Сүйлөшкөн кызым ата-энеси тапкан адамга турмушка чыкканы жатат. Эмне кылсам?
Саламатсызбы. Мен эки жыл бир кыз менен сүйлөшүп жүрдүм. Үйдөгүлөрдү жөнөтсөм, кыздын ата-энеси болбой коюшту. Кыз болсо, ата-энем айтканын кылам дейт.
Эми, ата-энеси тапкан адамга турмушка чыкканы жатат. “Эмнеге макул болдуң?”, - деп сурасам, “башка айлам жок”, -дейт.
А мен бул жакта жашоонун адилетсиздигине чыдабай, өзүмдү бир нерсе кылып койчудай болуп жатам. Ушул ойдон кантип кутулам? Күндөн-күнгө жаман болуп баратам.
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык. Сиздин сезимдериңизди кыздын ата-энеси кабыл ала алышпаганы абдан кейиштүү. Менин сизге боорум ооруп турат.
Балким, сүйлөшүп жүргөн кызыңыз сиздин көңүлүңүздү оорутуп алуудан чоочулап, өзүңүзгө ачыгын айта алган жок. Ошондон улам ата-энесине шылтап жаткан болушу мүмкүн.
Сизге бере турган кеңешим, досторуңуз, жакындарыңыз менен көбүрөөк сүйлөшүңүз, сезимдериңизди, кайгыны ичиңизше катпаңыз. Курчап турган адамдар менен бөлүшүп, чыгарып салыңыз. Бир аз жеңилдей түшөсүз.
Ал кызга жазбаңыз, телефон чалбаңыз, чечкиндүү болуңуз. Өзүңүздү колдон келишинче алаксытыңыз. Мисалы тоого чыгып келиңиз, саякаттаңыз, башка шаарга барып келиңиз, футбол ойноңуз, китеп окуңүз, балык улаганы барыңыз, кыскасы өзүңүзгө кам көрүңүз.
Тилекке каршы, жашоо ар дайым эле биз каалагандай болбойт. Ар дайым эле биз күткөн нерсе ишке аша бербейт. Мамиленин токтошу, сүйүктүү адамың менен кол үзүү, ошого кайгыруу бир канча убактыңызды алат. Кээде бир нече ай, кээде бир нече жыл.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши