// //

Кудагыйым эски туфлимди көрүп, мени таңкалытрчу иш жасады

2023.06.30, 15:53
14067

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Кызым үчүн бактылуумун. Эми көзүм өтсө, эч нерседен кабатыр болбой кетем. Кыйналган жылдарым текке кетпептир. Тилегим орундалды.

Мен кызымды жалгыз өстүрдүм. Атасы экөөбүз кичинесинде ажырашып кеткенбиз. Ал кезде кызым үчтө эле. Ошондон бери келген жок. 

Кызына кошулуп мен күтүп жүрдүм. Бир күнү келээр дедим. Башкага үйлөнүп алышканын айтканда ишенбедим. Өз көзүм менен көргөндө ыйладым. Анда дагы күтүп жүрдүм. Бир сындырым нанга жетпей жүргөндө дагы күттүм. Келбеди.

Эрден чыккан деп туугандарымды бери кой, өз ата-энем мени жээриди. Кызымды кучактап алып пол жуудум. Кызымды кучактап алып алма саттым. Кызымды кучактап алып идиш жуудум. Ушул кызым бактылуу болсун деп бакытын тиледим. 

Кантип жылдар өткөнүн билбей калдым. Жашаганга жетишпей калдым. Көр турмуш мени өз кучагынан кое бербеди. Кызымды окутканыма сүйүнүп гана жүрдүм.

Ушул жылдар ичинде өзүмө бир жаңы кийим сатып албаптырмын. Ар кимдикин кийип жүрдүм. Кызымды турмушка узатып жатканда дагы жаңы кийинбедим.

Кызым мени таштагысы келбей, кечке ыйлап, рахмат айтып кучактап турду. Кое бергим келбеди. Бирок, бактысын байлагым келбеди. Кызым сүйүүгө жолукканына бактылуумун. 

Кызымды сагындым. Кудаларыма жөнөдүм. Кызым толуп, көздөрү жайнап сонун болуп калыптыр. Чуркап чыгып кучактап, ыйлап жиберди. Көтөрө келген таттууларымды бердим. Кудагыйым тосуп чыкты. Үйүнө чакырды. Бутумду чечтим. Кудагыйым бут кийимимди түздөп жатып карап койду. Ананчы, эскилиги жеткен туфли. Канча жолу тиктиргенимди деле билбейм. Тиге турган жери деле калбай калды. 

Кудагыйым ушундай сыйлады. Баштыгымды толтуруп, такси чакырып берди. Ыраазы болдум.

Эртеси кудагыйым үйгө келип калыптыр. Короодо кыбырап иш кылып жүргөм. Жаңы туфли. Мынча кооз.

"Кудагый, кызыңызды кандай мээнет менен чоңойтконуңузду билем. Бул үчүн сизди үй-бүлөбүз менен сыйлайбыз. Жалгыз кызыңызды бизге, уулубузга ишенип тапшырдыңыз. Кабатыр болбоңуз, ал сөзсүз бактылуу болот. Бир тамчы көз жашы түшпөйт. Кызыңыз үчүн жеген тамагыңызды, кийген кийимиңизди бердиңиз. Эми сиз бактылуу болчу убакыт келди. Жаңы кийим кийчү убакыт келди. Аны мен өз колум менен баштап бергим келди. Кап этпей, белегимди кабыл алыңыз."

Ыйладым. Кызым сонун жерге турмушка чыкканын билип ыйладым. Тилегим кабыл болгонун билип ыйладым. Кара күндөр бүтүп, ак күндөр дагы келет экен. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт