// //

Тест эки сызыкча көрсөткөн, бирок 15 күндөн кийин этек кирим келди. Бул эмнеси?

2020.10.29, 10:03
2486

Биз жаңы эле баш коштук. Этек кирим кечиккенинен тест алып текшерсек, эки сызыкча чыккан. Бирок 15 күндөн кийин этек кирим келди, болгондо да аябай коюу, мурункудай эмес. Бул эмнеси? Эмне кылышыбыз керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.10.2020, 10:04

Жамиля Сагинбаева

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Кош бойлуулук тести оң натыйжа көрсөтүп, бирок 15 күндөн кийин этек кириңиз келсе, болгондо да кан мурдагыдан коюу болсо, сизде “самопроизвольный выкидыш” же жатындан сырткары бойго бүткөн болушу мүмкүн.

Ошондуктан тез арада гинекологго кайрылып, ХГЧ анализин тапшырып, УЗИге түшүү зарыл. Ошондо гана бул эмне бологону даана аныкталып, андан ары эмне кылышты доктур айтып берет.

Ден соолукта болуңуз!

 

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт