Көз карандысыз медиа жана сөз эркиндиги эмне үчүн керек?

2022.08.08, 11:02
289

Көз карандысыз медиа же мурда аларды массалык маалымат каражаттары деп аташчу, азыр деле көнүп калгандыктан кээде ушундай деп аташат – бул демократиянын маанилүү белгилеринин бири.

Бир жагынан алар ар бир жарандын сөз эркиндигине болгон укугун ишке ашыруунун негизги куралы болуп саналат. Адамдар анын жардамы менен чечим кабыл алгандарга өз көйгөйлөрүн, суроолорун жеткиришет.

Экинчи жагынан көз карандысыз медиа мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн чагылдырат, бийликтегилердин кандайдыр бир мыйзам бузуулары боюнча жеке иликтөөлөрүн жүргүзөт, муну менен коомчулуктун социалдык-саясий жашоого катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Сөз эркиндиги — бул ар бирибиздин конституциялык укугубуз. 2010-жылдан баштап өлкөнүн баш мыйзамында “Эч ким инсандын абийирине жана ар-намысына доо кетирген же аны кемсинткен маалыматты тараткандыгы үчүн жазык куугунтугуна алынышы мүмкүн эмес” деп жазылган (КРнын Конституциясы 29-бер., 2-пункт).

Бул норманын негизинде 2011-жылы “жалаа” беренеси, 2015-жылы “мазактоо” беренелери кылмыш жоопкерчилигинен алынган.

Бирок жаны келген ар бир бийлик сөз эркиндигине болгон укукту болушунча катуураак көзөмөлдөө аракетин көрүп келет. Маселен бир жыл мурда 2021-жылы августта “Жалган маалыматтан коргоо” жөнүндөгү мыйзамга кол коюлган.

Жакында эле 13-жашар кыз милиция кызматкери тарабынан зордукталганына байланыштуу окуя кыргызстандыктардын катуу нааразылыктарын жаратканда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тарабынан ММКга карата чабуул жасалды. Системанын олуттуу көйгөйүнө катуу көңүл бурулуп жатканын ал маалыматтык террор деп атады..

«Бизде эки-үч ЖМКнын башкы редакторлору күн сайын жана саат сайын элди стресске, маалыматтык террорго салып турат. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө, бүтүндөй өлкөнү кыжырдануу, нааразычылык, коркуу жана жек көрүүго сүңгүткөн көрүнүш жок».

Эркин медиа жалтылдаган идеалдуу картинаны көргөзүү үчүн гана керек эмес, коңшу авторитардык өлкөлөрдөгүдөй сыяктуу.

2020-жылдын жаз мезгилинде, бардык эле өлкө жашоочулары сыяктуу журналисттер да ары-бери эркин жүрө албай калган учурда, баарыбыз күбө болдук, маалыматка жеткиликтүүлүк жок болгону кандай жаман. Медицина кызматкерлерин каражаттар тартыш экенин айтып чыкканы үчун видеокамера алдында кечирим суратууга аргасыз кылышты. Эгер журналисттер эркин ары-бери жүрө алганда алар бул маселени кеңири иликтеп чыгышмак. Жана ар кандай көйгөйлөрдү көторүп чыккан көптөгөн адамдар эл алдында кечирим сураган кемсинтикен процедурадан өтүшмөк эмес.

Көз карандысыз пресса жана сөз эркиндиги канчалык маанилүү экенин учурдагы Россиянын Украинага кол салып кириши көрсөтүүдө.

Маселен согуш башталаары менен Россияда, мындайча айтканда чындыкты айтууга жана согуштук аракеттер туурасында пикир айтууга тыюу салынды. “Согуш болбосун” же “Дүйнөдө тынчтык болсун” деген фразалар үчүн реалдуу абак жазасын алууга мүмкүн болду. 5-марттан баштап өлкөдө Кылмыш кодекси менен административдик тартип бузуулар боюнча кодекстин жаңы жоболору ишке киргизилди, алар бир гана соцтармактардагы посттун авторлоруна эмес, комментарий жазгандарга, акциялардын катышуучуларына, ошондой эле согуш туурасында бийликтин расмий позициясына дал келбеген жеке пикирин ачык айтып чыккан жарандарга да тиешелүү болду. Жазалар реалдуу жана катаал мүнөгө ээ – миңдеген суммадагаы айып пулдан тартып 15 жыл абак жазасына чейин. Россияда негизги коз карандысыз ММКлар бир нече жылдан бери өлкө сыртында иштеп келишет.

Украинада болсо азыр толугу менен ачыктык байкалат. Бучада эмне болуп жатканы туурасында биринчилерден болуп Би-Би-Си кабарчысы Джереми Боуэн маалымдаган. Украинада эл аралык басылмалардын журналисттер тобу иштеп жатышат. Мисалы Украина бийлигинен көз карандысыз ММКлардын эркиндиги жана ачыктыгы адатта өлкөдо жашыра турган эч нерсе жок экенинен кабар берет.   

Биздин эркиндигибиз тынч эмес убактарда бизге да жардам берүүдө.

«Сөз эркиндиги Кыргызстанга да Тажикстан менен болгон чек арадагы куралдуу кармаштар убагындагы маалыматтык тирешүү учурунда жардам берип жатат, - дейт медиа-эксперт Айсулуу Текимбаева. — Журналисттер жергиликтүү калк менен түз байланышып, маалыматты түз алып берип жатышат, аларга салыштырмалуу тажик журналисттеринин жай реакциясы алардын эркиндиги чектелүү экени менен түшүндүрүлөт, алар жогору жактан маалымат күтүп, расмий позиция кандай болоорунан көз каранды. Бул бизге маалыматык мейкиндикте олуттуу артыкчылык берет».

Ошондуктан көз карандысыз ММК жана сөз эркиндигин биз коргошубуз керек. Анткени, эгер журналисттерди үн катпоого мажбур кылышса, алар биздин көйгөйлөрүбүз туурасында айта алышпайт, мисалы, коррупция же мүлкүбүздү мыйзамсыз тартып алууга туш болсок, же медициналык каражаттар тартыш болуп жатканы туурасында айткыңыз келсе, үнүңздү жеткире албайсыз.

Бул жерден башка макалаларды окуңуз:

национализм ≠ национализм

“Сегиз жыл кайда жүрдүңөр эле?!”

Баары биз ойлогондой эмес

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт