// //

Жолдошума сүйлөгөндөн тартынам, ошондон улам түшүнбөстүктөр пайда болот

2020.10.12, 11:16
1511

Саламатсызбы. Менин жашым 19да, турмушка чыккам. Менин көйгөйүм, жолдошума сүйлөгөндөн тартынам, кээ бир айта турган сөздөрүмдү толук жеткире албайм. Ошондон улам ортодо түшүнбөстүктөр пайда болот. Канткенде оюмду толук жеткире алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.10.2020, 11:16

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Балким сиз өзүңүз эмнени каалап жатканыңызды жакшы билбейсиз, өзүңүздү-өзүңүз түшүнбөйсүз? Өзүңдү жакшыраак таанып билүү үчүн жөнөкөй суроолорго жооп бериңиз: Мени эмне кубандырат? Мен эмнеден корком? Мага эмне жагат, эмне жакпайт?

А балким, сиздин сөз байлыгыңыз жетишсиз? Ичиңизде уйгу-туйгу болуп жаткан сезимдерди сөз менен жеткире албайсыз. Ал үчүн көбүрөөк китеп окуп, психология боюнча видеолорду көрүп, сүйлөө речиңизди оңдоп, сөз байлыгыңызды көбөйтүңүз, дүйнө таанымыңызды кеңейтиңиз.

Бул сизге өзүңүздүн жан дүйнөңүздү түшүнүүгө, сиз кимсиз, эмнени каалайсыз, максатыңыз эмне, эмнеге умтуласыз, үй-бүлөнүн кандай болушун элестетесиз, жолдошуңуз менен кандай мамиле кургуңуз келет ушул ж.б. суроолоруңузга жооп алууга көмөк болот.

Ийгилик!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет

Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт