// //

Кош бойлуумун, бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

2020.07.27, 10:18
3445

Кош бойлуумун эки ай болуп калды. Этек кирим жатынымды оорутуп жатат, бирок алып салабы деп, гинекологго кайрылгандан коркуп турам.

Буга чейин эки жолу боюмдан түшүп калган. Эки балам бар, аларда мындай болгон эмес. Баланы кантип сактап калса болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.07.2020, 10:19

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы. Канча көлөмдө кан кетип жатат? Бардыгы ошондон көз каранды. Эгер жөн гана ич кийимиңиз булганып калып жатса, жана ичтеги түйүлдүккө доо кетпесе, кош бойлуулукту сактап калууга аракет кылып көрсө болот.

Ал эми этек кир келип жаткандай кан көп келип жатса, тилекке каршы кош бойлуулукту сактап калуу мүмкүн эмес. Сиз тез арада доктурга көрүнүп, УЗИге түшүшүңүз керек. Ошонун жыйынтыгына жараша гинеколог андан ары эмне кылыш керек экенин айтат.

Буга чейин эки жолу бойдон түшүп калганын эске алып, мындай көрүнүш кайра кайталанбасын десеңиз, кийинки кош бойлуулукту пландаштыруу керек. Алдын ала дарыланып, тиешелүү витаминдерди ичип. Жолдошуңуз да көрүнүп, медициналык текшерүүдөн өтүп койсун.

Ден соолукта боолуңуз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

Боюмда бар, демими кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга корүнүшүм керекпи?

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт