// //

УЗИге түшсөм, баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

2020.07.22, 12:31
6261

Боюмда бар, бүгүн УЗИге түштүм. Кош бойлуулугма жети ай болуптур, бирок баланын башында суусу бар деди. Ал эмне үчүн пайда болот? Башында суусу болгону эмне дегенди билдирет? Мындан ары эмне кылыш керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.07.2020, 12:31

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы. Баланын баш мээсиндеги суюктук түрдүү бөлүктөрүндө боушу мүмкүн. Тилекке каршы, каттын автору кайсы жеринде экенин жазбаптыр.

Мээнин каптал тарабындагы чөйчөкчөлөрдө суюктуктун чогулуп калышы көбүрөөк кездешет. Бул абал - вентрикуломегалия, деп аталат.

Суюктуктун көлөмү мелүүн же көп болушу мүмкүн. Мелүүн болгон учурда жөн гана көзөмөлдөп туруу жетиштүү. Ал эми көп болсо, түйүлдүктүн баш мээсинин МРТге тарттыруу керектелет. Андан тышкары балдар нейрохирургунан жана генетиктен консультация алынат.

Мындай көрүнүштүн себептери абдан көп: кош бойлуулук учурунда вирустук/бактериалдык инфекциялардан тартып түйүлдүктүн хромосомалык аномалияларына чейин. Ошондуктан так себебин айтуу кыйын.

Учетто турган жериңизге караштуу гинекологго кайрылып, андан аркы медициналык изилдөөгө багыттама алыңыз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

Боюмда бар, демими кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга корүнүшүм керекпи?

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт