// //

Жолдошум акушер-гинеколог, бейтаптары телефон чалган сайын кызганам

2020.10.01, 13:30
2170

Менин жолдошум акушер-гинеколог. Биз сүйлөшүп-сүйүшүп, бардыгын түшүнүп туруп эле баш кошконбуз. Ортобузда уулубуз бар. Мен башында жолдошумду кызганчу эмесмин, жумуш экенин билем. Бирок акыркы эки жумадан бери бир пациенти ватсабына “сизди сүйөм, бойдок болсоңуз сизге тиймекмин, үйүңүзгө барып алмакмын” - деп жазып жатат.

Жолдошума айтсам, карап көр телефонумду мен ага жазган эмесмин деди. Чыныда эле ашыкча жазбаптыр, кеңеш сурагандарына эле жооп бериптир. Ошондон баштап менде тынчтык жок, телефонун күндө текшерем.  

Бир күнү аркам ооруп жатат, деп жазып, сүрөткө да тартып жибериптир. Блокко салдым, анда да түндө башка номерден чалып, жүрөгүм ооруп жатат, өлгөнү калдым, деп чалды.

Тополоң чыгардым, “сен кардиолог эмессиң, эмнеге чалат сага” деп. Эки күндөн кийин ватсапка видео менен чалыптыр, жыныстык жагым ооруп жатат, деп.

Күйөөм “кудай алдында түзмүн” деп кутулду. Эмне кылам? Ушинтип жатса кантип кызганбай коем? Ажырашкым келбейт, күйөөмдү сүйөм. Сураныч, мага кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.10.2020, 13:30

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатчылык. Менимче сиздин окуяңыз көпчүлүк үчүн сабак болот. Бул жерде кеп күйөөңүздүн кесибинде эмес. Эгер кааласа, бир жерде иштеп жүрүп деле бири-биринин көзүнө чөп салган жубайлар бар. Түз жүрө турган киши, гинеколог болсо деле түз жүрөт. Бардыгы адамдын өзүнөн көз каранды.

Бул ситуация ар бириңердин алсыз жагыңарды көрсөтүп койду.

Күйөөңүз дарыгер, бейтаптар ага телефон чалып, ден соолугуна тиешелүү суроолорду бергени нормалдуу. Бирок, ар бир адам өзүнүн жеке чек арасын белиглеп алууга тийиш. Этикага ылайык, жумушка тиешелүү телефон чалуулар иш учурунда гана болууга тийиш. Башкача айтканда 9:00-18:00го чейин. Башка учурда дарыгер бейтаптары үчүн жеткиликтүү болууга милдеттүү эмес.

Сиз тууралуу айта турган болсом, күйөөңүз сизге ачык эле эмне болуп жатканын айтыптыр, кудай алдында түзмүн дептир. Эмнеге анын айткандарына ишенбей жатасыз? Бул жерде сиздин фантазияңыз, укмуштуудай нерселерди сүрөттөп, тынчтык бербей жатат.

Сизге психологго кайрылып, өзүңүзгө болгон ишенимди көтөрүңүз, деп кеңеш бермекмин.

Эсиңизде болсун, аялы менен күйөөсү – бул бир команда. Куру шек санооңуз үй-бүлөнүн пайдубалына жарака кетирип жатат.

Бактылуу болуңуз!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт