Баары биз ойлогондой эмес

2022.07.21, 14:09
324

БААРЫ БИЗ ОЙЛОГОНДОЙ ЭМЕС

Согуш башталгандан бери «баары биз ойлогондой эмес», «биз бүт чындыкты билбейбиз» деген фразалар кайрадан популярдуу боло баштады. Негизинен мындай фразаларды (же ушуга окшош) “Украинада денацификация боюнча аскердик операция жүрүп ”, “карапайым адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирилген жок”, “аскердик чабуулдар аскердик объектилерге гана багытталууда” деп ынандырган Кремлдин пропагандасына сугарылган адамдар көп колдонушат. Анан дагы, “мунун баарына Украина өзү күнөөлүү”, «улуу агасын» укпай койду”, «НАТО менен шынаарлашып калган» деп айтышат.

НЕГИЗИ БУЛ ФРАЗА КАЙДАН ПАЙДА БОЛДУ?

Сыягы, “Баары биз ойлогондой эмес” (башка варианттары: “Биз ойлогондон башкача болушу мүмкүн”, “Биз бүт чындыкты билбейбиз”, “Биз чындыкты эч качан биле албайбыз”) деген фраза социалдык тармактарда 2014-жылы Крым аннексиясы учурунда пайда болду көрүнөт. Бул келеке катары айтылганбы, же боттор жаздыбы, белгисиз.  Бирок, “баары биз ойлогондой эмес” деген сөз айкашы Кремлди ыктаган ММКларда пайда боло баштаганы белгилүү. Кээде аны саясатка эч байланышпаган кырдаалдарда да колдонушат.

ЭМНЕ ҮЧҮН АДАМДАР КӨЗГӨ КӨРҮНҮП ТУРГАН НЕРСЕГЕ, ФАКТ КӨЗ АЛДЫНДА ТУРСА ДА ИШЕНГИЛЕРИ КЕЛИШПЕЙТ (МИСАЛЫ, КИЕВДЕГИ МАССАЛЫК ӨЛТҮРҮҮЛӨРГӨ)?

Бул биздин буга чейин калыптанып калган пикирибизди тастыктоого болгон умтулуубуз менен байланыштуу (confirmation bias). Башкача айтканда, кээде чындыкты билгенге, айтканга караганда, өз эгобузду канааттандырууну туура көрөбүз. Эгер адам алдын ала эле “орусиялык жоокерлер ондогон бейкүнөө украиналыктарды өлтүрүүгө барбайт” деп ишенсе, ал дал ушул пикирин тастыктай турган маалымат издейт. Карапайым украиналыктардын өлтүрүлүшү боюнча көз көрүнөө фактыларга туш келген күндө да, ал бул жаңы маалыматты өзүнүн мурдагы ынанымына каршы келбегендей кылып чечмелеп, түшүнгөнгө аракет кылат: мисалы, адамдарды орусиялык жоокерлер кеткенден кийин аларды каралаш үчүн өлтүрүшкөн. Кийин болсо адам өзүнүн позициясына туура келген гана аргументтерди эстеп калат.

Бул туурасында кененирээк бурмалоолорду изилдеген эки окумуштуунун - Хьюго Мерсье жана Дэн Спербердин «Акыл-эстин табышмактары» аттуу китебинен окуса болот.

«Шыктанган ойлом» деген феномен бар. Адамдар эмоционалдык жактан алганда өздөрүнүн калыптанган дүйнө кабылдоосуна дал келген маалыматка көбүрөөк ишенишет да, ага каршы келген маалыматка шек көз менен карап, ал тургай агрессия менен кабылдашат. Биздин позициябызга туура келбеген жаңы маалыматтарды көп учурда биз коркунуч катары кабылдайбыз. Ага карата кадыресе реакция – же ал фактыны көңүл сыртында калтырабыз, же ал маалыматтын булагына “чабуул коюп”  (мисалы орой комментарий жазуу), чындыгына шек жаратууга аракет кылабыз. 

Анан дагы, окумуштуулар аныктагандай, адамдын IQ дарамети канчалык жогору болгон сайын, ошончолук анын өз позициясына карата сынчыл мамилеси төмөн болот. Алынган маалыматтарга ылайык, интеллекти жогору адамдар билимдерди өз позициясын бекемдөө үчүн мыкты жүйөлөрдү келтирүү максатында колдонушат, ал эми башка адамдарды угууну көп каалашапайт. Биздин ынанымдарыбызды тастыктаган маалымат алгандагы кубанычтуу абалыбыз баарыбызга тааныш.

Бул туурасында кененирээк психиатр Жэк Горман жана анын кызы Саранын “”Өлгөнчө тануу: эмне үчүн бизди куткара турган фактыларга көңүл бурбайбыз” деген китебинен окуса болот.

НЕГИЗИ ЭЛЕ ӨЗ ЫНАНЫМДАРЫБЫЗГА ИШЕНҮҮГӨ БОЛОБУ?

  1. Мезгил-мезгили менен ынанымдарыбызга иргөө жүргүзүп туруу керек. Мисалы өзүбүзгө суроо берүү аркылуу: Мен эмне үчүн башкача эмес, так ушундай деп эсептейм?, Кайсы фактылардын негизинде менин бул көз карашым пайда болду? Жана алардын факт экени чынбы?
  2. Баарлашуу айлампасын кеңейтүү жана карама-каршы ынанымдар айтылган булактарды көбүрөөк изилдөө.
  3. Көп анализ кылып, фактыларды иликтеп, эмоцияга эмес, акыл-эске таянуу. Маалыматты шашпай, сырттан байкоо салып, терең ойлонуп анализдөө башкалардын ынанымдары эмне үчун мындай кескин айырмаланып жатканын тушүнүүгө жардам берет. Дароо айта кетчү нерсе: бул оңой эмес, бирок психологдордун айтымында, кээ бир учурларда ачууң башыңа чыккан кырдаалдарга туш болуунун коркунучтуу деле эч нерсеси жок (болгону ошол учурда туура кадамдарды жасоого үйрөнүү керек). Бирок, чындап көңүл бөлүүгө арзый турган нерсе, каалаган эле карама-каршы пикир эмес, кайсы бир тармак боюнча кадыр-барктуу эксперт деп саналган адамдын пикири. Башкача айтканда, ошол тема боюнча эксперттин пикири.

БЕШ КОЛ ТЕҢ ЭМЕС – ЭКСПЕРТТЕР ДА

Эл аралык байланыштар боюнча адис, профессор Томас Николс мындай дейт,  «эксперттер  — бул белгилүү бир предмет боюнча башкаларга караганда алда канча көбүрөөк билген адамдар, бизге кеңеш, профессиоанлдык даярдык же белгилүү бир билим чөйрөсүнө байланыштуу чечим кабыл алуу керек болгондо биз аларга кайрылабыз». Башкача айтканда, биринчи элек — төмөнкү суроого жооп: бул же тигил маселе менен ал адам профессионалдуу түрдө алектенеби же “жумуштан сырткаркы бош убактысындабы”? Биринчи учурда ал экспертке ишеним албетте, көбүрөөк болот. Бирок бул жерде да пандемия учурундагыдай тузакка тушүп калбоо керек, анда шектүү билдирүүлөрдү, кээде конспирологиялык теорияларды тараткан окумуштууларга адамдар жөн гана алардын илимий даражасына гана карап ишенишкен.

Бирок, эпидемология туурасында ой калчаган физик силердин чоң атаңардан өйдө эмес. Эгер соцтармактардан же интернет-форумдардан силерди кызыктарган пикирди жолуктурсаңар (же маектешиңер андай пикирди аргумент катары келтирсе) эмне кылуу керек? Эч болбогондо андай пикирдин автору эксперт экенин текшерүүгө аракет кылып көрүү керек. Башкача айтканда, жаңы фактылар пайда болсо ал өзүнүн көз караштарын, ынанымдарын кайра карап чыгууга даярбы? Ал бүт болгон маалыматты анализдеп жатабы же өзүнө ыңгайлууларын гана иргеп алып жатабы?

ПОСТСКРИПТУМ

Россияны фашисттик өлкө деп эсептөөгө болобу? Йель университетинин тарых профессору , фашизм жана тоталитаризм жөнүндөгү китептердин автору Тимоти Снайдер бул суроонун жообу айдан ачык деп эсептейт. The New York Times басылмасындагы рубрикасында ал фашисттик режимдин белгилерин эскерип, аларды путиндик Россиянын реалдуулугуна окшоштурат.

Бул макаланын орусча котормосу бул шилтемеде.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт