// //

Кайын энем кыз узатууга кийген көйнөгүмдү көрүп ыйлады

2021.12.21, 17:16
21391

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Мынча эскилиги жеткен көйнөк. Эл эмне дейт?

- Эмне десе ошо десин.

- Болочок күйөө балабыз качып кетпейби?

- Качпайт.

Эжем жактырбай мурдун чүйрүдү. А мен ушул көйнөктү гана кийүүнү чечтим. Бул менин күнүм. Демек, өзүм каалгандай кийинем. Ичимен ушинтип сүйлөнүп жатсам, апам кирип келип калды. Ал дагы жактырбады. Бирок, көңүлүм үчүн унчуккан жок. 

Бул көйнөктү жигитим көрсөткөн сүрөттөн көрүп дароо жактырдым. Фасону, өңү кыялымдагы көйнөк эле. Жок, кыялым эмес, түшүмдөгү көйнөк эле. Кимдики экенин сурадым. Жообу таңкалтырды. Алып келип бере алабы сурадым. Дароо ооба деди. 

Бүгүн кыз узатуум. Таң атпай турдум. Жуунуп алып эле, көйнөгүмдү кийдим. Мен кыялданган көйнөк. Ооба, азыр мындайлар жок. Бул ошонусу менен өзгөчө. 

Сөйкө салганы келишти. Кайын энем мени көрүп эле токтоп калды. Анан катуу кучактап ыйлады. Көйнөгүмдү улам кармалап, көз жашын токтото албады. Ананчы, жаштыгын эске салган көйнөгү болсо. 

"Бул көйнөктү менин кыздарым турмушка чыгып баратканда киет деп сактап койгом. Анткени мага бакыт алып келген көйнөк эле. Бирок, үч кызым тең "кийбейбиз" деп мурдуларын чүйрүп, ары түртүп коюшту. Аябай жаман болгом. Минтип, келиниме жагып отурат. Сен менин келиним эмес, кызымсың, айланайыным. Кызым киет деп тилек кылгам. Минтип тилегим орундалып отурат."

Мени кучагынан чыгарбай улам өпкүлөп отурду. Мен кайын энеме жагынуу үчүн кийген эмесмин. Чынында бул көйнөк мага жаккан. 

Той бүттү. Коноктор узады. Көйнөктү аярлап бүктөп, баштыгына салып, буйруса мен дагы кызыма берем деп тилек кылып, шкафка бүктөп койдум. Шкафты жаап жатсам, кайын энем күлүп карап туруптур. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт