// //

Күйөөм “сен мени таштап кеттиңби, сени да бирөө таштап кетсин”, - деп каргайт

2020.10.28, 13:27
3394

Жолдошум менен ажырашууга туура келди, анткени балалуу боло алган жокпуз. Кичине кезинде “свинка” болуп ооруган экен, ошондон улам тукумсуз болуп калыптыр, спермограмма тапшырсак уругу 0% болуп чыкты.

Дары ичти, күчтүү укол алды, элдик ырым-жырымдардын бардыгын жасатты, барыбир бологон жок. ЭКО жасаталы десек, доктурлар өзүнүкү жарабайт, донор керек дешти.

Кайын журтум бизди колдогон жок. "Балким башка аял алса төрөйт", деп кептин баары баласында экенин түшүнгүсү да келген жок. Кайын энем менен кайын сиңдим мени батырышпады. Бала багып алалы десек, бакма бала кереги жок, деп кайын энем караманча каршы туруп алды. Барылап биздин чогу болушубузга каршы чыгышты.

Күйөөм мен сенден ажырагым келбейт, деп телефон чалып ыйлайт. “Сен мени таштап кеттиң, сени да бирөө таштап кетсин”, - деп каргайт. Бирде жарашып, кайра эки жолго түшүп жүрдүк. Эмне кылаарымды билбей калдым. Мен да балалуу болгум келет.

Жашым өтүп баратат. Айтуу оңой бологону менен, башка күйөө таап, жаңы жашоону баштоо кыйын экен, чайналып кеттим.

Чогу 6 жыл жашадык, биротоло ажырашканыбызга 4 ай болду.

Мага кеңеш бергилечи эмне кылам? Бала жытына зармын, балалуу, бактылуу болгум келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.10.2020, 13:27

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатчылык. Мен сиздин катыңызды кунт коюп окуп чыктым. Сиз күйөөңүзгө тийбей эле, кайын журтуңузга же кайын эне менен кайын сиңдиге турмушка чыккандай сезим калды. Башкача айтканда, силердин “төшөктө” ар дайым 4 киши болчу.

Силердин үй-бүлөңөрдүн негизги көйгөйү - бул күйөөңүздүн туугандары тарабынан сый-урматтын жоктугу. Балалуу болгон күндө да сизге нааразы болууга себеп табышмак.

Экинчиси, жеке чек аранын жоктугу. Сиз жана күйөөңүз – бул өзүнчө үй-бүлө. Ата-эне жана бир туугандар өзүнчө. Эмне үчүн күйөөңүз туугандарына үй-бүлөңөрдүн ички иштерине кийлигишүүгө жол берди? Башкы маселе ушунда.

Эки ажырым жолго түшүүнү чечиптирсиңер. Анын үстүнө күйөөңүздүн тукумсуз экенин билесиз. Жашоо улана берет.

Ажырашуудан кийин бир канча убакыт жалгыз болуп туруу керек. Өзүңүзгө келип, сезимдериңизди түшүнүп, андан аркы пландарды түзүңүз. Жаңы мамиле баштап, кайрадан турмушка чыгууга шашылбаңыз. Ичиңиздеги боштукту башка адам менен жабуу маселени чечпейт. Шартыңыз болсо психологго кайрылыңыз.  

Сиз бактылуу болууга татыктуусуз!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт