Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормабы же доктурга көрүнүшүм керекпи?
Саламатсызбы. Өткөн жылдын декабрь айында катуу ооруп, пневмония деген диагноз коюшкан. Дарыланып жатып жакшы болгом. Муздак суу ичүүгө, муздак нерселерди жегенге тыюу салышкан.
Азыр төрт айлык боюмда бар. Бир аз бассам эле күйүгүп (одышка), кыйналып кетип жатам. Кээде жөтөлүп же чүчкүрүп койгонум эле болбосо, эч жерим ооруган жок.
Коркконум, азыркы абалга байланыштуу экинчи жолу пневмония болуп калган жокмунбу? Же кош бойлуу кезде ушинтип дем кысыла береби?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Төрт айлык мөөнөт үчүн күйүгүп калуу мүнөздүү эмес. Адатта мындай көрүнүш кош бойлуулуктун акыркы айларына гана тиешелүү.
Сиздикиндей аз мөөнөттө компьютердик томография же рентген жасатууга такыр болбойт. Ошондуктан өзүңүз бир мүнөттүн ичинде канча ирет дем алаарыңызды, жүрөктүн согушун (пульс) эсептеңиз, эгер үйдө же тааныштарда пульсоксиметр болсо өзүңүздүн сатурацияңызды текшериңиз.
Эгер пульс минутасына 90дон көбүрөөк, ал эми дем алганыңыз 20-24төн көбүрөөк болсо, андан тышкары алыңыз кетип, ашыкча тердесеңиз сөзсүз терапевтке же пульмонологго кайрылуу зарыл.
Анализ тапшыргандан кийин чыккан натыйжага жараша андан аркы дарылануу курсу жазылат.
Ден соолугуңузга сак болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка