондогон сперматозоиддерди камтышы мүмкүн, алар абдан активдүү, туруктуу жана каалаган убакта жумуртканы уруктандырууга даяр болот. Ошондуктан, кош бойлуу болуп калуу мүмкүн. Эякулятка чейин суюктук сперматозоиддерди камтыйт, анткени эркектин организми дайыма сперматозоиддерди бөлүп чыгарганы менен өзгөчө. Аялдын организминде жумуртка айына бир жолу жетилсе, эркектин организми уруктандырууга ар дайыма даяр.

"Дени сак өспүрүмдүн өнүгүүсү, же жыныстык жетилүү мезгилин кантип баштан өткөрүү керек" аттуу казактардын колдонмосунун авторлору кош бойлуулуктан үзгүлтүккө учураган жыныстык катнаш менен коргонуу миф жана жаңылыш түшүнүк бар экенин белгилешет.

Чындык

Жыныстык катнаш алдында (эякулятка чейин) жыныс мүчөдөн бөлүнүп чыккан суюктуктун курамында сперматозоид бар, бул кош бойлуулукка алып келиши мүмкүн.

Көбүнчө кырдаалды көзөмөлдөй албаган учурлар болот, эгерде урук же уруктар жыныстык органга төгүлсө, кош бойлуу күтүлүшү мүмкүн.

Үзгүлтүккө учураган жыныстык катнаш - бул процессти көзөмөлдөө кээде өтө эле кыйын болгондуктан, ийгиликсиз контрацептивдик ыкма болуп саналат. Мындан тышкары, үзгүлтүккө учураган жыныстык катнаш ыкмасы ЖЖБИ жана ВИЧтен коргой албайт.

Миф. Менструация учурунда кош бойлуу болуу мүмкүн эмес

Чындык

- Кээде айыз учурунда дагы бойго бүтүп калышы мүмкүн. Бул жаш кыздардын циклдерине байланыштуу, анткени цикл толук туруктуу боло элек. Көбүнчө бул 21 жашка чейин болот. Эгер цикл кыска болсо же кыз кандайдыр бир стресске дуушар болсо, бойго бүтүп калышы мүмкүн. Сары дененин өндүрүлүүсүнүн жана натыйжада жумуртканын жетилишинин бузулушунун көптөгөн себептери бар.

Айыз учурунда да - эстетикалык, гигиеналык жана коопсуздук себептерден улам коргонуу каражаттарын колдонуу керек.

 

"Дени сак өспүрүмдүн өнүгүүсү же жыныстык жетилүү мезгилин кантип баштан өткөрүү керек" колдонмосунан:

"Кош бойлуулук болушу мүмкүн. Сперма беш күнгө чейин активдүү бойдон калышы жана овуляция сиз күткөндөн эртерээк башталышы мүмкүн. Ар бир адамдын цикли ар башка: кээ бирөөлөр үчүн овуляция айыз келгенден кийин жетинчи же сегизинчи күнү болушу мүмкүн".

Миф. Кыз биринчи жолу жыныстык катнашка барганда боюна бүтпөйт

Чындык

"Дени сак өспүрүмдүн өнүгүүсү же жыныстык жетилүү мезгилин кантип баштан өткөрүү керек" казактардын колдонмосунан:

"Биринчи катнаш болобу же жокпу, кош бойлуулук баары бир болушу мүмкүн. Сперма жыныс кынына киргенден кийин жана ДСУнун аныктамасы боюнча 1 млде нормалдуу түрдө 10 миллиондон кем эмес болсо, алар жумурткага карай сапар тартышат. Сперма куйругун ары-бери кыймылдатып, жатын моюнчасынын былжырлуу тосмосунан өтүп, жатындын көңдөйүнө кирип, андан кийин жатын түтүктөрүнө багыт алышат. Өтө көп сандагы сперматозоиддер жатын түтүктөрүнө жетпей өлүп калышат, ал эми кирип кеткендери жумурткага карай кыймылын улантат. Жумурткага жеткен бир сперматозоид аны уруктандырат."

Миф. Жыныс мүчөнүн өлчөмү (узундугу/формасы) ырахат алууга таасир этет

Чындык

- Кындын формасы сыяктуу эркектин жыныс мүчөнүн формасы ар бир адамда индивидуалдуу болот. Көзүбүздүн, чачыбыздын түсү, фигурабыздын формасы ар кандай болгон сыяктуу, бул нерселер бизге бактылуу, капалуу, жаман же жакшы адам бюолууга таптакыр тоскоол болбойт.

Жыныс мүчөнүн узундугу жана жоондугу өнөктөштөрдүн ырахат алуусуна таасир эте турганын аныктаган олуттуу илимий далилдер азырынча жок.

Ооба, жеке өзгөчөлүктөр болот. Порно тасмаларда бизге мүчөлөрдүн укмуштуудай көлөмдөрү, позалар жана процесстен ырахат алып жаткан учурлар тартууланат. Бирок бул жакшы коюлган режиссура, жакшы актердук оюн гана экенин түшүнөбүз.

Айтмакчы, дагы бир көңүл бурчу нерсе - жыныс эриндери. Мисалы, жыныс эриндеринин чоң же кичине, жоон же ичке, бири кыска, экинчиси узун же чоңураак болушу көптөгөн суроолорду жаратат. Ал эми бул өспүрүмдөрдүн тынчсыздануусун пайда кылат, анткени алар өз органдарын порно тасмалардан же башка жерде көргөн белгилүү формалар жана түрлөр менен салыштырышат. Мектепте жана үйдө өспүрүмдөргө жыныс эрининин формасы индивидуалдуу өзгөчөлүк экенин айтып берүү маанилүү.

Мисалы, мен ата-эне аныкташы керек болгон нерселер жөнүндө көбүрөөк тынчсызданууга чакырат элем. Мисалы, бул ордуна түшпөгөн урук бези, көлөмү боюнча өтө айырмаланган урук бездери. Же эркек балдардын семирүүсү. Бул ата-энелерди баласынын эрте курагында эле тынчсыздандырышы керек, ал эми бул үчүн алар адистерге кайрылуусу зарыл.

Эгер сизде баары нормалдуу экенин түшүнсөңүз, жашоодон ырахат алыңыз жана тынчсызданууну токтотуңуз. Анткени бизде пайда болгон жана чечилбей жаткан тынчсыздануулар, мисалы, олуттуу психологиялык көйгөйгө айланып кетиши мүмкүн.

Биз ырахат деген эмне экенин унутпашыбыз керек. Мен өзүм ырахат алсам, бул бир нерсе, мен бул ырахатты өзүмө бере алам жана муну кантип жасоону билем. Башка нерсе - , мен башка адамга ырахат тартуулаганымда жатат. Бул жерде, албетте, өнөктөштүн денесин жана анын сезимдерин урматтоо биринчи орунда болушу керек.

Практикада жыныс мүчөсү чоң жана агрессивдүү жүрүм-туруму бар эркектер көп талапка ээ деген миф иштебейт. Өнөктөшүн сезе билген, анын каалоосун түшүнгөн жана сыйлаган эркектер талапка ээ. Бул, демек, аял тарабынан да, эркек тарабынан да өз ара макулдук менен ишке ашат.

Өспүрүмгө муну кантип үйрөтүү керек? Адегенде өзүбүздү жана денебизди сүйүшүбүз, ырахаттарыбызды сыйлашыбыз керек экенин түшүнүшүбүз керек. Ар бир адамдын жеке мейкиндиги болушу керек. Эгерде ал мейкиндик болсо жана жакындарыңыз аны сыйласа, анда сиз да башка адамдардын мейкиндигин жана чектерин сыйлашыңыз керек. Жашоого жана өзүбүздүн денебизге карата ушундай көз караштарды калыптандыруу аркылуу биз сөзсүз түрдө балдарыбызда башка денеге болгон сый-урматты калыптандырабыз.

Мен ата-энелерге ар дайыма бул суроону берем: "Элестеткиле, үйгө келсеңер, балаңар күзгүнүн алдында жылаңач турган болсо эмне кылмак элеңер?" Биринчиден, акырын бутуңуздун учу менен башка бөлмөгө чыгып кетип, ага денесин изилдөөгө мүмкүнчүлүк беришиңиз керек. Үйдө болбосо, кайдан денебизди көрүп, изилдеп, түшүнүп, урматтап, анын бар экенине сыймыктанып, өсүп, өзгөрүп жатканына кубансак болот?

Миф. Мастурбация импотент кылат

Чындык

Мастурбация - бул жетилген организмде пайда болгон сексуалдык чыңалуудан арылуу мүмкүнчүлүгү. Бул далилденген. Чыңалууну кандайдыр бир жол менен жеңилдетүү керек. Бул маселе кыздарга да, жигиттерге да тиешелүү. Башка бир нерсе, бул канчалык көп жасалат жана эмне үчүн? Эмне үчүн, мисалы, кээ бир адамдар кээде мастурбация аркылуу гана энергияны чыгара алышат? Бул жерде "Жигит менен кыздын айланасындагы дүйнө канчалык ар түрдүү, алар кандайдыр бир башка жол менен сексуалдык энергиясын чыгара алабы?" деген суроо туулат.

Миф. Эркектер полигамдуу, аялдар моногамдуу

Чындык

Галина Чиркина:

Менин оюмча, биз бул мифти эчак эле жокко чыгарганыбызга карабастан, дагы деле аны менен алекпиз. Биздин патриархалдык коомдо эркектер аялдарга караганда көбүрөөк нерселерди жасай алышат. Кеп ушунда жатат. Бул көп убакыт мурун калыптанган ишеним жана тилекке каршы, биз аны азырынча эч кандай өзгөртө албайбыз. Ошон үчүн эркектерге көп көп жыныстык катнашта болгону жакшы нерсе, анткени ал тажрыйбалуу болуп калат, ал эми аял үчүн жаман, балким эркекке атаандаш болуп калат дешет. Же, мисалы, балдар түн ортосуна чейин, кыздар саат 9га чейин көчөдө жүрө алышат дегендей эле кеп. Сыягы бул коопсуздук маселелерине байланыштуу. Бирок биздин коомдо коопсуздукка карата дагы патриархалдык мамиле бар. Демек, эркек болуп төрөлүү жакшы, кыз болуп төрөлүү кооптуу экен да.

Мен дагы бир нерсени түшүнбөйм, эмне үчүн көп ата-энелер кызынын айызы келгенде, ал мектепти ташташы керек деп чечишет. Чынында, карама-каршы жыныстагы адамдар менен баарлашуу аркылуу биз өзүбүздү ар кандай чөйрөлөрдө көрсөтө алабыз. Кеп жыныстык катнаш жөнүндө гана эмес, тескерисинче, көбүрөөк деңгээлде баарлашуу, диалог куруу, аралыкты сактоо, айрым маселелер боюнча "жок" же "ооба" деп айтуу тууралуу.

Жаштарга эч кандай шартта баарлашууга тыюу салынбашы керек. Бирок мен дагы бир жолу айтам: өздөрүн кайсы жерде жана кантип коргоону, алар каалабаган сексуалдык мамилелерден кантип арылуу керектигин же ошол сексуалдык мамилелерди кантип коопсуз кылууну билүү мүмкүнчүлүгүн берүү маанилүү.

Миф. Секс ар дайым оргазм менен бүтүшү керек

Чындык

Галина Чиркина:

- Баарыбыз эле секс ар дайым оргазм менен бүтсө деп кыялданабыз. Чындыгында, андай эмес.

Оргазм – бул бардыгы дал келген эң жогорку чекит: каалоо, колдоо, катышуу. Бирок мындай учур ар дайыма эле ишке аша бербейт. Күндө алгебрадан "5" алуу мүмкүн эмес сыяктуу эле . Кээде чындап аракет кылуу керек. Оргазм менен да ушундай. Оргазм текшерүү иштен капыстан "5" алуу сыяктуу күтүүсүз болушу мүмкүн же талыкпаган эмгектин натыйжасы болушу мүмкүн.

Бирок оргазм адамдардын сексуалдык жашоосунда болушу керек. Бул жагынан алганда, эркектин репродуктивдүү жана жыныстык системасы аялдыкына караганда оргазмды бата-баттан ала тургандай болуп ылайыкталган. Бирок оргазм дайыма эле жыныстык катнашты коштой бербейт. Эң негизгиси бири-бири менен болгон өз ара аракеттенүү, сезим, сезимталдык жана башкалардын баары дал келиши керек.

Миф. Оргазм аял үчүн маанилүү эмес

Чындык

Галина Чиркина:

- Бул патриархалдык ишеним. Кээ бир диний топтордо аял оргазм албашы керек, бул анын жумушу эмес деген ишеним бар. Учурда Түндүк Кавказда диний ырым-жырым менен байланышкан аялдарды сүннөткө отургузуу учурлары көп катталууда. Бул көрүнүш биздин өлкөдө дагы пайда болду деп корком, анткени мен буга байланыштуу эки учурду уктум. Тилекке каршы, бул тез жайылып кетиши мүмкүн.

Аялдардын сүннөткө отургузууда, айрыкча Сомалиде жасалган сүннөттө, мисалы, жыныс эриндери гана эмес, клитор да кесилет. Анын үстүнө клитор – аялдын эң сезимтал, эң сонун оргазм алууга катышуучу орган. Эгер ал кесилип алынса, өмүр бою оорутууга алып келет. Бул учурда жыныстык катнаш аялга бала төрөө үчүн гана керек болуп калат. Бул коркунучтуу. Аялдардын сүннөткө отургузуу окуясы БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйындарында талкууланган "Чөл гүлү" тасмасында баяндалган.

БУУ аялдарды сүннөткө отургузуу ырайымсыздык жана кыйноо катары эсептелерин элге жеткирүү үчүн белгилүү каражат бөлүүнү чечти. Аялдардын сүннөткө отургузулушу жөнүндөгү бул миф аялдар үчүн кыйноолорду нормалдаштырат.

Бул ойдон биротоло арылуубуз керек. Оргазм ар бир адам үчүн - эркектер да, аялдар үчүн да маанилүү. Бул тамактан ырахат алгандай эле нерсе. Ачкалык - бул өзүбүздү сактап калуу үчүн тамак жешибиз керек болгон денебиздин чакырыктарынын бири. Тамактанганыбызда курсагыбыз тоюп жана ырахат алабыз. Жыныстык жашоо ушундай.

Жыныстык каалоо - ачкалык. Ал эми оргазм - бул каныккандык. Бул негизги инстинкт. Аялга секстин, канааттануунун кереги жок деген көз караштарды калыптандыруу менен биз табияттан баш тарткыбыз каалагандай сыяктуу ой калтырат : "Жок, андай эмес, биз сага каршыбыз, сен бизди тирүү жан катары тааныганыңа каршыбыз". Менимче, мындай мамиле тубаса адамгерчиликке каршы келет. Биз алар менен күрөшүшүбүз керек, анткени алардын айынан жашообузга башка терс таасирлер кирип, жашообузга кубаныч эмес, кыйноо, бакыт эмес, бактысыздык тартуулайт. Бизде мындай уламыштарды түзбөшүбүз маанилүү.

Миф. Чыныгы жашоодо оргазм кинодогудай

Чындык

Галина Чиркина:

- Байкашымча, оргазмдын ар кандай түрлөрү тууралуу видеолор көп чыгууда. Дагы бир жолу аялдын жана эркектин организминин өзгөчөлүктөрүнө, ар бирибиз оргазмды ар кандай сезе турганыбызга кайрылалы. Кээде аны өнөктөшү деле байкабай калышы мүмкүн. Бирок бул өнөктөштүн жаман экенин билдирбейт. Болгону адам ырахат алганын өнөктөшү анчалык байкабай калган кездеше берет.

Кээде адамдар өнөктөшүнө жагуу үчүн оргазм алып жаткандай болушат. Бардык сексологдор мындай дешет: "Эгер сиз өнөктөшүңүздүн оргазмын түшүнгүңүз жана сезгиңиз келсе, анда өз ара аракеттениңиз, сүйлөшүңүз, сезиңиз."

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт