Сынчыл ой жүгүртүү деген эмне?

2022.08.05, 13:21
390

Россия 24-февралда Украинага басып киргенден бери фейк кабарлар күч алууда. Би-Би-Си, CNN өңдүү кадыр-барктуу маалымат каражаттарынын атынан таратылган жалган видеолор, репортаждар социалдык медиада пайда болуп, айрымдары вируска айланып кеткен.

Негизги максат жалган дооматтарды, маалыматтарды таратуу менен орусиялык дезинформациялык согушка жардам берүү сыяктуу. Экинчи максат – эл аралыкм маалымат каражаттарын каралоого окшошот, деп жазат DW. Мындай маалыматтык согушка Кремлдин пропогандасын жүргүзгөн орус маалымат каражаттары дагы активдүү тартылууда: ОРТ, Спутник, Россия 24, Russia Today.

Эң опурталдуусу булардын көбү Кыргызстана активдүү жана чектөөсүз иш алып барат жана кыргызстандыктардын бир тобу алар тараткан маалыматка бөркүндөй ишенип, Украинадагы согуш боюнча Кремлдин пропогандасына сугарылууда. Фейк же жалена маалыматтан сактануунун бир гана жолу – бул медиасабаттуулукту жогорулатуу, сынчыл ой жүгүртүү.

“Манекен” фейки

7-апрелде "Россия 24" телеканалы "украиндык фейкти ашкерелеген" сюжетти көрсөтүп, анда "аскер кийимин кийген эки украин манекенди сөөк катары өткөрүп берүү үчүн скотч менен ороп жатканын" көрсөткөн. Бирок, чынында "Россия 24” каналы тараткан бул маалыматтын өзү фейк болгон. Бул кадрды, канал, сериал тартуу маалында манекен бийиктен кулап түшкөн адамды имитациялоо үчүн колдонулган сценадан алышкан. Бул сцена 2022-жылдын 20-мартында , тактап айтканда согуш башталганга чейин,Орусиянын Ленинград облусундагы Всеволожск шаарында тартылган. Бул тууралуу режиссёр Надежда Колобаева Facebook баракчасына өзү жазып чыккан.

“Биз бул маалыматтын бетин ачканбыз. Фейктер көп. Маселен, Кыргызстан Россиянын позициясын колдойт, деп россиялык маалымат каражаттары бир канча жолу фейк маалыматтарды таратышты. Болгондо дагы аудиториясы көп болгон каналдар бул маалыматты тараткан»,  - Factcheck.kg сайтынын редактору Асел Соронбаева.

  1. Баса, мындай фейк маалыматтарды тараткан Россиянын "Россия 24” мамлекеттик телеканалын көрүү үчүн кыргызстандыктар өз чөнтөгүнөн акча төлөйт.

Коомдогу сынчыл ой жүгүртүүнүн деңгээли

Акыркы сурамжылоолор элдин телевиденияга дагы деле бекем ишенгенин көрсөтөт. Кыргызстанда кремилдик пропоганданын камчысын чапкан телеканалдар кыргызстандык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен көрсөтүлүп, анын таасири астында калгандар көп. Жалпысынан Россия Украинанга кол салган күндөн бери кыргызстандыктар эбегейсиз жалган маалымат, жарым-жартылай чындык, манипуляция жана фейк жаңылыктардын пайда болушуна каршы коргонуусуз калды. Калктын медиа сабаттуулук, сынчыл ой жүгүртүү деңгээлинин төмөндүгү, башка өлкөнүн маалыматтык пропогандасына каршы мамлекеттин шалдыгы абалды коомдогу конфликт, полярдык лагерлерге бөлүнүү тендециясын күчөтүүдө.

Маалыматтарга сокур ишенүүнүн кесепети

“Бизде көптөр сынчыл ой жүгүртүү десе сындаганды түшүнүшөт. Ал эми маалыматтарга сын көз караш менен карап, талдап, электен өткөрүү көндүмү көпчүлүк кыргызстандыктарда жок. Азыр биздин коом жалган, бир жактуу маалымат, манипуляциянын курмандыгы болуп, кесепетинде коомдогу конфликттик жагдайлар чыңалып жатат.  Социалдык тармактардан деле байкасаңыз, эгер пикирлери туура келбесе бир бирин жеп койгонго барышат. Бул обдан коркунучтуу тенденция”, - Factcheck.kg сайтынын редактору Асел Соронбаева.

Сынчыл ой жүгүртүү деген эмне?

Критикалык же сынчыл ой жүгүртүү - бул идеялардын жана/же фактылардын ортосундагы байланыштарды түшүнүү үчүн логикалуу ой жүгүртүү жөндөмү. Бул эмнеге ишенүү керектигин чечүүгө жардам берет. Башкача айтканда, бул "ойлоо жөнүндө ойлонуу" — таануу, талдоо, андан кийин биздин ой жүгүртүүбүздөгү кемчиликтерди оңдоо.

Сынчыл ой жүгүртүү кантип иштейт?

Сиз кофе ичээрдин алдында, анын пайда же зыян экенин билейин деп, Google алгач "кофе иччкен жаманбы?” деп жаздыңыз.

Wow! Кесепеттери эң эле көп экен: Тынчсызданууга алып келет, тиштерди бузат, жүрөк оорууларын өрчүтөт.

Мунун баарын окуган соң, кофе ичпейле койдум дейсиз. Бирок шашылбаңыз. Эми "кофе ичүү жакшыбы?” деп издеп көрүңүз.

Кофенин пайдасын санаган жайганан маалымат чыгат: Депрессияны азайтат, эс тутумду жакшыртат, жүрөктү жакшы иштетет, узак жашоого себеп болот.

Кой ай, интернетке эч качан ишенбейм дейсиз, туурабы?!

Бирок жогорудагы тыянактардын АР БИРИН тастыктаган легалдуу, рецензияланган изилдөөлөр бар. Анда бул карама-каршы пикирлерди кантип талдоого болот? Сынчыл ой жүгүртүү менен.

Канткенде ага жетүүгө болот?

Буга жетүү үчүн машыгуу жана чыдамкайлык керек. Бирок сиз критикалык ой жүгүртүү жөндөмүңүздү өркүндөтүү үчүн бүгүнтөн баштап кичинекей болсо дагы кадамдарды жасай баштасаңыз болот. Анын 7 кадамы бар. Бул 7 кадамды башында айтылган кофенин мисалында карап көрөлү.

  1. Көйгөйдү же суроону аныктаңыз.

Биринчиден, “жакшы" же "жаман" деген эмнени билдирет?

Экинчиден, биз кофе ичүүнүн узак же кыска мөөнөттүү кесепеттери жөнүндө айтып жатабызбы, билбейбиз. Кофе ичүү ден соолугуңуздун кээ бир аспектилерине пайдалуу болсо, башкаларга зыян келтириши мүмкүн. Андыктан, издөө талабын төмөндөтүп көрөлү: "Кофе ичүү жүрөккө пайдалуубу?"

  1. Маалыматтарды, пикирлерди жана аргументтерди чогултуу.

Кофе ичүүнүн жүрөгүңүзгө тийгизген таасири боюнча эки гана изилдөө таптык. Биринчиси, кофе ичүү "жүрөктүн ишемиялык оорусунан 14% жана инсульттан 20% эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн" деп болжолдойт. Экинчисине ылайык, "кофени орточо керектөө коронардык артерия оорусунун азыраак таралышы менен байланышкан”. Биз ой жүгүртүүдө дагы эки чоң ката кетирдик: биринчиден, эки гана булак жетишсиз. Экинчиден, биз жүрөк абдан татаал орган экенин эске алган жокпуз: денебиздин калган бөлүгү сыяктуу эле, кофе анын кээ бир функцияларына пайдалуу болсо, башкалары үчүн жаман болушу мүмкүн.

  1. Маалыматтарды талдоо жана баалоо.

Келтирилген эки макала тең престиждүү, рецензияланган журналдарда жарык көргөн. Бирок, биринчиси адабий обзорлорго гана таянган,  оригиналдуу изилдөөлөр жок. Экинчисинде изилдөө корей калкын гана камтыган жана жүрөк ооруларына таасир эте турган климат, тамактануу маданияты сыяктуу башка факторлорду эске алынган эмес.

  1. Божомолдорду аныктоо.

Эки булактагы маалыматтар тең бизге бир жактуу, калыс эмес көрүнбөгөнү менен, маалыматтарды издөөдө биз өзүбүз калыс болгон жакбуз. Биз Google'га “кофе ичкен жакшбы” же “кофе ичкен жаманбы”  каалоолорубузду таңуулап бердик. Анан албетте, Google'дун издөө алгоритмдери биздин каалоолорубузга, божомолдоолорубузга ылайык макалаларды тапап бергенге аракет кылды..

  1. Маанилүүлүгүн аныктоо.

Жогоруда айтылгандардын бардыгын эске алуу менен, биз чогулткан маалыматтардын алгач айтылган маселени чечүүдө маанилүү эмес деп так кесе айта алабыз.

  1. Тыянак чыгаруу.

Демек, биз чогулткан маалыматтарга караганда, биз эске албаган көптөгөн факторлорго жана өзгөрмөлөргө жараша кофе ичүү жүрөгүбүз үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, а балким, пайдалуу эмес болушу ыктымал. 

  1. Бөлүшүү.

“Бул суроого азыр бир беткей жооп берүү мүмкүн эмес" деген кортундуга келсе дагы аны менен бөлүшүп коюу оң.

Анткени бул, айтылган тема боюнча биздин билимибиз чектөөлүү экенин билип алганга жакшы. Бир нерсеге ишенүү чындап эле кыйын. Ал эми критикалык ой жүгүртүү жөндөмү биздин ой жүгүртүүбүздөгү кемчиликтерди жана билимибиздеги боштуктарды кабыл алуу жана аларды туура пайдалануу үчүн зарыл!

Бул жерден башка макалаларды окуңуз:

национализм ≠ национализм

“Сегиз жыл кайда жүрдүңөр эле?!”

Баары биз ойлогондой эмес

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт