// //

Бир сөздүн айынан айдай келинчегимден кол жуудум

2023.02.27, 17:47
3071

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бактыгүлдү азыр мурункудан да катуу сүйөм. Баарына өзүм күнөөлүмүн.

Үйгө кеч келем. Чалса жооп бербейм. Жасаган тамагын мактабайм. Комплимент айтпайм. Кучактап жатпайм. Кол кабыш кылбайм. Белек бербейм.

Аркасынан үч жыл чуркадым. Бир көргөндө эле жүрөгүм козголгон. Кашы, көзү кара, ак жумал келген чырайлуу кыз эле. Университеттен чыгаар менен ал үйүнө, мен достор менен клубка жөнөчүмүн. Курсташтарымдын баары менин түнкү жашоо образым тууралуу билишчү. Ананчы, аудиторияда “перегар” жыттанып уктап жатсам.

“Залкар, мени жайыма койчу!”. Ага болгон ар бир мамилеме ушинтип жооп берчү. Гүл берсем албайт, киного чакырсам барбайт, үйүнө жеткирип коеюн десем качат. Болбой эле тырышып жабышып жүрдүм.

Качан жана кайсы убакта экенин билбейм, айтоор Бактыгүл мага көңүл бура баштады. Кыязы, боору ооруду көрүнөт. Ал учурда менден өткөн бактылуу киши жок болчу.

Баш кошконубузга алты жыл болгон. Биринчи айлар сонун өтүп жатты. Бара-бара күнүмдүк турмуш мени өзүнө тартып баратты. Бактыгүл дале баягыдай, көңүлүмдү карап, ар бир күндү өзгөчө кылганга аракет кылат.

“Бүгүн  биздин баш кошконубузга 5 жыл болду. Куттуктайм жаным!”, Жумуштан келсем, дасторкон даярдап күтүп отуруптур. “А, жакшы, эмне бар жегенге” деп, жубайымды өөп койгонго жарбай басып кеттим.

- Сен өзгөрдүң Залкар, мага көңүл бурбайсың балдар менен ишиң жок.

- Дагы баштадыңбы?

- Баштадым, баштадым!

- Сага эмне жетпейт? Заңгыраган үйүң бар, курсагың ток, сураган акчаңды берем. Ыраазы болбогон катын экенсиң го!

- Мага ушул нерсенин баары керек дейсиңби!

- Болдучу эй, башымды оорутпай!

- Болду сүйбөйм дечи.

- Сүйбөйм!

- ...

Буркурап ыйлап жатты. Унчукпай кол шилтеп басып кеттим.

Эшикке чыкканда гана ачуум менен “сүйбөйм” деп айтып  алганымды түшүндүм. Кайра кирип кечирим сурайын дедим, кур намыс жол бербей, достор менен пиво ичкени кетип калдым.

“Залкар...

Мындан ары башыңды оорутпайм, мээңди жебейм, көңүл бур дебейм.

Мага үйлөнүп жатканда, “сени сөзсүз бактлуу кылам” деп сөз бергенсиң. Ишенбесең тоюбуздун видеосун көр, 27 мүнөт, 32секунд. Сөзүңө турган жоксуң.

Жалгыз жаздыкта, муздак төшөктө жата берип чарчадым. Жаныңда айланчыктап жүрсөм да мени сезбейсиң. Жылуу сөз айтпайсың. Бир кучактап гүл берип койгонго жарабайсың. Жадакалса туулган күнүмдү унутуп койдуң. 

Сен мени ажаан аялга айланттың! 

Сен жана балам үчүн өзүмдү курмандык кылганымды билбедиң. Эсиңдеби, жумушка кабыл албай коюшту деп келгем. Кабыл алышкан, болгондо да чет мамлекеттеги филиалына, мен баш тарттым, сен үчүн баш тарттым. А сен ...

Ичиңде эмне болуп жатканын айтпайсың. Мени менен сыр бөлүшпөйсүң. Суроолорума жооп бербейсиң.

Алты жыл. Угуп жатасыңбы, алты жыл үй-бүлөбүздү сактап калыш үчүн жалгыз күрөштүм. Бул чоң жоопкерчиликти мойнума көтөрүп жүргөндөн чарчадым. Бирок, дале мени сүйөт деп үмүттөндүм. Көрсө...

“Сүйбөйм” дедиң да басып кеттиң, жаңылдым деп кайра келээриңди күттүм. Сен пиво ичкени кетип калдың.

Мен кеттим. Кайтарам деп аракет кылба, сага бир мүмкүнчүлүк бергем, аны кармай албадың. Бала экөөбүздүкү, каалаган күнү көрүшө берсең болот. Бирок көрүшөсүңбү күмөнүм бар. Кош!”

Оо,кудай! Мен эмне кылып койдум.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын эжеме жоолук берсем, "муну өлгөнгө да алып барбайт" деп ыргытып салды

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт