// //

Уул төрөгүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

2020.08.05, 13:10
9663

Саламатсызбы. Мен да суроо берейин дегем. Буюрса эки кызыбыз бар, үчүнчүсүн уул төрөгүм келет. Кандай ыкмаларды жасашым керек? Эркек жана аял өзүн кантип даярдашы керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.08.2020, 13:11

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Бул кызыктуу суроо жана анын тегерегинде мифтер өтө көп. Алдын ала баланын жынысын билүү боюнча суроо-талап жогору болгон үчүн ар дайым кандайдыр бир ыкмалар, теориялар, сунуштар жарала берет.

Мен бардыгыңардын көңүлүңөрдү калтырышым мүмкүн, бирок 100% тактык менен эч ким эсептеп, алдын ала биле албайт. Баланын жынысын пландаштыруу же даярдык көрүү мүмкүн эмес. Эч кандай диета да жардам бербейт.

Баланын жынысы эркектен көз каранды. Эгер ал Х-хромосоманы берсе кыз төрөлөт, эгер Y-хромосоманы берсе уул төрөлөт. Тилекке каршы, эркек өзүнүн хромосомаларын көзөмөлдөй албайт, жана бул нерсе андан көз каранды эмес.

Бир гана нерсени жакындаштырып божомолдосо болот. Эгер бойго бүтүү овуляция күнүндө болсо, адатта эркек балдар төрөлөт, ал эми ага чейин же андан кийин бойго бүтсө, анда кыз болот. Бирок бул жөн гана медиктердин байкаганы. Буга эч кандай илимий далил жок.

Так жооп болбогон маселеде, акча табуу оңой. Балким, жолуң болуп калат? Анткени эки эле вариант бар да, туурабы?

Календарлар жөнүндө айта турган болсом, түрлөрү абдан көп: япон календары, кытай календары, байыркы орус календары ж.б. Алар интернет айдыңында кеңири тараган. Биз доктурлар да ошол эле таблицалар менен колдонобуз.

Андан башка эмне кылабыз? Көпчүлүк аялдар эсептеп берүүнү суранышат. Сен эсептеп бербесең башка врачка барат. Ал деле ошол табицаны колдонот. Овуляцияны эсептеп чыгууга аракет кылып көрсө болот. Кээде туура чыгып калат, кээде жок.

Кыскасы өзүңүз жыйынтык чыгарыңыз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт