Жигитиме мурда ажырашкандыгымды кантип айтам? Психолог кеңеш берет
Саламатсызбы. Мен бир жигит менен сүйлөшүп жүрөм, “быйыл үйлөнөбүз, апамдарджы жөнөтөм, куда түшүп барышат”, - деп жатат.
А мен мурда ажырашкам, жигитим бул тууралуу билбейт. Ал буга чейин үйлөнгөн эмес. Ага кантип айтсам? Ал кантип кабыл алат?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык. Сиз жигитиңиз менен үй-бүлө курганы жатасыз. Ошондуктан бардыгын ачык, калпы жок баштаган туура. Канчалык эрте айтсаңыз ошончолук жакшы болот.
Алгач аны жакшы көрөрүңүздү, сиз үчүн кымбат адам экенин билдириңиз. Аны менен мамиленин үзүлүшүнөн коркуп, чындыкты айта албай жүргөнүңүздү айтыңыз.
Албетте, башында жигитиңиз шок болушу мүмкүн. Андан кийинки реакция ачуулануу. Андан кийин чечим кабыл алуу.
Эгер ал сизди аябай сүйсө, элдин пикиринен коркпогон, көз карандысыз адам болсо, анда өзү туура деген чечимди кабыл алат жана сиз менен бирге болот.
Бактылуу болуңуз.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши