// //

Күйөөм көйнөгүмдү кимге алып барып бергенин билген соң жашоом өзгөрдү

2022.03.04, 11:07
18266

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Ыйлап алгам. Болгон күчүм менен шкафымды тытып жаттым. Кирлердин арасына кошулуп кеткен жокпу карадым. Жок. Сонун көйнөк эле. Мага чак келген жана фасону... 

Баламды бала бакчага алып барыш керек болчу. Баарын таштап, мурдумду тартып, баламды жетелеп жөнөдүм. Бүгүн апалар майрамы менен куттукташмак. Атайын ошол көйнөгүмдү кийип барайын дегем. Эми минтип спортивкачан, маанайы жок кетип баратам. Демейде эркелеп кыялын көрсөткөн балам дагы бүгүн тынч.

Мени карап коет. Карасам кайра эки жагын карайт. Үн-сөзсүз жетип бардык. Эжеси чыгып баламды концертке даярдаганы алып кетип, мага коноктор отурган залга бара беришимди айтты. Мына, бардык апалар сонун болуп жасанып келишиптир. Баарында сонун көйнөк. Азыр балдарыбыз ырдап куттуктайт. А менин көйнөгүм жок. 

Эстеген сайын көзүмө жаш келет. Ар бирибизде жактырган, жыртылса дагы ыргытпаган көйнөгүбүз болот эмеспи. Тиги көйнөгүм ушундай болчу. 

Балдар чыгып ырдай башташты. Баары мотурайган. Тигине менин балам дагы турат. Байкушумдун кабагы бүркөө. Улам мени карап коет. Кой дедим дагы, ага жылмайып кол булгадым. Заматта жандана түштү. Үнүн бийик чыгарып, ырын созо баштады. 

Үйгө жөнөдүм. Жолдон ким алышы мүмкүн болду деп ойлонуп келип шкафымды жыйнадым. Баарын бир сыйра күнөөлөп чыктым. Үйгө келген коноктордон дагы көрдүм. Оюм мынча жаман. 

Кечинде күйөөм келди. Маанайы жакшы. Эмне болгонун сурады. Буркулдап айтып бердим. Табылат деп бейкапар болуп койду. Өзүмдү кармай албай бакырып кирдим. Колума тийгенди ыргытып, акырып барып жатып алдым. 

Эртең менен турсам күйөөм менен балам жок. Эбак бала бакчага кетип калышыптыр. Эмнегедир уялдым. Өзүмдөн, жаман ойлорумдан, жакындарыма кылган мамилемден уялдым.  Бир көйнөк үчүн ушундай жолго барганымдан уялдым.

Дароо күйөөмө чалдым. Баламды бала бакчага алып бараткан экен. "Кечирип койчу" дедим. Баары жакшы экенин айтты. Жумушума жөнөп кеттим.

Кечинде күйөөм мага белек берди. Эки пакет экен. Бирөөсүндө жаңы сонун көйнөк. Экинчисинде жоголгон көйнөгүм. "8-мартка белек кылайын дегем. Капа болуп жүргөнүңдү көрүп чыдай албадым. Бул көйнөгүңдү жакшы көрөрүңдү билем. Бирок эскирип калды. Ошон үчүн дал ушундай кылып тигип бергиле деп бир цехке алып барып бергем. Сага жагат деп ойлойм."

Күйөөмдү катуу кучактап кечирип сурап жаттым. Мен мындан ары жаман ойлонбойм. Сөз берем. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт